Мугалимдерди колдоо чаралары күчөтүлөт

Өкмөт мектептеги билим берүүнү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу менен катар эле мугалимдерди колдоо боюнча чараларды күчөтөт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна иш сапар менен барган учурда билдирди.

М.Абылгазиев Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектепке барганда билим берүү мекемесинин жетекчилиги эски терезелерди алмаштырып берүүнү, ошондой эле жаңы спорт зал куруп берүүнү өтүндү. Кара Жыгач айылындагы 1967-жылы курулган Табалдинов атындагы орто мектеп капиталдык оңдоп түздөөгө муктаж жана анын спорттук, жыйындар залын куруу керек.

-Учурда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бир бөлүгү билим берүүгө багытталат. Республиканын бардык аймактарында мектептер курулууда. Биз билим берүү чөйрөсүнө мындан ары да өзгөчө маани беребиз. Бул жерде мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, билим берүү тутумун жакшыртуу жана жаңы мектептерди куруу жөнүндө сөз болууда, — деп белгиледи М. Абылгазиев.

Ал ошондой эле окутуучулук курам менен маектешип, мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга алардын көңүлүн бурду. Өкмөт башчы жергиликтүү маанидеги узундугу 250 метр Көк-Жар – Ала-Тоо жолунун эксперименталдык тилкесин оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Текшиленген тыгыз бетон төшөлгөн тилке пайдалануу мезгилине чыдабай, кеткен каражаттарды актаган эмес. Премьер-министр маселени четтетүүнү жана маселелер кайрадан келип чыкпашы үчүн кыйла сапаттуу материалдар менен 2020-жылдын июнь айында баштала турган ишти макулдашылган мөөнөттө жандандырууну тапшырды.

С. Орозбеков «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *