Жөө күлүктөр мамлекеттик колдоосуз «жөө кала» беришеби?

Учурда айыл жеринде спорт, искусство, ишкерлик, дыйканчылык жагынан дарамети күчтүү айыл жаштары арбын. Бирок, мамлекеттик, финансылык колдоого муктаж. Дыйкан жаш көчөттү бапестеп өстүрүп, бой тиреген мөмөлүү бакка айландыргандай андай жаштарды учурунда колдоп алсак, кийин өз жемишин жүз эселеп кайтарат болчу. Ушундай жаштардын бири Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын жашоочусу Оболбек ОСМОНБЕКОВ. Ал 2017-жылдан бери чуркоо боюнча кыска, узун аралыктагы республикалык жана эл аралык марафондорго катышып алдыңкы орундарга татыктуу болуп келе жатат. Айылда жашап, эч кандай машыгуусуз мындай ийгиликтерге жетишүү маанилүү окуя. Жалпысынан 15тен ашык медаль, дипломдун ээси болгон жөө күлүк менен маек курдук.

Окуучу кезимде эле күлүк болчумун

Мен окуучу кезимде эле чуркоодон жакшы болчумун. Дайыма балдардан бир, бир жарым айлампа алдыда жүрчүмүн. Райондук мелдештерге да көп катышып жүрдүм. Иш кылганда да негедир тез бүтүрүп, төрлөргө, жайлоолорго жөө эле чуркап чыгып кетчүмүн. Камчыбек Чүкүев деген дене тарбия мугалимибиз мени чуркоо боюнча чемпион кылам деп жүрдү. Ал агай мени райондук, айылдар аралык волейбол, лыжа менен жарышуу, чуркоо боюнча мелдештерге да катыштырчу. Кийин союз тарап, агайым көчүп кетип чуркоо калып калды.

Алгачкы ийгилик

Кийин тааныштарга борбордо чуркоо боюнча марафон, мелдештер болуп калса айтып койгула деп жүрдүм. Бир күнү Бишкекте “Жаз деми” деген марафон болот экен деп чалышты. Төрт күн айылда чуркап, бешинчи күнү Бишкекке келип бир күн дене-бойду жибиттим. Ошентип 2017-жылы биринчи жолу 21 чакырымга чуркоо марафонуна катышып 3-орунга илиндим. Ошондон тарта эле республикалык “Жаз деми”, “Күз деми” марафондоруна катышып 1-2-орундарды алып келатам. Мындан сырткары, ар кандай майрамдарда, даталуу күндөрдө өткөрүлгөн жарыштардын баарына катышып, бир топ медалдардын ээси болдум. Ысык-Көлдө ар жылы майда өтө турган Эл аралык марафонго да катышып келатам. Бир жолу триатонго катышып, 400 метр сүзгөндөн кийин шайым кетип калды. Жакында

80 чакырымга чуркайм

Кыргызстанда өткөн эл аралык ма- рафондорго Америка, Корея, Кытай сыяктуу мамлекеттерден да күлүктөр келишет. Эл аралык марафондо үч жыл удаа 42 чакырымга чуркап, бирөөсүндө 2-орунду утуп алдым. Быйыл 21чакырымга чуркайм деп турам. 2019-жылы Москвада 50 чакырымга чуркадым. Март айында барганбыз. Биз чуркаган парктын ичи тайгалак экен. Кар жаап жатканына карабай чуркадык. 42 чакырымга чейин бирөө мени менен келип калып калды. Калган 8 чакырымды жалгыз чуркап 1-орунга чыктым. Ошол марафонго барарымда Талды-Cуу айыл өкмөтү жардам катары 10 миң сом, келгенде айылдаштарым 2 миң сом беришти. Бул үчүн аларга ырахматымды айтам. Быйыл сентябрь айында Москвада 42 чакырымдык чоң марафон болот. Буюрса, буга катышам. Андан соң россиялык жеке компаниялар 42, 60, 80, 100, 110 чакырымдык марафондорду өткөрүшөт. Мен 80 чакырымдык марафондо өзүмдү сынасамбы деп турам. Бул марафондун катталуу акысы эле 5500 рубль экен. Мындан сырткары жол кире, жатаканага 50 миңдей сом сарпталат. Ошондуктан финансылык жактан демөөрчүлүк кылгандар чыкса жакшы болмок.

Быйыл, буюрса, чемпион болом

Чуркоодо жаш курак, салмак, бой чектелбейт. 21 чакырымды норма боюнча 1 саат 10 мүнөттө чуркап өтүш керек болсо, 42 чакырымдыкы 2 саат 40 мүнөт. Кээде айылда, айрым учурда шаарда иштеп калгандыктан машыгууга убакытым болбой калып жатат. Бирок, быйыл иштеримди жыйыштырып 42 чакырым боюнча абсолюттук чемпиондукка жетишсем деген ниетим бар. Мага болгону жакшы машыгуу гана жетишпей жатат.

