Коронавирус боюнча штабдын жыйыны өттү

КРнын Өкмөтүндө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталбаганын, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирди. Корея Республикасынан келген кыргызстандыктар карантинге жаткырылган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга мониторинг  жүргүзүп, байкоо салууда. Массалык иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушу вирустук инфекциялардын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана саламаттыгын сактоого багытталган. Жыйындын катышуучуларына бир катар ата мекендик компаниялар медициналык бет каптарды чыгара баштарын, алар жакынкы арада өлкөдөгү дарыканаларга берилери айтылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү өлкөнүн мечиттеринде дезинфекциялоо боюнча иштер жүргүзүлө баштаганын, ошондой эле намаз окууга келгендерге сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу инфекция, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бишкек шаардык мэриянын өкүлү соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларына санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле санитардык кызматтардын адистери коомдук унааларды (маршруттук таксилер, автобустар, троллейбустар) дезинфекциялоо боюнча иштердин жүрүп жатканын кошумчалады.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана райондук администрацияларга бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы эскертилди. Ирандын аймагында калган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу кырдаал чечилүүдө. Бүгүнкү күндө Азербайжан кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн транзиттик жол ачты. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

 С.ОРОЗОБЕКОВ «Кыргыз Туусу»