Бишкекте төрт көчө оңдолуп, колдонууга берилди

Бишкек шаарындагы төрт көчөдө оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып колдонууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, Иманалиев көчөсүнүн Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүндө чейинки бөлүгүндө жарык берүү орнотулуп, жол чийиндери жаңыланды. Андан сырткары, Медеров көчөсү Панфиловдон Токтоналиевге чейин, Достоевскийдин Анкарадан Ахунбаевге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери соңуна чыкты.

Ошондой эле Айбике менен Айгүл-Тоо көчөлөрүнүн ортосундагы Гагарин көчөсүндө жарык жана жол белгилери орнотулуп бүттү. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда Бишкек шаарынын 29 көчөсү оңдолуп түзөлүүдө. Жалпы 2017-2018-жылдары Кытай грантынын эсеби менен борбор калаанын 95 чакырым жолу жана 7 көпүрөсү оңдолот.