Акын Сооданбек Абылгазиев: «Кубулжуган үн турат кулагыңда, Төлгө болуп торгойдун сайраганы…»

Туулган жердин турпагы

Бала кез көп эле мен тумоолодум,

Басалбай эки буттан ылоолодум.

Кайнатып көңдөй кара топуракты,

Атакем кайта-кайта булоолодуң.

Барбаган эмчи калбай айылдарда,

Кыдырып дары издеп айыгаарга.

Кубанып, сүйүнүп да келдиң кечте,

Таптым деп бут ооруга да бир арга.

Мингизип жөлөп-таяп көк эшекке,

“Куяң” деп алып бардың Эсекеге.

Булккулап оору бутту такыр эзип,

Өкүрүп үйгө түшкөн күнүм эсте.

Күйүгүп күндөн-күнгө учуп жаны,

Энекем далай ирет учуктады.

Айтышты көрүп-билген, эшиткендер,

“Жүрөктө, же сөөгүндө бузук каны”.

Ичирген дарылары уудай эле,

“Колдо” деп кобуранып Умай эне.

Жалбарып учуктаган чынылары,

Босогодо көмкөрүлүп тураар эле.

“Бутуңа миңдин бири дабаа” дедиң,

Казанга күчтөп отту жага бердиң.

“Кой” деген сөзүн укпай башкалардын,

Атаке, кара чымды жаба бердиң.

Ошентип бут ооруну атам жеңди,

Ошол бут мына ушул кайра келди.

Унутуп өткөндөгү дарт азабын,

Тебелеп турат минтип кара жерди.

Атакем бутум үчүн не кылбады,

Бутумда колдорунун табы калды.

“Айыкпас дартым үчүн, дабаа, шыбаа,

Дары” дейм туулган жердин топурагы.

 

Өзүңдүкү

Өйдөлөсүн, өссүң десең турмушуң,

Өгүз өлсө моюнга ил буурусун.

Мээнет менен тапкан байлык сеники,

Өзүңдүкү, өзүңүзгө буюрсун.

Жетпедим деп, чөгө бербей санаага,

Атың өлсө сүйрө, түрткүн араба.

Шорго жууруп тапкан байлык жугумдуу,

Меники эмес, өзүңдүкү садага.

 

Келерки жаз кандай болот?

Текке кетпей жаздагы кылганыбыз,

Текши толду кызылга кырманыбыз

Кол жооруткан күндөрдүн кубанычы,

Келип турат хор менен ырдагыбыз.

Быйылкы күздү күздөй көрбөптүрмүн,

Көрсөм да көңүлүмдү бөлбөптүрмүн.

Мээнеткеч болуп өстүң садагасы,

Мен эми узак жашап өлбөстүрмүн.

Жараксыз жок экен го эч бир нерсе,

Жараткан кара жанга кубат берсе.

Бакырып Ак үй жакты тытмалабай,

Байыса болот бекен эмгектенсе.

Жер ыйык садагасы мекендеген,

Кастарла. Кадырлабайт бөлөк-бөтөн.

Ажылдап Ак үй жакты сагалабай,

Ак мээнет кылсаң Кудай берет бекен.

Ээ, балам, тынчтык берсин элге-жерге,

Тынчтык болсо жетээрбиз эңсегенге.

Келерки жылдын жазы кандай болот?

Жүрөгүм болк дей түшөт эстегенде.

 

Акынга

Жоготкондун баарына жаның кайыл,

Табылганга кубанып ыраазысың.

Өйдө-ылдый өткөргөн өмүрүңдө,

Бөксөртпөдүң куржунуңдун ыр азыгын.

Тирүүлүктө үмүттүн оту өчпөйт,

Түшкө кирген аяндар кайра жаңы.

Кубулжуган үн турат кулагыңда,

Төлгө болуп торгойдун сайраганы.

Мөмө байлап тирилет жүрөгүңдө,

Ишеничтер качанкы кыйрап-сынган.

Өмүр баян чегилээр кара ташка,

Көрүң казып жатасың жалаң ырдан.

Жакшы менен жаманга байым-түтүм,

Болуш татаал адамга кечиримдүү.

Боз топурак биз эмес – аппак барак,

Аппак барак ороноор кепиниңби?

Балким сени унутпас, балким сенин,

Жазгандарың жарабас эскерээрге.

Багышталган курандай өзүңө арнап,

Ырлар калаар окулган кечелерде.

Алгачкы да, акыркы да сен эмессиң,

Жаш акындар толуктайт сенин сабың.

Жаздык жыттап жатпастан жаза бергин,

Сайылганча жүрөккө калем сабың.

 

Арноо

(Курманбек Мамбетовго)

Орундалбай калдыбы үмүт-тилек,

Кургак сөздөр илээшип кара башка.

Кумурскага канчалык өмүр керек,

Чегилбесин атыбыз кара ташка.

Уйку деле кыскарды. Убакыт жок,

Тынчтык бербей ой-санаа жүрөктөгү.

Сөөлжанга кнчалык тездик керек,

Карай берем саатымды билектеги

Чарчап-талып, суюлду куш канаты,

Салкындады жаштыктын ышкы-деми.

Дос деп көңүл көтөрүп жүргөн менен,

Жашообуздун окшошпойт эч бир жери.

Күлкүсүнөн жаралган асман-жерге,

Күлүк ойго чабандес жаштык кезиң.

Чачы хипи, клещ шым кийген досум,

Ошол кездей дагы эле эсимдесиң.

Өткөн өмүр моюнга каргы болду,

Басаңдабай турса дейм жанган жалын.

Аргымактай суурулдук арасынан,

Доспуз деп ара жолдо калгандардын.

 

Ырларыма

Жазганымдан жаза кетип калбасам,

Чыгат ырлар түркүн тилде сүйлөгөн.

Кантип эле ырым гүлдөй болбосун,

Күздө соолуп, жазда кайра гүлдөгөн.

Жүрөгүмдү өйкөп турса начары,

Көңүлүмдү оболотот жакшы ырым.

Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт дегендей,

Менин ырым – менин гана тагдырым.

Ырыскыдан кем эместир алакан,

Сен бар үчүн азым көптөй көрүнөт.

Карт дарактай какжырасам жарылып,

Сен бар үчүн менин жогум билинбейт.

Сенсиң менин омкорулбас байлыгым,

Сенсиң менин тилеп тапкан түйшүгүм,

Сенсиң менин өмүрүмдүн гүл багы,

Сенсин менин жылдызданган үмүтүм.

 

Сулууга

Байкадым сенден садага,

Байкады бекен өзгөлөр.

Серпилип кайра тартылып,

Селкинчек тебет сөйкөлөр.

Түпкүрдөн издеп табылган,

Дүр-дүйнө, дүкөн, аземин.

Тирилтет өлгөн адамды,

Түрлөнгөн, түстүү шакегиң.

Жасаган жандан башкача,

Жараткан өзү тиленип.

Мен эмес, менден бактылуу,

Билекке илген билерик.

Моюнга турат жарашып,

Алтындан куйган шурулар.

Төрөгөн кыргыз тукумун,

Жашасын сендей сулуулар.

 

Чатырдагы саптар

Бүгүн күндү мына ушинтип батырдым,

Көлөкөсүн пааналап тар чатырдын.

Эски тердик, ичмек жамап жаткансып,

Эски ырларды кайра аңтарып жатырмын.

Бүгүнкү күндү мына ошентип өткөрдүм,

Чийдим, сыздым бир далайын өзгөрттүм.

Эски жүгөн, нокто жамап жаткансып,

Талдап, тандап гүлүн терип сөздөрдүн.

Күзөтчүдөй түн терметип ойлонуп,

Бир ырымды бир ай жазам толгонуп.

Уул-кызымдын тилегендей өмүрүн,

Тилейм ырым калбаса деп кор болуп.

Улам жашап, калган сайын аз жылым,

Көп ойлоном ырларымдын тагдырын.

Тарбиялуу уулдай болсо көп ырым,

Ыр аягын бөксөртпөсүн кадыр түн,

Келечегин кемитпесин баткан күн.

Арстанбаптын жаңгагындай чагылсын,

Ширин болсун өрүгүндөй Баткендин.

Каалоосунда болуп соккон жүрөктүн,

Кең алаамды тар чатырга түнөттүм.

Бардык акын болсун мендей бактылуу,

Жашоо үндөп, маңдайымда күлөт күн.

Күз

Дүр-дүнүйө дүкөндөй дасторкондор,

Жакшылыктын көбөйүп насип-даамы.

Кудай баскан тамгадай болсо экен,

Сени менен кечирген күндүн баары.

Сага жеткен өмүрдүн бактысы зор,

Кудайым да жаңылбайт эсебинен.

Өкүндүргөн өксүктүн орду толор,

Бүгүнкү күн кызыктуу кечегиден.

Демиктирген аптапты алыс айда,

Түйшүгүнөн арылсын чарчагандар.

Замандашпыз, мезгилдеш, сапарлашпыз,

Жол да болбойт, биз үчүн артка кайтаар.

Жалкы башты багууга кубат жетет,

Жалпы журтка кам көрүү, сенден, менден.

Тартуулаган токчулук, берекесин

Аман-эсен көрүштүм сени менен.

Сенден мени Кудайым айырбасын,

Сенде гана өлбөстүн гүл азыгы.

Унуттурбай жонума кайра жаптың,

Өткөн күзгө калтырган плащымды.

 

Өкчөлүү

Теңир жашым узартты канча жылга,

Тер сиңирип тегерек калпагыма.

Тердеп-шордоп чокуга чыгып барсам,

Тоо бар экен тоолордун арт жагында.

Жүрөгүмдү тоолорго тузактадым,

Жылга, өрөөн, өзөндү кучактадым.

Куттуу жердин кулуну болгонумдан,

Кубангандан келет-ов бышактагым.

Өмүр өттү, байырлап өскөн жерди,

Таалайымбы, тагдырымбы өкчөм берди.

Таа кономбу, чик кономбу акыр түбү,

Тоолорум бар толтурган бөксөлөрдү.

 

Бактай өссүн өлкөбүз бийиктикке

Бактылуу жашаганга акыбыз бар,

Күтөт бизди керемет ачылыштар.

Мен көрбөсөм буюрсун урпактарга,

Көмүскөдө жашынган жакшылыктар.

Бак тигели көчөттөп тирүүлүккө,

Бактай өссүн өлкөбүз бийиктикке.

Мен жетпесем, жетсе экен урпактарым,

Чээнден чыкпай уктаган ийгиликке.

Ыйык тумар Мекеним сыйынаарга,

Коломтобуз өчпөсүн жылынаарга.

Акыл-эстүү болсо экен уулдарыбыз,

Ата салтын улаган кылымдарга.

Алга! Алга! Артка биз чегинбейли,

Тунук болсун туу туткан элдин пейли.

Бүгүнкүдөн эртеңки күндөр сонун,

Келечеги кең болсун, кейибейли!

Тарбиялуу кыздай болсун жакшы ырым.