Эне тилин жериген ата-энелер, «инкубатор» балдар, же гений болуу үчүн сөзсүз эле Оксфорддон окуу керекпи?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Менин досторумдун, туугандарымдын, тааныш-бейтааныштарымдын көбү балдарын орус мектептерде окутушту. “Айылда окуп, кийин шаарга келгенде орус тилинен аябай кыйналдык. Балдарыбыз биз көргөн кыйынчылыкты тартпасын деп окутуп жатабыз. Анын үстүнө кыргыз класстарга сабак берген мугалимдер аман эле болушсун, эптеп эле бирдеме, өздөрү фамилиясын туура жаза албайт, анан кантип балдарга билим бермек эле? Орус мектептеринин мугалимдери мыкты, сабакты жакшы өтөт экен”, – деп актанып калышат, эмне себептен орус класста окутуп жатканын сурабасаң деле. Чындыгында, ата-эне баласын орус класстан окутабы, же кыргыз класстан окутабы, же “Себатка” береби, же медресени тандап алабы, бул анын конституциялык укугу. Бул – “келин жаман эмес, келген жери жаман” дегендей кеп эмес.

Көзөмөл жокто көйгөй көп

 Арийне, тил – социалдык кубулуш, адамдардын бири-бири менен байланыш каражаты болгондуктан, кайсы тилде сүйлөсөң, каалайсыңбы, каалабайсыңбы, ошол тилде ой жүгүртөсүң, демек, акыл-эсиңе түз таасир этет, аң-сезимиң ошол тилде калыптанат. Кийин-кийин балдар өсүп чоңоюп калганда, достордун балдарын орус классына бергенине өкүнүп калганын да көрдүк. “Бала ата-энени ата-эне ордуна көрбөй, каяшасы көп болуп, өз каалаганын жасап, башкача болуп калат экен. Шаарда жашагандан кийин, орусчаны мындай деле таза үйрөнүп алмак экен, кыргыз класска бербей бекер кылыптырбыз”, – деп өкүнүп, наалып калгандарын угуп жүрөбүз. Эми антип наалыганда эмне, болор иш болду, он бир жылды артка кайтара албайбыз. Ушинтип эле наалыгандар балдарын “Себат” билим берүү мекемелеринде окуткандардын арасында да бар. Бир жакшы таанышыбыз эки баласын тең ар бирине жылына 200 миң сомдон төлөп, “Себаттан” окутту. Балдарын “Себаттан” окутам деп, аялы экөө жайдын аптабында, кыштын ызгаарында базарда отурушту. “Шаардын мектептери деле жаман эмес, кыйналбай, ошолордун бирине эле берип койбойсуңарбы” десек болчу эмес. “Өзүбүз минтип көртирликтен башыбыз чыкпай калды, жок дегенде балдарыбыз киши болсун…” – деп, аялы экөөнүн чөнтөгүндө экиден диплом эч пайдасы тийбей жатканы менен эч иши жок, айткан сөзгө такыр ынашчу эмес. Анан балдары чоңоюп калганда келиптир: “Балдарды шаардын мектептеринин бирине берсем дейм, кайсы мектеп жакшы, сүйлөшүп бербейсиңби”, – деп. “Себат” эмне болду?”, – деп сурасам, “Себат” курусун, балдарым кыргыз болбой калды. Улам чоңойгон сайын мүнөздөрү, кыял-жоруктары өзгөрүп баратат, кыргыз десе эле тескери карайт”, – деп ыймандай сырын айтты. Албетте, бул эки мисал менен эле орус класстарда же “Себатта” балдарды окуткан туура эмес деген жыйынтык чыгаргыбыз келбейт. Болгону бул турмуштук факт. Орус класстарда окуп деле момойгон жигит болгондор көп, “Себат” мектептеринде окугандар билими менен дүйнөнү суктандырып, эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орунду багынтып келатат.

Бүгүн кыргыз коому глобалдашкан доордо жашап жатабыз. Балдарыбыз орус класстарында, “Себат” мектептеринде, медреселерде гана эмес, англис мектептеринде окуй баштады. Балдарын Англиядан, Америкадан, Европадан, Түркиядан, Кытайдан, Россиядан, Япониядан, Кипрдан окуткан ата-энелер бар. Болсун. Билимге не жетсин?!! Кыргызда “көздүү мончок жерде калбайт” деген кеп бар, буюрса, алардын бактысына жазган нерсе да тургандыр.

