16-июнга карата аба ырайы
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 16-июнда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;
Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Ош жана Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24 градусту түзөт.
Ал эми Бишкек шаарында 16-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 28…30 градус көтөрүлөт.