Мектептерге, ЖОЖдордо – карантин

Кыргыз Республикасында 16-марттан 8-апрелге чейин жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн карантин киргизилди. Бул тууралуу Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйынында кабыл алынганын белгиледи. Республикалык штаб жарандарга адамдар көп барган жерлерге барууларды чектөө зарылдыгын баса белгилеп, кыргызстандыктарга балдар менен соода-оюн-зоок борборлоруна, оюн аянттарына барбоону эскертти. Карантин учурунда үйдө болуу сунушталат. Соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген жеке жактарга жана юридикалык жактарга жеке менчик түрүнө карабастан, убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык ишчараларды өткөрбөө, жайларда жана имараттарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталат.

Республикалык штабдын мүчөлөрү балдарын таштайтурган адамы жок, карай турган кишиси жок иштеген атаэнелерге шарт түзүү зарыл экенин белгилешти. Буга байланыштуу бала бакчалар иштейт. Канча бала келгенине карабастан бакчалар аларды кабыл алып, тийиштүү кызматтарды көрсөтүшү керек. Баланы бакчага жиберүү же жибербөө маселесин ата-эне өзү чечет. Ошол эле учурда бала бакчаларда Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары катуу сакталып, тиешелүү дезинфекциялык иштер жүргүзүлүшү шарт

С Орозбеков «Кыргыз Туусу»