Жаңы конуштагылар да жаңы тротуарда баскысы келет

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун шаар башчылыгы тушунда шаар ичиндеги бир катар жолдор Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен асфальтталып, анын ичинде К.Тыныстанов көчөсүнүн да асфальты жаңыртылды. Ошондо көчөнүн ремонту жаңы башталганда, “Кыргыз Туусу” аркылуу Бишкек мэриясына кайрылып, К.Тыныстанов көчөсүнүн Киев көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн ортосундагы тилке андан үч-төрт жыл мурда асфальты сыйрылып, кайра асфальттаганын жазсак, биздин үнүбүздү чиркей чакканчалыктай да көргөн эмес.

Бишкек шаарында акыркы жыйырма жылдын ичинде кайра-кайра төрт-беш жылда бир асфальтталып, тротуарлары жаңыртылган көчөлөр жана тротуарлар четтен табылат. Ошол эле Эркиндик гүлбагынын тротуары улам кайра жаңыртылган тротуарлардын бири. Былтыр Ч.Айтматов менен Чүй проспектилеринин кесилишиндеги тротуар (түштүк тарабы) жаңыртылды. Быйыл күн жылыганы Чүй проспектисинин Ж.Абдырахманов менен Эркиндик гүлбагынын ортосундагы тилкедеги тротуар жасалып жатат. Кыскасы, антип улам эле кайра жаңыртылып оңдолуп-түзөлүп жаткан көчөлөр жана тротуарлар толтура.

2020-жылы да шаардын 25 көчөсүндө жалпы аянты 80 миң 515 кв.метрди түзгөн тротуар оңдолуп-түзөлөт экен. Капиталдык ремонттун тизмеси райондук акимчиликтердин жана шаардыктардын сунушу менен түзүлүптүр. Эми кайсы көчөлөрдүн тротуарлары оңдолот экен дебейсизби? Жалаң борбордук көчөлөрдүн жакшынакай тротуарлары!

Ушуларды окуп отуруп мэрия үчүн шаардын жака-белиндеги конуштар деген түшүнүк жашабаса керек деген ой кетет экен. Шаардын борбордук жана көп кабаттуу үйлөр жайгашкан бөлүгүндөгү көчөлөрдөгү тротуарларды улам беш жыл сайын таштаманын сыйрып таштап, улам жаңылай бергенден эмне өзгөрөт? Шаар оңолуп, жаңыланып калды, мэрия иштеп жатат деген түшүнүктү береби?

Бишкек шаарынын жака-белиндеги конуштардын алгачкыларынын түшкөнүнө алды отуз жылдан ашты. Бирок, алигиче Ак-Өргө болобу, Көлмөбү, Көк-Жарбы, Арча-Бешикпи, тротуар деген түшүнүк жашабайт. Тротуарды тим эле коелу, түзүгүрөөк көчө жок. Белчеден ылай кечесиң, муну эмне шаар бийлиги көрбөйбү, билбейби? Албетте, билет!

Төрт-беш жыл сайын шаардын чок ортосундагы көчөлөрдү, тротуарларды оңдогончо, ошол каражатты шаардын жака-белиндеги конуштарга бурса, эмгиче ал конуштарда бирин-эки тротуарлар түшүп, анда жашаган эл шаар бийлигине ыраазычылыгын айтаар эле го.

Арча-Бешик конушун мисалга алалы, шаар бийлиги аталган конуш түптөлгөн отуз жыл аралыгында анын инфратүзүмү 1 млн. эмес, 1 сом да акча жумшабаптыр. Чортеков, Түштүк магистраль көчөлөрүнүн асфальты Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен курулса, конуш көркүн ачкан спорт комплексин “Газпром” ишканасы куруптур. Мейли, мектеп бар экен дейли, андай болгондо 50 миң жашоочусу бар конушта 10 орундуу болсо да, муниципалдык бала бакча жоктугун эмне менен түшүндүрсөк болот? Же бул конуштагылар үй-бүлө күтүп, балалуу болбошу керек деген каңкуубу?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”