Учкун» комплексин модернизациялоо зарыл

«Учкун» полиграфиялык комплексин модернизациялоо менен өлкөнүн мезгилдүү басылмалар рыногунда анын алдыңкы орунга ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Премьер-министр М.Абылгазиев «Учкун» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди.

Учурда гезит-журнал цехи айына 43 мезгилдүү басылманы чыгарат. Муну менен катар жабдууларды оңдоо жана баасы 3 млн. сом болгон станокторду сатып алуу ишке ашырылса, чыгарылган продукциялардын ассортиментин кеңейтүүнү жана көлөмүн көбөйтүүнү шарттайт.

– Бул жыл саясий жактан активдүү болору күтүлүүдө.

Албетте ар кандай мезгилдүү басылмаларга буюртмалар мурдагыдан көп болот. Бул убакыттын аралыгында иштеп алуу жана жаңы жабдууларга кеткен акчаны таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан керектүү техникаларды сатып алуу үчүн каражат табуу маселесин карап чыгуу керек, — деди М.Абылгазиев. Өкмөт башчы ошондой эле атайын мамлекеттик документтерди чыгаруу боюнча толук технологиялык циклда иштеген офсет жана мукабалоо цехинин иши менен таанышты.

– Офсет цехи модернизациялоогомуктаж. Биз аны модернизациялоо боюнча заманбап полиграфиялык жабдууларды чыгарган дүйнөлүк компаниялардын алдыңкы сунуштары менен тааныштык. Аны сатып алуу менен биз акциздик маркаларды, жогорку деңгээлде корголгон улуттук үлгүдөгү паспортту чыгара алабыз. Бүгүнкү күндө модернизация үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан керектүү финансылык каражаттарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, — деп билдирди «Учкун» ААКнын башчысы Даир Кенекеев.

«Учкун» басмаканасынын жетекчилиги Премьер-министрге окуучуларды китептер менен камсыздоо маселесин чечүү схемасын сунушташты.

Окуу китептерин басып чыгаруу жана алардын мазмуну мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек. М. Абылгазиев «Учкун» ААКны модернизациялоо боюнча долбоорду даярдоону тапшырды.