Жакшынакай майрамдын маанисин кетиргендер же феминисттер кимдер?

Акыркы жылдарда бизде “феминист” деген түшүнүк коомчулукка кеңири тарап, кыргыз элинин көз карашына эзели туура келбеген чакырыктар менен чыгып, өзгөчө жаштарды колдонуу менен өз аракеттерин жүргүзүп жатышат. Бул феминисттер буга чейин дагы бир катар акцияларды өткөрүп келишкен.

Былтыркы жаз менен быйылкы жаз

Былтыр 8-марттагы аялдардын эл аралык майрамында феминисттер менен активисттер уюштуруп, гендердик теңчилик жана аялдарга карата болгон зордук-зомбулукка каршы деген марш 300-400 адамдын катышуусунда шаардын борбордук аянтында өткөн.

Мындай акция быйыл 8-мартта дагы кайталанды. Шаар бийлиги борбордук аянтка чыгууга уруксат бербегендиктен, алар борборубуздагы Жеңиш аянтына өткөрүштү жана басымдуу бөлүгү жаштардан турган топто феминисттер менен катар эле активисттер, ЛГТБлар катышты. Былтыркыдан айырмаланып, быйыл чуусу көбүрөөк болду. Анткени, булардын көтөрүп чыккан чакырыктарында кыргыз элинин каада-салтына туура келбеген “чай куйбайм”, “төрөбөйм”, “келин болуу бул күңчүлүк” деген сыяктуу чакырыктар болуп, бул коомчулук тарабынан терс кабыл алынды.

Иш-чара башталганда баштарына калпак, беттерине бет кап кийген белгисиз эркектер алардын чакырыктарын айрып баштаганда эле Свердлов райондук ИИБ кызматкерлери алардын кармаганын кармап, таратканын таратып, кандайдыр бир олуттуу окуя болуп кетпөө аракетин жасашты. Албетте, бул аларга жаккан жок. “Милиция кызматкерлери жана “Кырк Чоро” кыймылынын өкүлдөрү аялдарды сабады” деген маалыматты таратышып, ал бүтүндөй дүйнө жүзүнө бир күндө тарады. Ал эми “Кырк чоро” өкүлдөрү ал калпакчандар башкалар экендигин айтып чыгышты. Ошентсе дагы аларга тиешелүү айыппулдар салынды.

“8-мартта аялдарды сабашты” деген шылтоо менен фе- министтер 10-мартта дагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында акция уюштурушту жана өздөрүнүн бир катар талаптарын айтып, тынч тарап кетишти. Бул күнү чогулгандардын катарына экс-президент Р.Отунбаеванын колуна сары жоогазын көтөрүп келип кошулгандыгы дагы коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

 Акция бизде эле өткөн жок

Мындай феминисттердин акциясы бир эле бизде, Кыргызстанда эле өткөн жок. Казакстан, Украина, Грузия, Азербайжан, Россия, ж.б. өлкөлөрдүн шаарларында болуп өттү. Айрым өлкөлөрдө буларга күч колдонуу менен таратышса, айрымдарында феминисттер имараттарды талкалап, чуу чыгарышты. Бул эмненин белгиси? Ар бир мамлекетте аялдардын укуктары таптакыр тебеленип калды дегендикпи же адамдардын аң-сезиминин бузулуп жаткандыгыбы? Балким бул кайсыл бир күчтөрдүн дүйнөгө таасир көрсөтүү аракети болуп жүрбөсүн? Кандай болгон күндө дагы демократия, зордук-зомбулукка каршы дегендин аркасына жашынуу менен катарларына ЛГБТ өкүлдөрүн кошуп алып кый-кыргандардын кандай максатты көздөп жаткандыгы бара-бара ачык билине баштады.

Биздин айрым батыш тарап менен тыгыз байланышта болгон экс-жетекчи, экс-депутат, бейөкмөтчү, укук коргоочу айымдарыбыз дагы так ушул демократия менен зордук-зомбулук көйгөйүн бетке кармашып, улуттук менталитетибизге, салт-санааларыбызга кол салып, кыргыз нарк-насилине жат келгендей жол менен аял-эркекти, келин-кайын эне, кайын аталарды бири-бирине каршы шыкактап, мамлекеттин терең өзөгүн түзгөн үй-бүлөдөгү баалуулуктарды талкалоого чакырган иш-чараларды өткөрүп, ошону менен жан багып келе жатышат. “Менин денем-меники”, “мен чай куйбайм, кир жуубайм”, “качан күйөөгө тиерди өзүм билем, бала төрөбөйм” ж.б. чакырыктары менен кыргыз аялдарынын эзелтеден келе жаткан нарктуулугун кетирип, укугун бузуу менен жаштарыбызга батыштын шумдуктуудай тарбиясын сиңирип келишүүдө.

Чын-чынына келгенде кимдир бирөөлөр күйөөгө тийбей же төрөбөй койсо эле аял укугу корголуп кетпейт. Эркектерге болгон жеке таарынычтарын коомго таңуулап, ошондон маданият издеп, саясат жасап, жан баккандан көрө, өзү айтып жаткан укук менен бирге милдетти дагы эмнеге көтөрүшпөйт деген суроо жаралат. Аялдын милдети коломтонун отун өчүрбөй, улуттун учугун улоо, бала тарбиялоодо эмеспи. Булардын кылыгы болсо элге, улутка жасаган ачыктан-ачык баскынчылык, диверсия деп бааласак да болот.

Аида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”