Мектеп окуучуларынын арасындагы зомбулукка ким күнөөлүү: мугалимби же ата-энеби?

Аксы районунун алдыңкы мектептеринин бири саналган Авлетим айылындагы №5 Асанбек Кабаев атындагы мектептин 9-классынын топ окуучусунун өз классташын топтой ийлеп жаткандагы видеосу Интернет айдыңына жайылаар менен, коомчулуктун арасында катуу талкуу жаратты.

6-февралда болгон окуя жалпы коомчулукка 11-мартта гана белгилүү болгондон соң гана, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы: “Бул окуя КЖБРга Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын, окуучулардын кимдиги аныкталып, ата-энелеринин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөнүн» айтып актанган болду. Болгону ушул. А чындыгында, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 6-февралда эле коомчулукка коңгуроо кагып, окуяны ИИМ жетекчилигине, Билим берүү жана илим министрлигине, Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине билдирип, окуяны республикалык деңгээлге алып чыгып, ызылдаш керек эле. Анын ордуна Жалал-Абад ОИИБси жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторуна милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы жана алдын-алуу иштерин начар жүргүзгөнү үчүн сөгүш жарыялап тим болуу менен, 6-февралдагы окуяга боло келген, боло бере турган окуядай кайдыгер мамиле жасаган.

Билим берүү жана илим министрлигинин мамилеси андан да түшүнүксүз, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Эмилбек уулу: “Мектеп окуучуларынын мушташы сабактан соң, саат 4төр чамасында болгон, мектептен кийин болгон окуя үчүн ата-эне жоопкерчилик алат” деп мурдун балта кеспеген жооп узатса, Билим берүү жана илим министрлиги мектептин директору Кененбай Шабданов жана социалдык педагог кызматтан четтетилгенин айтып тим болду. Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча баш каруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин бул окуядан кабары да жок болсо керек!

Жалал-Абад ОИИБнин, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн, барып келип, ИИМ менен ББИМнин 6-февралдагы окуяга жасаган мындай кайдыгер, мурдун балта кеспеген мамилеси эмне үчүн бизди мынчалык кабатырлантып жатат? Биринчиден, бул Аксы районунун мектептериндеги мектеп окуучуларынын арасында болуп жаткан алгачкы жаңжал эмес. Өткөн жылдын ноябрында №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин окуучу кыздары чачташа кетип, анын айынан Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору жана бир топ мугалимдер кызматынан айрылышкан. Демек, өткөн жылдагы окуя ИИМ үчүн да, ББИМ үчүн да чоң сабак болуп, мектеп окуучуларынын арасында зомбулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директорун, мугалимдерди же жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторду кызматтан алып коюу менен эле чечилип, бүтүп калбай турган окуя экенин түшүнүү керек эле. Тилекке каршы, коомдук тартипти сактоочу орган да, билим жана тарбия берүүчү мамлекеттик мекеме да колун колго урган эмес. Мектеп окуучуларынын арасындагы зомбулук быйыл же былтыр эле Аксы районунда катталып жаткан жери жок. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында гы өкүм зордуктан республиканын бир да аймагы четте калган эмес. 2018-жылы Талас шаарындагы №5 мектептин 11-классынын окуучулары менен мектепти бир жыл мурда бүтүп кеткендер мушташа кетип, бүтүрүүчү класстын эки окуучусунун бири оң, бири сол бутуна бычак жеген. Ал окуядан төрт ай мурда эле Таластын Манас районунда мектеп окуучуларынын мушташынан улам бир өспүрүм каза тапкан.

Акыркы он жылды алсак, мектеп окуучуларынын арасындагы мушташ, анын ичинде бычак колдонулган мушташ жана анын айынан өспүрүмдөрдүн кыйылган өмүрү катталган окуялар жана фактылардан төбө чачың тик турат. 2017-жылы 19-январда Кочкор районунда 10-класстын беш окуучусу мушташып, бул каргашалуу окуяда эки өспүрүм бычак жеп, бири мушташкан жерде каза болсо, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. 2015-жылы Жумгалдын Көк-Ой айылындагы орто мектепте 11-класстын окуучусу 9-класстын окуучусунун өлүмүнө себепкер болгон.

Элдин эсинде болсо керек, Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы №38 мектептин окуучулары менен ага кошуна Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары мушташа кетип, үч бала бычак жеген.

2011-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы 23-орто мектептин 11-классынын беш окуучусу менен 9-класстын алты окуучусу айыл четин де мушташып, бул окуя бир окуучунун өлүмү менен аяктаган.

Минтип, мисал келтире берсе фактылар четтен табылат. Булар биз билгендери, коомчулукка жеткендери гана. А билбегендери, жең ичинен сүйлөшүлүп бүткөндөрү, ИИМдин кылмыштар катталган китебине катталса да, коомчулукка жарыя болбой кала бергендери канча? Эгер, Аксы районунун Авлетим айылындагы №5 Асанбек Кабаев атындагы мектептин окуучуларынын видеосу 11-мартта Интернетке жүктөлбөй калса, 6-февралдагы окуя деле көп окуянын бириндей, жаап-жашырылып кала бермек. Топ баладан токмок жеген баланын атасы Россияда иштеп жүргөндүктөн, анын бечара энеси баласын сабагандарга эч кандай дооматы жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазганы мына ошондон кабарлап турат. Видео “ишке таасирдүү адамдар аралашып, жаап коюшту” деген текст менен коштолгону да, тасманы Интернетке жүктөгөн адамдардын укук коргоо органдарына болгон нааразылыгын жана бул окуянын жең ичинен “кыргызча” бүтүп калганына келише албаганын билдирет. Демек, 6-февралдагыдай окуя Авлетим айылындагы №5 Асанбек Кабаев атындагы мектепте алгачкы жолу болуп жатпаса керек. Бул окуяны акырына чейин териштирүү ИИМдин эле эмес, ББИМдин кадыр-баркынын маселеси. Дегеле, мектеп окуучуларынын арасындагы зомбулук жана мектеп рэкети райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын, мектеп директорун, мугалимдерди же жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторду кызматтан алып коюу менен чектелип калганы туура эмес. Биз жалгыз баланы топтой тепкилегендердин баары соттолушу керек дегенден алыспыз. Бирок, укук коргоо органдары бул окуяга укуктук баа бериши керек, өз кезегинде ББИМдин “мектептен кийин окуучулар бири-бирин сабайбы же жокпу биздин ишибиз эмес” деген позициясы да туура эмес. Ошол эле учурда ата-энелер да жоопкерчиликтен четте калбашы керек. Ар бирибизде бала бар. Эгер бул маселеге кайдыгер карап, мектеп окуучулары мушташабы же бычакташабы, ишти “эч кимге дооматым жок” деп жазылган тосмо арыздын деңгээлинде бүтүрө турган болсок, анда келечек муундун келечегине балта чаап алабыз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *