Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Азык-түлүк үчүн 800 млн. сом бөлүнүүдө»

-Акыркы күндөрү: “Казакстан чек арасын жаап салыптыр. Кыргызстанга ун келбей калат экен”, — деп, Бишкекте жана кээ бир райондордо калкты фейк маалыматтар менен дүрбөлөңгө салгандар болуп жатат. Бир мүшөк ундун баасы 1300 сом экенине карабай, соодагерлер аны 2000 сомго чейин көтөрүп жиберишти. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Дүйнө мамлекеттери коронавируска каршы күрөшүүдө. Өкмөт ошол кыйынчылыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатса, кээ бир ишкерлер курч кырдаалдын эсебинен баюу максатында бааны негизсиз жогорулатышты. Социалдык тармактар аркылуу “тамак-аш кымбаттайт экен” деген ушак таратышууда. Ушундан улам дем алыш күндөрү “Дордой”, “Дыйкан” базарларын кыдырдым. Ал жакта ун жык-жыйма болуп, толтура сакталган кампаларды атайын жаап салышып, “ун жок”, деп, жасалма тартыштыкты чыгарып жатышыптыр. Айрым ишкерлердин өзүмчүлдүгүнө жарандарыбыз абдан нааразы болушту. Мындай калпыс иштерди кайра кайталагандарга күч түзүмдөрү катуу чара колдонот, — деди Премьер-министр М.Абылгазиев 16-март күнү Өкмөттө өткөн маалымат жыйынында.

Ушак тараткандарга чара көрүлөт

Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн аптада коронавирустун жалпы дүйнө экономикасына жана регионго тийгизген таасири тууралуу Казакстандын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары менен сүйлөшкөн. Ошол сүйлөшүүлөрдө ооруну жуктуруу коркунучун минималдаштыруу максатында жарандардын чек аралардан өтүүсүнө чектөөлөр киргизилери, ал эми бизнеске, соода-сатык процесстерине эч кандай тоскоолдук болбой турганы макулдашылган. Чек аралардан экспорт, импорт менен кирип-чыгып жаткан ишкерлер да текшерилет. Бирок, алардын товарларынын өтүүсүнө тоскоолдук келтирилбеши керек. Өткөн аптада Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин ортосунда ушундай эле сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

2020-жылдын 13-мартынан баштап, калк кеңири колдонуучу азык-түлүктөрдүн жана товарлардын баасын 90 күнгө чейинки мөөнөттө кымбаттатпай чектеп туруу боюнча Өкмөттүн токтому чыгарылган. Ал боюнча Монополияга каршы саясатты жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык товардын 11 түрүнүн бааларына чектөө киргизүү тапшырмасы берилген. Элди көбүрөөк дүрбөлөңгө түшүрүп жибергендиктен, Өкмөт эң алгач ундун жана нандын баасына чектөө киргизүү чечимин кечээ кабыл алды. Коронавируска каршы иш-чараларды аткарууга мындан ары өлкөнүн ИИМ, финполиция, мамлекеттик коопсуздук кызматы сыяктуу күч органдары да тартыла баштайт. Алар коомчулукка жалган маалымат таратып, эл-журтту козуткандарды таап, жаза колдонууга чейин барышы керек. “Элибиз мындан кыйын күндөрдү, согуштагы ачарчылыкты баштан өткөргөн. Совет эли 900 күн Ленинград блокадасына да туруштук берип, бири-бирин колдошкон. Бүгүнкү байгерчилик заманда элибиз ачка калбайт. Азык-түлүк боюнча кыйынчылык болбойт. Мен буга Өкмөт башчы катары кепилдик берем. Азыркы күндө мамлекет азык-түлүктүн негизги түрлөрүн камсыздоо боюнча бюджеттен 400 млн. сом бөлүүдө. Мындан тышкары, “Айыл банк” менен “РСК банктын” ар бири 200 млн. сомдон чыгарып жатат. Жалпысынан ушул максатка 800 млн. сом жумшалат. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 60 миң тоннадан ашык ун жана буудай бар. Булар биз коюп берген баа менен республиканын алыскы аймактарына чейин кеңири чыгарылып сатылат. Көрүнүп тургандай, элибизди дүрбөлөңгө түшүрүүчү негиз жок”, -деди М.Абылгазиев.

