Валюта рыногундагы кырдаал көзөмөлдө

Премьер-министр М.Абылгазиев дүйнөлүк валюта рынокторунда түзүлгөн кырдаал жана анын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө валюта рыногундагы жана банк секторундагы жагдай, ошондой эле мунайзат баасынын төмөндөшүнө жана өлкөнүн валюта рыногундагы баалардын өйдө-ылдый болуусуна байланыштуу улуттук валютанын курсунун туруктуулугун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү баалардын тышкы өйдө-ылдый болууларына карата коммерциялык банктардын жана валюта алмаштыруу жайла рынын реакциясы байкалууда. Финансылык жөнгө салуу улуттук валютанын баасынын өйдө-ылдый болушун түздөө үчүн жетиштүү резервдерге ээ.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө, ошондой эле өлкөнүн финансылык-насыялык мекемелеринин ишинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуу жана жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи.

«Кыргыз Туусу» С Орозбеков