Казакстан коңшу өлкөлөргө гуманитардык жардам берүүдө

Гуманитардык жардам – дүйнөлүк коомчулукта өз ара колдоо көрсөтүүнүн демейдеги эл аралык практикага айланган саамалыктардын бири. Бүгүнкү күндө ааламдашкан CОVID-19 пандемиясынын шарттарында көптөгөн өлкөлөр бул илдет менен күрөшүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында муктаж болгондорго ар түрдүү жардамдарын берүүдө. Казакстан Республикасы бул ишке активдүү катышууда
Пандемияга каршы туруу өнөктүгүндө өз коңшуларына экономикалык колдо көрсөтүү максатында Казакстандын Президенти
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрүнө жалпы баасы 3 млн. АКШ доллары болгон ар бирине 5 миң тоннадан казакстандык унду жеткирүү боюнча чечимди кабыл алды.
Чечим кыргыз жана тажик тараптардын тургундарды азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатындагы расмий кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон бардык өлкөлөр үчүн татаал учурда тажик элине колдоо көрсөткөнү жана гуманитардык жардам бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал, мындан тышкары, Тажикстандын жарандарын Ата Мекенине эвакуациялоого жардам берилгендигине жана Казакстан территориясы аркылуу жүктөрдүн өткөрүлгөнүнө алкышын айтты.
Ошондой эле, Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап казак тарапка гуманитардык жардам берүү чечимин кабыл алганы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Жакын арада жогоруда аталган жүктөр Кыргызстан менен Тажикстандын белгиленген жайларына жеткирилет.
Казакстан дүйнөлүк коомчулуктун жоопкерчиликтүү катышуучусу катары ааламдашкан коронавирустук пандемиянын шарттарында четте калбайт жана өнөктөш өлкөлөргө зарыл гуманитардык жардамды берүүнү улантат. Айталы, ушул жылдын февраль айында, CОVID-19 эпидемиясынын өрчүп турган учурунда, Казакстан биринчилерден болуп, Кытайга бир нече жолу медициналык коргонуу каражаттары түрүндө өнөктөштүк жардамын көрсөттү.
Гуманитардык жардам көрсөтүү Казакстандын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Өткөн жылдары Казакстан Антигуа жана Барбуда, Афганистан, Бангладеш, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Мьянму, Пакистан, Сербия, Сирия, Түркия, Жапония ж. б. өлкөлөргө ар кандай жардамдарды жөнөткөн.