Оңол Каныбек уулунун Казакстандагы ийгилиги 

 Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулу Казакстандын чемпионатында (2019-2020-жылдардагы сезон) коло медаль утту.

Казакстандын жыл сайын өтүүчү чемпионатынын акыркы туру Атырау шаарын- да уюштурулуп, бирок коронавирус инфекциясына байланыштуу аягына чейин болгон жок. Сезондун жыйынтыгы 13-марттагы оюн боюнча чыгарылды. Бул сезондо Алматынын «Буревестник» командасы чемпион аталса, 2-орунду «Атырау», 3-орунду Оңол Каныбек уулу жетектеген «Тараз» командасы жеңди.

А Эсенов «Кыргыз Туусу»