«Согуштун кыйынчылыктарын биз да тарттык»

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын белгилегени турабыз. Кыргызстанда согуш ардагерлери жыл санап азайып барат. Бирок, «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» дегендей бизди ушул жыргал жашоого жеткирген баатыр аталарыбыздын балдары, урпактары арабызда экени кубандырат. Алар да бала чагында согуштун запкысын жеп, далай кыйынчылыктарды баштарынан кечиришкен. Бул жолу биз КРнын эмгек сиңирген геологу, өлкөбүздөгү ондогон ири кендердин ачылышына жана өздөштүрүлүшүнө салым кошкон, геология илимдеринин доктору, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Осмонбет НУРГАЗИЕВдин уулу Кубат ОСМОНБЕТОВду кепке тарттык

“КГБдан апаларыбыз аябай коркушчу

– Согуш башталганда мен 7 жашта элем. Колхоздошуу да жаңы эле болгон экен. Улуулардын айтымында, эл ичинде билимдүү киши аз болуптур. Эң билимдүүсү ликбездин 4-5-классын бүткөндөр. Бригадир, башкарма, сельсовет деле ошол ликбезди аяктагандар болгон. Чулчук шым кийген уполномочен гана райондон келчү. Анда Москва бир чечим чыгарса, аны Фрунзе эки чечип, область, район, сельсовет үч чечип жиберчү дешет. Эмнегедир ал убакта милиция менен КГБга чоң күч берип койгон экен.

Сельсовет башка райондон дайындалып, анын катчысы жана аймактык милиция деген бар болчу. Азыркыдай паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жок эле «короо киниге» (домовая книга) деген болгон. Армияга, ошол «короо киниге» менен каттап алып кетишчү. Ал убакта Советтер Союзу жаңыдан түптөлүп, армиядан качкандар, басмачылар да көп эле. Ар бир айылда КГБга иштеген бирден «баканооз» болгондуктан 1947-жылга чейин энелерибиз ашыкча сөз сүйлөшкөн жок. Сталин, Ленин жөнүндө бирдеме десек эле апаларыбыз “тынч, сыртта баканооз тыңшап турат” деп бирдеме айттыра койчу эмес. Көрсө, баканооздорго милиция акча төлөп, ал айылда көргөн билгенин жазып, кол коюп берчү экен. Анда жашы алтымышка жете электерди армияга алып, алтымыштан ашкандарын жумушчу батальонго деп Сибирге алып кетишчү. Ошондой баканооздордун айынан биздин туугандардан үй-жай күтө элек беш-алтоо дайынсыз жоголуп кетти. Мисалы, атам Осмонбеттин агасы Орозматты, иниси Бектурду жана бир-эки адамды бир табак буудай үчүн түрмөгө алып кетишиптир. Эмдигиче алардын дайынын билбейм. Мындай окуя согуш жылдарында ар бир үйбүлөдө болгон.

“Оттук таш менен от тутантып калганбыз”

– Согуш башталгандан бир жыл өтпөй каатчылык башталды. Кырманда моло таш чегилген кош ат менен темин бастырабыз. Шымдын ичинде дамбал жок болгондуктан кыл аркан эки санды өйкөп салчу. Кечинде апаларыбыз куйрук майдан шыбап коёт. Андан башка айылдадары деле жок. Эжелерибиз, апаларыбыз болсо жүн көйнөк, байпак, колкап түйүп фронтко жөнөтө башташты. Сүт, айрандын баары планга деп чогултулуп, сары майды фронтко жөнөтүшчү. Анда азыркыдай сепаратор жок, айранды бишкек менен кечке бышып жатып майын бөлүп алып анан сары май кылышчу “Баардыгы фронт үчүн!” делинип бизге эч нерсе артпай калды. Колхоздоштуруу убагында элден чогултулган малдан деле бизге шыбага тийген жок. Атабыз өткөргөн бир бээ өлүп калып анын ноктосу менен башын гана беришти. Медет байкем алып келген башты бузуп, бышырып жедик.