Каражат жагы күлүктөрдү нааразы кылып коет

Былтыр Талды-Суу айыл өкмөтүнөн Москвадагы чоң марафонго ба рып келүүгө акчалай жардам берүүсүн сурандым. Айыл өкмөтүнөн акча жок дешкенинен Ат-Башы акимчилигине деле кирген жокмун. Нарын облусунунспорт комитетине кайрылсам “ªкмөт “Көчмөндөр оюнуна” акча которуп, башкага акча которбой жатат, биз эч нерсе кыла албайбыз”, – деп жооп беришти. Ошентип сентябрь айында Москвада боло турган чоң марафонго барбай калдым. Ысык-Көлдөгү марафонго катышып жүргөндө журналисттер бизди сүйлөтүп кетишкен. Мен алыстан акча коротуп келип, жатаканага, тамак-ашына өзү акча төлөп, 1-2-орундарга илинген ышкыбоз күлүктөргө арзыбаган бир баштык берилип жатканын айткам. Уюштуруучулар чемпиондорго 4 миң доллардан берип, ышкыбоз күлүктөргө жаш баланы алдагансып баштык карматып койгону марафон катышуучуларын дайыма нааразы кылып келатат. Марафон алдында ышкыбоздорго да 6-орунга чейин сыйлык берилет дешет да, жарыш бүткөндө 3-орунга чейин эле сыйлык берилет. А марафонду жарнамалап жатканда афишасын карасаң Кыргызстандагы 40тан ашык бай ишканалар демөөрчү. Буга кошумча ар бир ышкыбоз күлүк каттоого 1000 сомдон берет. 5 миң киши чуркаса 5 млн. Сом болот экен. Ага демөөрчүлөрдүн акчасын кошкондо аябай чоң сумма чогулат. Ошону уюштуруучулар профессионал күлүктөр менен ышкыбоз күлүктөргө калыс бөлүштүрүп беришсе жакшы болмок.

 Сабак болгудай марафон өткөрөм

Кудай буюрса, жайында Талды- Cуу айылында 5-орунга чейин байге коюп облустук деңгээлде марафон өткөрсөмбү деп жатам. Чоң марафондогудай чуркоочу жайын даярдап, ар бир катышуучуга чип берип, марафондун бардык тартибин сактоо менен өткөрөбүз. Бул иш чараны мурунку марафондорду уюштургандарга сабак болгудай, ар бир катышуучу нааразы болбогондой кылып өткөрөм деген ой бар. Айылдаштарга волонтер болуп, шаардан келген конокторду ондон-ондон кылып коноктоп бергиле деп жатам. ªзүм 50 адамды тейлеп, узатам. Нарын телевидениесинен бул марафонду башынан аягынга чейин то лук чагылдырып берүүсүн да өтүнөм. Себеби, буга чейинки марафондорду республикалык телевидениелер ашып кетсе бир, эки мүнөттөн эле көрсөтүп коюшкан. Мындайда көрүүчүлөр марафондун күңгөй-тескейин, маани-маңызын, чуркоо марафонунун коомдогу ролун аңдап түшүнбөй деле калышат.

Күлүктөр мамлекеттик колдоого муктаж

Кыргызстанда марафондун баары эле ышкыбоз күлүктөрдүн катышуусунда өтөт. Ошолордон мамлекет тандап алып эл аралык марафондорго катыштырса чемпиондор чыкмак. Мисалы, Кыргызстандан Москвага үчөөбүз өз алдыбызча барып, 42 чакырымдан эки кыргызстандык 1-орунду, мен 50 чакырымдык марафондо 1-орунду утуп алдык. Кызыл аянтка Кыргызстандын желегин көтөрүп чыксак бизди колдоп, жылуу пикир айткан эч ким болгон жок. Самарканга барып 3-орунду алдым, сыйлык 1-орунга эле деп мага эч нерсе берилген жок. Кыргызстандан бизди бардыңарбы, келдиңерби деген киши болбоду. Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт агенттигине кайрылайын десем, мурда ал жакка кайрылып жүргөндөр ал мекемеден эч майнап чыкпайт дешти. Марафондорду көбүнчө “Мөлбулак”, “Бакай банк” сыяктуу жеке компаниялар, ишканалар өткөрүшөт. Мамлекет өзү жылына жок дегенде бир жолу республикалык масштабдагы жакшы марафон өткөрүп турса чуркоого кызыккандарга стимул болмок. Миң киши чуркаса катталгандардан эле бир топ каражат чогулмак. Ошондо мамлекет өз чөнтөгүнөн акча деле чыгарбай калмак. Сыйлыктарды калыс бөлүштүрүп, күлүктөрдүн тыңдарын тандап алышып, андан ары машыктырышса биздин жигиттерден, кыз-келиндерден сөзсүз жыйынтык чыгат.

 Уюштуруучулар Кыргызстанды уят кылып коюшат

Былтыр Ысык-Көлдөгү эл аралык марафондо сырттан келгендер тейленбей калып уюштуруучулар Кыргызстанды аябай уят кылып коюшту. Жөө күлүктөр чуркап бүтүп, диплом, сыйлыктарды тапшырууда башаламан болуп кетти. Алыстан келген казак, өзбек, орус, корей сыяктуу ар башка улуттун өкүлдөрү уюштуруучуларга нааразы болушуп, сөгүнгөнгө чейин барышты. Негизи катышуучулар көп боло турган, масштабдуу марафонго уюштуруучулар чоң даярдык көрүшү керек. Бизде жеке компаниялар шашылыш өткөрө салышып бүтүндөй кыргыз мамлекетин уят кылып коюп жатышат. Ушул жагын да мамлекет дыкат карап, тескесе болот эле.

Мелис Совет Уулу «Кыргыз Туусу»