Жерүй кени саясий куралга айланбашы керек

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда Жерүй кенинде жасалган иштерге токтолуп, жакынкы арада алтын ылгоочу  курулганын, ошондой эле өндүрүштүк калдыктар сакталуучу жай дагы талаптагыдай курулганын айтып, Жерүй кени саясый оюндардын куралына айланбаш керектигин баса белгиледи. Азыркы учурда он миңдеген тонна руда казылып алынып, өндүрүштүк иштерге даярдыктар жигердүү жүрүп жатканын да кошумчалады.

М.Мураталиев февраль айында «Байтерек» комплексинде жарандык активист Айбек Бузурманкулов баштаган топ менен жолугушуу өткөрүлгөнүн, бирок, тилекке каршы, алар ызы-чуу салып, жолугушууда сүйлөшүүнү өз деңгээлинде, тынч өткөрүүгө тоскоолдук жаратканына токтолду.

Жолугушуу соңунда Жерүй кени боюнча ар бир райондон жана Талас шаарынан үчтөн өкүлдөн турган комиссия түзүү чечими кабыл алынганын, бирок ал комиссия теңи интригалык оюндардан улам биригип, ишти бир багытта алып бара албай жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле облустун борбордук аянтына санкцияланбаган акция өткөрүлүп, мыйзамсыз жорук-жосун жасалса, андайды уюштургандар жана катышкандар мыйзам жоопкерчилигине тартылып, камалып, бөөдө көйгөйгө дуушар болоорун эскертти

Инвестор доо койсо, аны өлкө экономикасы көтөрө албайт

М.Мураталиев өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда «Глобал Голд» компаниясы «Визор» компаниясынын лицензиясын тартып алып, Өкмөт 384 гектар жер аянтын трансформациялоого чечим чыгарып бербей, натыйжада Вашингтондогу эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстан 585 миллион доллар доого жыгылганын, ал доону «Альянс Алтын» компаниясы келишимдик негизде өз мойнуна алганын айтты. Мын дан тышкары лицензиялык төлөм 100 миллион доллар, алтын ылгоочу заводу курууга сарпталган 273 миллион доллар, зарыл керектүү курулуш жайлар, техпарк, инфраструктураларга каражаттарды кошо алганда жалпысынан бир миллиард долларга жакын каражат жумшаган «Альянс Алтын» компаниясы дагы бир миллиард доо койсо, аны өлкө экономикасы көтөрө албастыгын түшүндүрдү

Бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун

Жолугушууда айрым өкүлдөр Жерүй кениндеги калдыктар сакталуучу жай технологиялык эрежелер бекем сакталбай курулду, ал жайдан булак чыккан ошондуктан өрөөнгө кооптуу жагдай түзүлдү, биз ошол үчүн тынчсызданып жатабыз деген ойлорун билдиришти.

М.Мураталиев анын баары интригалык оюндар экенин, эч кандай булак чыкпагандыгын, болгону мембрана материалы төшөлүп жатканда жаандын суулары көлчүк-көлчүк болгон көрүнүштү телефондорго тартып, интернетке коюп, атайын ызы-чуу салгысы келген адамдар болгонун айтты.

Февралда түзүлгөн комиссия менен биргеликте Жерүй кениндеги иш процесси менен таанышууга кайсыл убакыт
болсо дагы шарт түзүлүп берилээрин эске салды. Ошондой эле мамлекеттик жеке көз каранды эмес, экологиялык экспертизалык комиссиялар ишти тыкыр көзөмөлгө алып жатканын да баса белгиледи.

Жерүй – өлкө экономикасына таасирдүү фактор
Жерүй кени иштетиле электе эле келишимдик милдеттенмелердин негизинде облустук өнүктүрүү фондусуна 170 миллион сом, Талас районунун өнүктүрүү фондусуна 170 миллион сом, Бекмолдо айыл аймагына 170 миллион сом которулуп берилип, ал каражаттарга социалдык объектилер курулуп, инфраструктуралар жакшыртылганын, андан тышкары «Бакубат Талас» фондусу аркылуу жүздөгөн миллион сом социалдык тармактарды жакшыртууга сарпталып жатканына ток толду. Эгер өндүрүш толук ишке кирсе, келишимдик милдеттенмеден 2 пайыздык каражат Талас облусунун өнүктүрүү фондусуна түшүп, жылына 400 миллиондон 600 миллион сомго жакын каражат облустун социалдык экономикалык турмушун көтөрүүгө жумшалаарын айтты. Өлкөнүн бюджетине миллиарддаган сом салык төлөмдөрү түшөөрүн да кошумчалады.

Коррупцияга каршы аракеттердин натыйжасы
Ыйгарым укуктуу өкүл облуста коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында мурдагы жылдары Чоң Капкадагы посттон жылына 10 миллион сомдон ашпаган салык түшүп келсе, ал ишке келгенден тартып ал көрсөткүч 100 миллион сомдон ашканын, Жерүй боюнча коррупциялык көрүнүштөргө чечкиндүү бөгөт коюларына дагы токтолду.

Сөзүнүн соңунда ар кандай түшүнбөс аракеттерден көрө диалог, сүйлөшүүлөр артык тураарын белгилеп, бардык маселени ачык айкын, сергек акыл мене чечүүгө ар дайым эшик ачык экендигин эскертти.

Козубек Иманкулов, «Кыргыз Туусу»