Мамлекетик органдар дем алышсыз иштөөгө өттү

Казакстанда 60 миңден ашык жараныбыз мигрант болуп иштеп жүрөт. Күн сайын ал жактан көптөгөн автоунаалар товар жүктөп каттайт. Ушундан улам коронавирустун Кыргызстанга таралуу коркунучу абдан күчөдү. Авиа каттамдар, темир жол жана автоунаа жолдору аркылуу келип жаткан чет элдик жарандарды текшерүү мурдагыдан да катуу күчөтүлө баштады. Дароо айтып коёлу, кээ бир текшерүү процесстери узагыраак жүргүзүлүшү ыктымал. Аны түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук көрсөтүү керек”, — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Бүгүнкү күндөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу республикалык деңгээлдеги эки ыкчам штаб иштеп жатат. Анын бирин вице-премьер-министр А.Өмүрбекова коронавирустун алдын алуу иштери боюнча, ал эми экинчисин – экономикалык кырдаалды көзөмөлгө алуу тарабын вице-премьер-министр Э.Асрандиев жетекчиликке алууда. Бул штабдар коронавирус жагдайы боюнча коомчулукту кызыктырган бардык суроолорго күн сайын жооп берип турушмакчы. Ал эми 16-марттан баштап, облустук, райондук администрациялардын жетекчилиги, министрликтер ж.б. бардык мамлекеттик түзүмдөр дем алышсыз иштөө тартибине өттү.

Кытай коронавируска каршы жардамын сунуштоодо

16-марттан баштап мектеп окуучулары, жогорку окуу жайларынын студенттери үч аптага каникулга таратылды. Бирок, каникул учурунда ата-энелер балдарды кафелерге, оюн-зоок өтүүчү эл көп чогулган жайларга жиберүүдөн оолак болуулары кажет. “Кытай коронавирусту темирдей тартипти кармануу менен жеңип жатат. Дарт жайыла баштаганда миңдеген адамдар жабыр тарткан болсо, акыркы эки күндөн бери ал жакта 8 гана адам коронавирус жуктурду. Эми Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу алар бизге жана жалпы эле дүйнө мамлекеттерине коронавирустун алдын алуу, ага каршы күрөшүү боюнча жардам берүү ниетин билдиришүүдө. Анткени, ал боюнча кытайларда бир кыйла тажрыйба пайда болду.

Азыркы күндө “Ак жол” чек ара постун реконстуркциялоо жүргүзүлүп жатканына байланыштуу ал жерден Казакстандын жана Кыргызстандын жарандарынын гана өтүүсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу эки тарап макулдашты. Башка жарандар “Кең-Булуң”, “Токмок”, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка” чек ара посттору аркылуу өтүп турушат.

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы 30 пайызга чейин түшүп кетти. Мунай өндүрүүчү ОПЕК уюмуна мүчө мамлекеттер менен Россиянын ортосундагы талаш-  тартыштан улам мунайдын баасы ылдыйлоодо. Россия менен Казакстан ЕАЭБдин алкагындагы негизги өнөктөшүбүз болгон соң, аларга тийген таасирлер Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт. Анткени алардын жалпы экономикасы, мамлекеттик бюджети бүтүндөй мунайдын эл аралык баасына байланышкан. Россия рубли 10 пайызга, казак тенгеси 4,2 пайызга курсун жоготту. Ушуга байланышуу биз Улуттук банк менен биргеликте валюта рыногундагы кырдаалды талдап, долларга карата сомдун курсун 73 сом кылып кабыл алдык. Бирок, сомду мындан ылдый түшүрбөөгө колдон келген аракетти көрөбүз”, — деп айтты Премьер-министр М.Абылгазиев.

Коронавирус дарты дүйнөнүн 145тен ашык мамлекетин каптады. Бүгүнкү күндө Европадан келгендерден Казакстандын 8 жаранына коронавирус жукту. Өзбекстанда 6 адам бул дартка чалдыкты. Коронавирустун жайылуу процесси улам жаңы өлкөлөрдү кысып отуруп, эң жакын алака-катыштагы эки кошуна өлкөгө келип жетти. Ушуга байланыштуу кыргыз бийлиги ага каршы туруунун мүмкүн болгон бардык чараларын көрүү аракетинде.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу