Улуттун улуулугу ушундайда билинет

Дүйнөнү кара тумандай каптаган коронавирус тумоосу Кыргызстанга да жетти. Анын айынан Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилип, тумоого чалдыккан үч адам изоляцияга алынып, дарыгерлердин катуу көзөмөлүндө дарыланууда. Министр Космосбек Чолпонбаев кичи ажылыктан кайтып келген 144 адамдын баары аныкталганын расмий билдирди. Алардын экөө Өзбекстанга чыгып кеткен жана үч адамдан башкасынан оору аныкталган эмес. Бүгүнкү күндө бул адамдардын баары жер-жерлерде обсервацияга жаткырылып, дарыгерлердин толук көзөмөлүндө турат. Министр ооруну аныктоочу реагенттер, дары-дармектер жетиштүү экендигин, аймактардын баары мобилдүү лабораториялар менен жабдыла турганын, учурда бет кап таңсыктыгын жоюу үчүн тигүүчү цехтер бет каптарды тигип көмөктөшүп жаткандыгын айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Мындан тышкары бүгүнкү күндө коронавируска каршы республикалык штаб түзүлүп, күнү-түнү иштеп жатат. Өлкөгө кирип-чыккандардын баары тыкыр көзөмөлгө алынган. Мындай кырдаалда чындыкка тике кароо керек жана маалыматтардын ачык-айкындыгы аба-суудай зарыл. АКШнын Жонс Хопкинс университетинин ушу жуманын бейшембисине карата онлайн-мониторинги боюнча, учурда дүйнөдө бул тумоого 218 743 киши чалдыгып, анын ичинен 8810 адам ушул оорудан көз жумду. Ал эми Кытай бул ооруну толук жеңди десек болот. Алып айтсак, акыркы 24 сааттын ичинде бул зор өлкөнүн ичинен бир дагы оору катталган эмес. Тескерисинче, сырттан келген 34 адамдан гана табылып отурат. Чоң сыноодон ийгиликтүү чыккан Кытай бир күндө 5 млн. бет кап тигип, экспортко чыгарууга бет алды. Ошол эле учурда Кытай катуу тартибинен кайткан жок. Мына ушул тартиби аркылуу жеңип жатат десек да болот. Бүгүнкү күндө кайрадан күпүлдөп иштеп жаткан ишканаларына жарандарды үч тосмодон катуу текшерүүдөн өткөрүп, анан киргизүүдө. Бул маалыматтарды тегин жерден келтирип жаткан жокпуз. Кайсы мезгил, кандай гана улут болбосун мындай кыйынчылыктарды муштумдай түйүлгөн биримдиги, эң башкысы дүрбөлөңгө алдырбаган сабырдуулугу, акылгөйлүгү, уюшкандыгы менен жеңип келген. Кытай ошентип жеңди. Бул касиет таш карыткан кыргыз элинде бар. Демек, жеңебиз. Болгону дүрбөлөңгө алдырбай, ар кимибиз өзүбүздүн жана элдин алдындагы жоопкерчиликти сезишибиз керек. Мамлекеттик бийлик киргизген жалпы тартипти сактоо, жеке гигиенага өзгөчө көңүл буруу жана адистердин сунуштарын так кармануу, эл көп чогулган жерлерден качуу, башкысы оорунун мүнөзүн жакшы билип, кандайдыр бир белгилери байкалса дароо дарыгерлерге кайрылуу ар кимибиздин милдетибиз экенин унутпайлы.