Ошол кезде кант, туз, ширеңке деген жок болду. Чоң атам Нургазы бир аз уста киши болгондуктан куруна дайыма бир бычак, бир оттук ташты илип жүрөр эле. Оттук таштардын учкуну менен куу чөптү тутандырып анан от жагышчу. Мешке жалаң көң жагылгандыктан кышкысын отту өчүрбөйлү деп апаларыбыз түнү менен отко бирдемелерди ичкелеп турушчу.

“Тылдагылар деле катуу кыйналган”

– Алтымыштан ашып калган майып эркектер, мурунку койчу, уйчулар согуш маалында бригадир, ферма болушту. Талаада арык тазалоо, чөп чабуу, буудай оруу сыяктуу иштер толтура. Кээде чегиртке деген балээси да чыга калат. Адамдын жетишсиздигинен бригадирлер таң заардан келишип келиндерди уюн саадырбай ишке айдап кетишет. Кээде бригадирлер аялдарды камчы менен жон талаштыра чапканда кыжымы чапаны  (ичине кебез салынып шырылган тукаба чапан) дал-дал болуп айрылып кетер эле. Андайда тестиер балдар көздү алайтып эле бригадирден коркуп турчубуз.

Ишке жарамдуу балдар менен аялдардын баары колхоздун талаасында болгондуктан кээ учурларда өлгөн адамга жай казганга киши табылбай калчу. 1943-жылы жокчулук, ачкачылык күчөдү. Апам туугандарга, тегирменчиге жалдырап жатып бир ууч ун же бир табактталкан таап келип, сууга көөлөп коюп ишке кетет. Бөбөгүм ыйласа ошол талкандан берип коем. Мындай эптемей жашоо бир эле бизде эмес бардык үйбүлөдө болду. Кечинде чоңураак балдар уйларды айдап келип беришет. Ошону сааганга киши жок. Апаларыбыз түнкү тогуз-ондордо келип эптеп уюн саап, кемегени кулдуратып жүрүп шам-шум этишет. Таң заардан аялдар, ишке жарамдуулар кайра талаага кетишчү. Азыр ойлосом согуш эле болбогону болбосо тылдагылар көрбөгөн азап калбаптыр

“Балдардын көбүн оору алып тынды”

– Согуш маалында кара тумоо (брюшной тиф), кызамык сыяктуу оорулар чыгып жаш балдар көп өлдү. Кара тумоо болгондо адамдын ичи өтүп, эти ысып, кара терге түшүп, шайы кетип эле жата берет экен. Бул аз келгенсип элге котур, таз оорусу жабышты. Тазды дарылаганга доктур жок. Калпа ажы дегендин бышкан кирпичтен салынып, темир тунуке менен жабылган үйү бар эле. Ал үй ошол кезде Куртка өрөөнүндөгү Тоголок Молдо, Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Жогорку Май айылдарын тейлеген жалгыз медпункт болуп калган. Медпунктка таз болгон балдардын баарын алып барышат. Таздардын арасында мен да бармын. Кээсинин башы таздан улам таптакыр ылжырап кеткен. Медсестра майга аралашкан көкташтын (малахит) майдасын башыңарга сыйпагыла деп берип коет. Аны сыйпаганыбыз менен жардам берген жок. Жазында бизден улуураак балдар бизди арык жээгине алып барып, алабата чөбүн ушалап башыбызга сүйкөп, башыбызды жуудурумуш болот.

Анан нан кескен мокок бычакты бир аз бүлөп туруп чачыбызды алышчу. Башыбыз кызыл жаян болуп эле жатып калат. Чачты кырып жатканда, жууганда ачышканын айтпа. Кийин кептөөр деген оору чыкты. Көрсө ал азыркы астма оорусу экен. Кептөөр суукта ого бетер күчөп, тамакты кысып салат тура. Бул оорудан менин бир эжем, карындашым өлүп кетти. Күчтүү тамак жок, кымыран сүт менен арпа калама жемиш болобуз. Ошентип жүрүп 1944-жылы атам Осмонбет жарадар болуп, майдандан келди. Ошол жылы атам райборборго аскердик каттоого турам деп барса даярдоо конторасында мал жыйнагыч кызматын сунушташат. Ошентип биз райондун борборуна көчүп бардык. Мен 4-класстан 10-класска чейин Сталин атындагы Дөрбөлжүн мектебинде окуп, ийгиликтүү аяктадым.

