«Бизде конкуренция деген болбойт»

Бүгүнкү маектешибиз куудул, ырчы, алып баруучу Назира Жетигенова Т.Сатылганова атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясында окуган. Биринчи жолу 2000-жылы Спорт ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккан. Назира Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалында 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Борбор Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалында 1-орунду алган.

Алло, саламатсыңбы, Назира? Барган сайын эле жашарып, сулуу болуп бараткан таланттуу куудул, ырчы, тамада кыздын туулган жылы, жери тууралуу биле кетсек болобу?

– Мен 1974-жылы Талас облусунун Арал айылында, төрөтканага жетпей, чоң атам менен чоң апамдын үйүндө алты баланын бешинчиси болуп төрөлүпмүн. Биздин үй-бүлөдө апрель айында туулгандар көп. Ошондуктан атам адашып, “20-апрель“ деп, төрт күн эрте жаздырып коюптур. Апам айтат, чыныгы туулган күнүң 24-апрель деп. 8-класска чейин Талас шаарынан окудум.

– 8-класстан кийинчи?

– Андан кийин медициналык окуу жайга өтүп, бирок уланта алган эмесмин. Анткени, көп узабай эле “казан-аяк“ университетине өтүп кетип, эки кыздын апасы болуп, ошол бойдон бара алган жокмун.

– Кыздарың өзүң менен тең эле бой жетишкен турбайбы анда?
– Кудайга шүгүр. Эки кызым тең турмушка чыккан. Төрт неберем бар. Кудай буюрса, бешинчисин күтүп жатабыз. Улуу кызым Айпери 28 жашта, экинчи кызым Азиза – 26 жашта. Күйөө балдарым – Рамин, Максат. Көз тийбесин, өмүрлүк жарлары менен бактылуу жашап жатышат.

– Алина Жетигенова экөөңөр бир туугансыңар да?

– Ооба. Алтообуздун эң улуубуз – Алина эжем. Бирок азыр төртөөбүз барбыз. Эки бир тууганым каза болуп калган.

– Айтмакчы, кыздардын ичинен эң алгачкы куудулардын бири катары билебиз. Сахнага адеп чыгаарда уялуу, жалтактоо болгон жок беле?

– Биз сахнага эмне үчүн чыгабыз? Турмушта болуп жаткан көрүнүштөрдү күзгү сымал кайра элдин өзүнө чагылдырып, анын оң-терс жактарын көрсөтүп беребиз да. Баарыбыз эле оң каарман болуп алсак болбой калбайбы.

– Түшүндүм. Мен да ушуну уккум келип жаткан. Анан да, убакыт өткөн сайын жашаруунун себеби эмнеде?

– Биринчиден, өзүңдү жаш, сулуу,арыкчырай алып жүрүү – искусствонун,
сахнанын талабы. Канчалык оор жана “олуттуу” көрүнгөн сайын сахнадан алыстай баштайсың. Анткени, сахна менен эл өзү ошону талап кылат. Ошондуктан чыгармачыл адам, болгондо да сахнанын адамы ички дүйнөнү байытуу, сулуулоо менен бирге эле, сырткы келбетке да кам көрүүгө милдеттүүбүз деп ойлойм.

– Куудулдардын арасына дагы бир кыздын – Гүлжайнанын келиши сага “конкуренция” жараткан жокпу?

– Жок. Бизде конкуренция деген болбойт. Анткени, ар бир куудулдун өзүнө гана таандык стили, тили, имиджи, ошого жараша күйөрмандары бар дегендей.

– Соңку убактарда чогуу жүрөсүңөр, идея көбүнчө кимден чыгат?

– (Куудулдана күлүп) Менден да… деп мактанып койбоймунбу. Бирок, чындыгында Гүлжайна сахнага менден кийин келгендиктен, бир аз устаттык милдетти аткардым десем болот. Келери менен эле Таласка, концертке алып кеттим. Албетте, сахнага чыгуунун да өзүнчө сырлары, кереметтери бар дегендей. Өзүмдүн тажрыйбамдан бөлүшүп, бул мындай болот, тигил тигиндей болот деп жол көрсөтүүгө туура келген. Кудайга шүгүр, таланты болгон үчүн камчы салдырган жок. Азыр сахнада экөөбүз эриш-аркак иштеп жатканыбызга кубанабыз.

А Эсенов «Кыргыз Туусу