Өмүрлөр улам кыйылат, мастар качан тыйылат?!

Ысык-Көл

Облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан алынган маалыматтарга караганда, өткөн эки ай ичинде бир эле Ысык-Көл районунун аймагынан жол эрежелерин билбей да, билип туруп да бузган 1617 айдоочуга протокол жазылган.

Алардын ичинен, өз-өзүнчө бөлүп талдай келгенде: 6 айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок, үчөө авто унаасынын төрт тарабынын айнектерин караңгылата чаптап алышса, бирөө эч бир камаарап койбой, кадимки ат араба айдап жүргөнсүп, мамлекеттик номери жок жолго чыккан. Калгандары–жол белгилери менен ылдамдык эрежелеринин талаптарын сактабагандар, жөөлөргө жол бербегендер жана өзүнүн кадыр-баркы менен чоң жердеги жөлөк-таяктарына ишенип, спирттик ичимдиктерди каалашынча кулкунга куюп алып сапарын уланткандар. Андайлардын катары бу сапар отузга жеткен. Андайлардын унаалары токтотулуп, көзөмөлдөөчүлөргө кабылбаганда, мас айдоочулар дагы канча бейкүнөө адамдардын азабына, же ажалына түздөн-түз себепкер болмок… Деги, мас айдоочулардан кутула турган күн акыры келеби?! Же…

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”.

Сүрөттө: Ысык-Көл районундагы ЖКККнын кызматкери