Президент С.Жээнбеков:

«Абал толугу менен көзөмөлдө»

Кыргызстандын бийлиги коронавирус тумоосуна каршы күрөшүүдө зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен биргеликте өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абалды талкуулады «Абал толугу менен көзөмөлдө турат. Коопсуздук кеңештин жыйындарында өз убагында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, бүгүнкү күндө алар аткарылып жатат. Медицина кызматкерлеринин чоң армиясы өлкөгө бул инфекциянын киришине жол бербөөнүн үстүндө катуу эмгектеништи. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана илдетти алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Биз мындай иш-аракеттерди көргөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары дагы чыдамдуулукту каалайбыз. Ошентсе да кемчиликтер бар, аларды жоюу боюнча иш алып барылышы керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр М.Абылгазиев:

«Биз жоопкерчилик, тартип, өздүк гигиенаны сактоо менен бул ооруну жеңе алабыз»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде: “Биз бардык жоопкерчиликти түшүнүү, тартипти жана өздүк гигиенаны сактоо менен гана коронавирус инфекциясын жеңе алабыз”, — деп билдирип, учурдагы министрлер кабинетинин алдында турган милдеттерге токтолду. «Учурда бизде эки башкы милдет турат: вируска каршы күрөшүү жана анын ке- сепеттерин азайтуу. Биз базарларда жана дүкөндөрдө өткөн жумада болгон баалардын негизсиз көтөрүлүшүнүн кайталанышына жол бербешибиз керек. Мен өлкөдө азык-түлүктүн запасы жетиштүү деп жоопкерчилик менен билдирем. Жеке кызыкчылыгын көздөгөн соодагерлер тарабынан алып сатарлык жол менен бааларды негизсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн биз бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргиздик. Кампаларда буудай жана ундун зарыл запасы бар», — деди ал. Өкмөт башчы 411,0 млн. сомго 20 миң тонна ун сатып алуу тууралуу сунушу парламенттин кароосуна киргизилгенин, мындан тышкары республикалык бюджеттен бөлүнгөн 400 млн. сом, «Айыл банк» жана «РСК банк» ААКлардан бирдей үлүштө бөлүнгөн 400 млн. сом азык-түлүк менен камсыздоо жаатында ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө багытталганын айтты. «Ошондуктан, өлкөнү зарыл болгон азык-түлүк жана биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын запасы менен камсыздоо маселеси болбошу керек. Чек ара аркылуу жүк ташуу кадимки режимде ишке ашырылууда. Мен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен эки ирет сүйлөштүм. Биздин пикирлерибиз келишет. Чек араларыбыз жабык болгон шартта да, жүк ташуу үчүн чектөөлөр болбошу керек. Ишкерлерди колдоонун маанилүү экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Ата Мекендик бизнеске учурдагы шарттарды эске алуу менен колдоо көрсөтүүнүн таасирдүү механизмдерин сунуштоо кажет. Жыл башынан бери бюджетке 2,5 млрд. сомдон ашык салык түшпөй калды. Бирок бул калкыбыздын саламаттыгына салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт. Биз бул нерседен өтүшүбүз керек. Өкмөт жарандардын алдында өзүнө алган бардык социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев. «Тартип жана жоопкерчилик менен гана коронавируска каршы күрөштө жеңишке жетишүүгө болот. Башка эл кандай чакырыктарга кабылганын жана бул сыноолорду кандай баа менен өтүп жатканын баарыңыздар көрдүңүздөр», — деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок

Кечээ коронавирус боюнча кырдаалды талкуулаган Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “Кытай көргөзгөндөй бул оору менен күрөшүүдө эки гана фактор бар, ал– тартип жана чектөө”. Биз бул ишти улантабыз”,- деп билдирди. Ал эми Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов COVID-19 вирусун жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбай тургандыгын, жугузуп алгандардын өмүрү өлүм коркунучунда деп ойлоо жаңылыштыгын, иммунитети күчтүү адамдар анын белгилерин такыр байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүндүгүн айтты. “Мисалы, учурда коронавирус табылган адамдардын 20 пайызында оорунун эч кандай симптому жок. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондор жалпы ооруп калгандардын 0,9 пайызын түзөт. Ошол эле чочко тумоосунан, ОРВИден жана башка сасык тумоолордон суткасына дүйнөдө 1700-1800 адам көз жумат. Бирок бул оорулар боюнча коомчулук мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Азыр вирустун өзү эмес, анын айланасында тараган ар кандай туура, туура эмес маалыматтар дүрбөлөң салууда”,- деди адис. Ошондуктан, башкысы дүрбөлөңгө алдырбайлы.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз туусу”