“Жеңишти апрелдин аягында уктук”
– Уполномочундар райборборго келип түнкү саат экилерге чейин түтөгөн керосин чырак менен жыйналыш кылышат. Алар “Германдыктарды жеңип келатабыз, Жапанияда жапандар, Италияда иттер бар экен ошолорду жеңип атабыз” десе оозубузду ачып эле угуп отурчубуз. Кийинчерээк клубда үнү жок тасмаларды көрсөтө башташты. Биздин солдаттар жеңип баратканын көрсөк “Ураа биздики жеңди!” деп кыйкырып калабыз.

1945-жылы апрелдин аягында жер тоборсуп калган. Биз ортосуна таш салынып, уйдун жүнүнөн жасалган топ менен ойноп жатканбыз. “Жеңиш! Жеңиш! Биз жеңиптирбиз!” деп эле эл дүрбөп калды. Почтанын үстүндө орнотулган кара табактан Советтер союзунун фашисттерди жеңгенин кабарлаптыр. Колдорубузга почточу гезиттерди берди. Чымынкуюн болуп чуркап, кубанычтан ыйлаган апаларыбыз менен кошо ураалап калдык

– Атам Осмонбет Нургазиев Сталинград фронтунда пулеметчу болгон. Ал Калач кыштагынын жанындагы салгылашта абдан көп фашисттерди жок кылып III даражадагы Даңк медалы менен сыйланган. 1943-жылы атам колунан, ийининен жарадар болуп ооруканага түшкөн. Бир жыл дарыланып 1944-жылы туулган жерине кайтып келген. Ал киши фронттогу жаратынан улам 1978-жылы каза болуп калды.

1925-жылы туулган агам Сагындык Осмоналиев дагы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, дайыны чыкпай калган. Ал армияга кетерде бир айылдан экинчи айылга жайдак атка учкашып барып, көчүгүм жооруганы эсимде. Кийин агамды издеп Украинанын Житомир облусундагы Ржатковка айылын коргоодо жарадар болуп, госпиталда курман болгонун билдим. 2010-жылы неберем Малик экөөбүз барып агам менен кошо жүздөгөн жоокерлер коюлган Боордоштор көрүстөнүнө гүл коюп, куран түшүрүп келдик. Бул жактан топурак ала баргам. Арбагы ыраазы болсун деп көрүстөндүн тегеретесине чачып койдум.

Менин жубайым Бүбүкайырдын агасы Акий Батырбеков Белорус фронтунда болгон экен. Ал Латвияны бошотууга катышып, Польша, Батыш Европадагы майданда да эрдиктерди көргөзүптүр. 1948-жылга чейин ал Германияда болуп, кийин Кавказ, Грузия, Арменияда да кызмат өтөгөн. Ошентип ал киши 1950-жылы гана Кыргызстанга келген. Мурдагы жылы 94 жашка чыгып каза болду. Бул кишини ар жылы май айында куттуктачубуз. Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгында Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Украинада майданда болгон ардагерлерге 100 миң рублдан берилсин деген буйрук чыгарыптыр. Биз укпай калып аны ала албай калдык. Кийин Украина элчилиги ыраазычылык катары сыйлыгын берди. Азыр мен 85 жаштын ашын ичип жатам. Элибизде, жерибизде ошол кездегидей согуш апааты болбосо деп тилеп келем.

«Майданда атам, байкелерим, кайын агам эрдик көрсөткөн»

С. Осмоналиев
О. Нургазиев
А. Батырбеков

Мелис Совет Уулу » Кыргыз Туусу «