Ырчы болгуң келсе Рысбай Абдыкадыровдой бол

Чыгармачыл адамдардын окурмандары, көрөрмандары жана угармандары карапайым калк болсо да, акыркы жылдарда өнөр адамдарына баа берилбей, алар сындан четте калып келет. Себеби, жакшыны жакшы деп, жаманын жаман деп айтпаса, маданият деңгээли көчө деңгээлине түшүп калаарына, талантсыздар алдыга озуп, таланттуулардын багы ачылбай жатканын көрүп да, угуп да, күбө да болуп жүрөбүз.

Оболу обончулар тууралуу айтайын. Ырдын мазмуну терең, обондун кайрыктары уккулуктуу болуп, кулактан кирип бойду албаса, анда обондун касиети болбойт. Ыр да, обон да тапшырык менен жазылбайт. Р.Абдыкадыров обон жаратаарда, көздөрүнө бүтүндөй аалам бата тургансып, жүзүнөн нур чачырап, өзү калың элдин арасында жүрүп, буту жерде турса да, ою көккө учуп кеткендей туюлчу. Ал экөөбүз 25 жыл бирге жүрдүк. Рысбайды жакындан билем десем болот. Биринчи кезекте текстти ал өзү жазчу. Анан нота дептерин алдына жайып таштап, обонго отурчу. “Ак куулар сени сагынаар” обонун жаратып жатканда, мен жанында болгом. 1972-жылдары болсо керек. Эрнис Турсуновдун “Бийиктик” китебин колунан түшүрбөй, бир жумадай башына жазданып окуп жүрдү. Бир күнү эле мен анын жанына бөлмөгө кире калсам: “Аман, эшикти ичинен жаап койчу” деп калды. Мен анын обон жараткысы келгенин түшүнүп, эшикти илгичке илип, диванга отура кеттим. Ал бир сааттай түрлүү кайрыктарды ойной берди. Анан бир маалда нота дептерине жаза баштады. Бир мезгилде эле: “Кандай обон чыкты” деп калды. Нотаны билбесем да, уккан кайрыктар жүрөктү жылыткандыктан, “эң жакшы, мага жакты” дедим. Натыйжада текст өзүнүн теңин тапкандай болду. Ошол учурда Шекафтарга Жолболду Алыбаев менен аялы Давлет барып калышты. Жолболду Алыбаев Рысбай Абдыкадыровго жаңы “Романтика” магнитофонун үч кассетасы менен ала барган экен. Ошентип, ал Ж.Алыбаев аркылуу жаңы чыгарган обонун борбор калаага, Кыргыз радиосунун алтын фондуна берип жиберди эле, бир жумадан кийин эле радиодон уктурулду. Азыркы обончуларга “көбүрөөк изденгиле” дээр элем.

Аман САРЫЕВ, эмгек ардагери, Кара-Кулжа району