Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жогорку деңгээлде өтүүсү керек

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө карата даярдык көрүү маселеси боюнча жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 25 айылдык кеңештин, ошондой эле 5 шаардык кеңештин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок) депутаттарын шайлоо өнөктүгү болот. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, мандаттардын жалпы саны 544ү түзөт, анын 169у шаардык кеңешке, 375и айыл кеңешке. 8-мартка карата шайлоочулардын саны 342 545 адамды түздү.

– Шайлоонун ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу маанилүү. Биз буга чейин заманбап технологияларды колдонуу менен бир нече жолу шайлоо жана референдум өткөрдүк. Өлкө мындан ары да шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча топтогон алгылыктуу тажрыйбасын бекемдеши керек, — деди Өкмөт башчы. Мамлекеттик органдарга шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүүгө толук жардам берүүнү, транспорт, материалдыктехникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылууну, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоону тапшырды.

— Шайлоо учурунда жер-жерлерде коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу зарыл, шайлоону мыйзам бузбай, кынтыксыз өткөрүү маанилүү, — деп белгиледи Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга мындан ары жарандарды массалык каттоо фактысына жол бербөө тапшырмасы берилди.

С Орозбеков «Кыргыз Туусу»