Билим берүү жөнүндө сөз болгондо, Чынгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести эске түшөт. Биринчи мугалим Дүйшөн айылга келип, эски аткананы оңдоп, балдарды ошондон окуткан эмеспи. Чындыгында, биринчи мугалим Дүйшөн өзү да сабатсыз болгон. Бирок Дүйшөндүн колунан кат таанып, тарбия алган Алтынай Сулайманова академик болгон. Мейли, “Биринчи мугалим” көркөм чыгарма дейли, бирок кыргыз алгачкы интеллигенциясын карагылачы, алардын айрымдары орус-тузем мектептеринен окуса, кийин совет бийлиги орногон алгачкы жылдарда чынында эле эски атканалардан, мектепке ылайыкталган мечиттерден окушкан эмеспи. Арийне, бирок ошолордун арасынан Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдырахманов ж.б.ларга окшогон кыргыздын чыгаан адамдары чыкканы жалганбы!? Демек, кеп мектепте же мектепте сабак берген мугалимдин билим деңгээлинин канчалык экендигинде деле эмес. Азыр ар бир айылда үч кабат, эки кабат заңгыраган мектеп бар. Бирок, ошол мектеп окуучуларынын арасынан айталы, фармаколог-академик Арстанбек Алтымышев, математик-академик Мурзабек Иманалиев, же хирург-академик Иса Ахунбаевге жана 20-30-40-жылдардагы эптеп эле мектеп аты бар эски аткана же үстү чым менен жабылган, полу ылай мектептерден эле окуган ошол алгачкы муундагы кыргыз академиктерине окшогон залкар академиктер чыгабы же чыкпайбы, күмөнүбүз бар. Биз билгенден бул үчөө да айыл мектептеринде окушкан. Бирок, Мурзабек Иманалиев интегралдыкдифференциалдык теңдемелер теориясына арналган 230дан ашуун илимий эмгектери, монографиялары менен, улуттук илимге гана эмес, дүйнөлүк илимге эбегейсиз чоң салым кошту.

Нарын: Козголгон жаштар, кордолгон коноктор

Ал эми Арстанбек Алтымышев 250дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 46 ойлоп табуунун жана 15 монографиянын автору. Даңазалуу академиктин илимий эмгектери Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүн жана физиологиялык активдүү заттарды изилдөөгө арналган. Ал ойлоп тапкан «Ликорин», «Карагай» бальзамы, «Чынгыз» арча майынын дарылык жакшы касиети дүйнөгө таанылган.

Иса Ахунбаев кыргыз улуттук медицинасын өткөн кылымдын 50-60-70-жылдары эле дүйнөлүк сереге көтөргөн, улуттук медик кадрлардын бүтүндөй бир муунун тарбиялап, улуттун ден соолугуна кам көргөн адам болгонун мүмкүн кийинки муундагылар билбесе да улуу муундагылар билет.

Дагы бир тополог-академик Алтай Бөрүбаев айылдык мектепте эле окуган. Ырас, ал “менин мугалимдерим чыныгы мугалимдер эле, азыр андай мугалимдер барбы же жокпу” деп, мугалимдерине ыраазычылык билдирет. Академиктин айтымында, анын математик болуп калышында математика сабагынан берген агайы Жумабеков Көчөкбай себеп болуптур. “4-5-класстан баштап, менин математикага болгон кызыгуумду байкаган агайым, мен мектептен келгенден кийин да үйүнө алпарып окутуп жүрдү. Мектеп программасында жок эсептерди чыгартып, мен такалып калсам, мындай ыкма менен чыгар деп үйрөтөт эле. Кийин жогорку класска барганда, эсептерди чыгарганда, агай такалып, мен чыгарып жүрдүм”, – деп айтканы бар.

Кийинки муундагылардан хирург, академик Сабырбек Жумабековду алалы. Бул деле айылдык мектептен окуган. Демек, гений болуу үчүн сөзсүз эле балдарды Оксфорддон окутуунун кереги жок. Акыркы 25 жылда канчалаган балдар-кыздар Гарварддан, Массачусетс, Иллинойс, Гарвард университеттеринен окуп келишти жана окуп жатат. Бирок, ошолордун арасынан бирөө-жарымы суурулуп чыктыбы? Жок, чыккан жок. “Инкубатор” балдар ошол бойдон эле калышат.

Мына быйыл эле Венгрияга жалаң ак сөөк, көк сөөктөрдүн балдар-кыздары кетиптир деп ызы-чуу болуп, анын чыры азыр да токтобой жатат. Жылдар өтөт, ошол Венгриядан бүтүп келгендерди да көрөбүз? Ошолордун арасынан бирөө-жарымы камчыга сап болсо жакшы, эгер болбой калсачы?

Бечара ата-энелер бары-жогуна кайыл болуп, өздөрү кесерип ачка отурса да балдарын жогорку окуу жайларынан окутуп жатат. А окуу жайлар кандай билим берип жатат, балдар-кыздарыбыз кандай окуп жатат, көрүп жатабыз да, ыраспы. Экзамендер жалаң акчага бүтөт, ушул да окуубу? Минтип окутпай эле койсо болбойбу. Мына дагы бир окуу жылы бүттү. Жогорку окуу жайлары эшиктерин кенен ачып, абитуриенттерди күтүп жатат. Окууга эмне жетсин, бирок эгер баланын дээринде болбосо, аны Айга алпарып окуткан күндө деле, андан гений чыкпайт…

2 thoughts on “Эне тилин жериген ата-энелер, «инкубатор» балдар, же гений болуу үчүн сөзсүз эле Оксфорддон окуу керекпи?

  • Июнь 21, 2017 at 5:36 дп
    Permalink

    Мугалимдерди аттестациядан откоруп. Билимдин сапатын жакшыртуу керек. Кыргыз мектептеринин кобу аман эле болсун…

Комментарии закрыты.