Таластагы катуу шамалдын чыгымы 86 миң сомдон ашты

Талас шаарында катталган катуу шамалдын болжолдуу материалдык чыгымы 86 миң 100 сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 14-июнь күнү саат 17:50дөн 18:40ка чейин Талас шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 22 метрге, кээ бир жерде 28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Кырсыктын кесепетинен, шаар боюнча 1 турак үйдүн 50 шиферин, 1 турак үйдүн 84 м2 темир калай чатырын, “Талас” электр тармактар ишканасынын күйүүчү май сактоочу кампасынын 75 шиферин жана унаа токтотуучу жайынын 120 м2 темир калай чатырын учуруп кеткендиги белгилүү болгон. Ошондой эле, “Теремок” балдар бакчасына терек кулап, имараттын айнектери сынгандыгы аныкталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *