Баткен облусунда жасалып жаткан бараандуу иштер

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Баткен облусунда болуп, облустагы калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, инфратүзүм абалы, жол курулушу, чек ара коопсуздугун бекемдөө, билим берүү социалдык жана маданий обьектилери, ошондой эле айыл чарба долбоорлорунун ишке ашырылышы менен таанышып чыкты.

Баткенди гүлдөтө турган бул – суу

Баткен облусу – жаз эрте келген, жер-жемиштин түрү бышкан, ар тараптан өнүгүү потенциалы жогору, ага жараша эмгекчил эли бар, жаратылышы өзгөчө уникалдуу аймак. Ары-бери каттаганда көрүп жүрөбүз, мелтиреген түз талаалар сугат сууларынын жетишпегендигинен какырап чөл болуп турат. Ал эми бир тамчы болсо да суу жеткен жерлери гүлдөп турганын көрөбүз. Демек, бул облустун мээнеткеч элин сугат суулары менен камсыз кылсак Баткен облусу республика боюнча алдыга озуп чыгаары турган иш. Ушундан улам Сооронбай Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндө Баткен облусунун ирригациялык түйүндөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп келе жатканы тегин жеринен эмес.

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон бул жолку иш сапарында Лейлек районундагы “Максат -2” дюкеринин курулушу менен таанышты.

«Максат 2» дюкери өлкөбүздөгү жакынкы жылдарда бүткөрүлө турган ирригациялык ири долбоорлордун бири болуп саналат. Ал бүткөрүлгөндө чек ара аймагындагы 1800 гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, 3000 гектардай жерди насостук станциялардан өзүнчө аккан суу менен сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана долбоор 2023-жылы бүткөрүлөт. Долбоорго 1,9 млрд. сом жумшалмакчы. Анын бир бөлүгү республикалык бюджеттен, калган бөлүгү эл аралык каржы институттарынын эсебинен каржыланат.

«Жаңы сугат жерлери жаңы калктуу пункттарды курууга, фермерлердин ишмердиги үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө болуп берет. Сугат суусу бир катар маселелерди, анын ичинде чек арага мүнөздүү маселелерди чечүүгө жардам берет», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы ушундай эле дагы бир долбоор– Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы Р-4 каналынын курулушун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Наркы 500 млн сомду түзгөн бул долбоор быйылкы жылдын аягында бүткөрүлөт жана 1250 гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, дагы 1500 гектар жерди суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун курулушу бир жылга алдыга озуу менен бүткөрүлүп жатат.

Таза суу — мамлекеттин артыкчылыктуу саясаты

Сооронбай Жээнбеков «Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү ме-нен таанышты. Өкмөткө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев долбоор ушул жылдын август айында бүткөрүлөөрүн маалымдады. Бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60%га камсыздалса, долбоор бүткөрүлсө 98%га камсыз болот.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашуусунда алыскы райондор жана шаарларды таза суу менен камсыздоо аймактарды өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы болуп эсептелээрин жана анын шайлоо алдында берген башкы убадаларынын бири экенин айтып, 2024-жылдын соңуна чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо маселеси этап-этабы менен чечилерин белгиледи.

Баткендин бал татыган өрүгү кайра иштетилет

Мамлекет башчы Баткен шаарындагы логистикалык борбордун, сүттү, өрүктү кайра иштетүү ишканаларынын, айнек, темирбетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен таанышты. Логистикалык борбордун жалпы баасы 46,5 млн сомду түзүп, 2021-жылы бүткөрүлмөкчү. Анда 1000 тоннага чейинки көлөмдөгү ар кандай продукцияларды сактоого болот.

Өрүктү кайра иштетүү боюнча ишкананын курулушун бүткөрүү үстүбүздөгү жылга, ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишкана, айнек заводу жана мал союучу жайдын курулуштарын бүткөрүү 2021-жылга, темирбетон заводунун курулушун бүткөрүү 2022-жылга белгиленген.

Мамлекет башчы жер-жерлерде ишкерлерди колдоо, атамекендик продукцияларды чет өлкөлүк базарларга чыгаруу үчүн тиешелүү инфраструктураларды түзүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жана алардын сапатын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

«Исфана — Кайрагач» көзөмөл өткөрүү пункту негизинен бүтүп калды

«Исфана — Кайрагач» көзөмөл өткөрүү автожолунун жалпы узундугу 36,1 чакырым. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов негизги курулуш иштери бүткөндүгүн, бүгүнкү күндө жол белгилерин орнотуу, жөө адамдардын өтмөктөрү жана аялдама пункттары боюнча иштер жасалып жаткандыгын маалымдады.

Президент өлкөнүн транспорт жолдорун реконструкциялоо бардык облустарда улантыла тургандыгын билдирип, бул иштер аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Өмүрү өрнөк И.Раззаков

Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарындагы 1990-жылы ачылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барды. Мамлекет башчы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды. Президент Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун баса белгилеп, үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Сталинграддан Берлинге чейин жеткен жоокер

Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейбиз. Ошол кан күйгөн согушка катышып, бизге бүгүнкү тынчтык күндөрдү тартуулаган аталарыбыздын катары абдан эле суюлуп калды. Президент Баткен облусуна болгон иш сапарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 98 жаштагы Кошон Байматовдон кабар алды.

Бул киши Сталинграддан Берлинге чейинки даңктуу аскердик жолду басып өтүптүр. «Кызыл Жылдыз» ордени, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн», «Берлинди алгандыгы үчүн» медалдары жана башка сыйлыктар менен сыйланыптыр.

Сооронбай Жээнбеков ага бекем ден-соолук жана узун өмүр каалап, мамлекеттик органдар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларына ар дайым өзгөчө көңүл бураарын билдирди. «Биз ата-бабаларыбыздын эрдигин жана каармандыгын эсибизде сактайбыз. Бардык курман болгондордун, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 130 миңден ашуун кыргызстандыктын элесине таазим этебиз. Өз өмүрүн биздин келечегибиз үчүн арнагандарды эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз», — деди Президент.

Т.АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”,

Сүрөттөр С.Досалиевдики