Коопсуздук кеңеши сунуштаган коопсуздук чаралары

14-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана  Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү.

Анда ККнын буга чейин болуп өткөн эки жыйынындагы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы каралды. Мамлекет башчы экономикалык кыйынчылыктардын келип чыгарына карабай, ар бир мамлекет өзүнүн элинин саламаттыгын биринчи орунга коюп, чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи. Ал калкыбыздын саламаттыгы биринчи кезектеги маселе экенин дагы бир жолу айтты. Кырдаал анын жеке көзөмөлүндө болуп, саат сайын ар кыл мамлекеттик органдардан маалымат алып жатканын баса белгиледи. «Албетте, эл болгон соң ар кандай кептер айтылууда. Санарип заманында такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга да тарап кетүүдө. „Коронавирус Кыргызстанда жок“ дегенден күмөн санап, шектенген да пикирлер айтылууда. Жакынкы коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш. Мындан ары да ишти күчөтүп, эң негизгиси коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу зарыл», — деди ал. Жыйында коронавируска байланыштуу абал боюнча эки республикалык штабдын маалыматы угулду. Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Өкмөткө, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине төмөнкүдөй сунуштамалар берилген чечим кабыл алынды:

— Коронавирусту жугузуп алуу ыктымалдыгына байланыштуу тобокелчиликтерди болтурбоо максатында чек ара райондорунда жана айыл жерлеринде эпидемияга каршы жана практикалык ишчараларды күчөтүү;

— калкты толук көлөмдө камсыз кылуумаксатында өндүргөн товарларын сатуусу үчүн фермерлердин тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу боюнча соодабазар комплекстеринин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Укук коргоо органдарынын жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчилерине социалдык мааниге ээ товарларга бааларды негизсиз көтөрүү жана алып сатуу максатындагы абийирсиз ишкерлердин тигил же бул аракеттерине бөгөт коюу боюнча сунуштамалар берилди; Ошондой эле аларга үй карантининин шарттарын бузгандарды аныктоо жана белгиленген мыйзам менен жоопкерчиликке тартуу тапшырылды. Тышкы иштер министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясына реакция кылуу боюнча Кыргыз Республикасына кеңеш берүү жана иш жүзүндө жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталды. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй сунуштамалар берилди:

— коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коюу жана региондогу экономикалык активдүүлүккө багытталган чараларды координациялоо боюнча биргелешкен аянтчаларды түзүү;

— экономикалык активдүүлүктүн түшүү деңгээлин азайтууну шарттаган сунуштарды киргизүү менен түзүлгөн кырдаал боюнча атамекендик жана чет элдик ишкерлер менен ар тараптуу консультацияларды жүргүзүү;

— атамекендик продукцияларды экспорттоочуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле жүк ташуучулар менен транспорттуклогистикалык компанияларга ар тараптуу жардам көрсөтүү;

— социалдык мааниге ээ азык­түлүк товарларын керектөө мониторинг жүргүзүү боюнча ири соода түйүндөрү менен ар дайым иш жүргүзүү жана аларга суроо­талаптын чукул жогорулашына зарыл болгон аракеттерди көрүү;

— азык­ түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын тарашына каршы күрөшүү боюнча иш­чараларга республикалык бюджеттен жетишерлик каражат караштыруу; Билим берүү жана илим министрлигине респиратордук жана инфекциялык оорулардын жайылуу ыктымалдыгын алдын алуу максатында 16­марттан 8­апрелге чейин бардык баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн кезексиз каникул жарыялоо чечимин кабыл алуу сунуштамасы берилген

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *