Жайлоодон соолгон булактай…Жалп этип өчкөн чырактай…

Кыргыз маданияты, өнөр сыйлаган коомчулугу оор жоготууга учурады. Кыргыз эли улуу Ч.Айтматовду муңканган үнү менен салтыбызга ылайык кошуп узаткан булбулунан, элибиздин сүймөнчүгү, кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, обончу, комузчу, жазма акын, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевден ажырап отурат. Айтыш өнөрүнүн залкар өкүлүнүн, төрт аягы тең жорго төкмө акыныбыздын, бергенинен бере элеги көп тубаса талантыбыздын – толкуп -ташып турган курагында, кырктын кырынан жаңы ашканда кыргызын калтырып кетип жаткандыгы кабыргабызды кайыштырды.

Элмирбек Иманалиев – кыргыздын салттуу төкмөлүк, айтыш өнөрүн эл аралык деңгээлге чейин көтөрүп кетти. Анын сахнадагы ар бир айтышы кыргыз-казак элдерин тамшандырып, суктандырып турчу. Ал 16 жашында айтышка түшүп, ошол күндөн тизгинди колдон берген жок.

Элмирбек Иманалиевди элибиз “Бүгүнкүнүн Токтогулу” дешчү. Бардык жагынан алып караганда бул сөздүн калети жок эле. Анын тагдыр-жазмышы эгемендик жылдардагы, бүгүнкү турмушубуздагы, коомубуздагы, бийликтеги оош-кыйыштарга туш келгендиктен, ийгиликтерибизге кубанса, кемчиликтерибизди көзгө сая көрсөтүп, чындыкты чыркырата бетке айтып, кандан-бектен тайманбай ырдап жүрүп өттү. Бул акындык өнөрдөгү улуу нарк эле. Ал өз элинин өнөрү, тарых-маданияты менен ушунчалык сыймыктанган, баарыбызды ушуга үндөгөн көкүрөгү тунук, көсөм акын болчу.

Элмирбек Иманалиев айтыш маданиятын Токтогулдан кийин дагы тереңдеткен, артына “Айтыш бул эки акындын баарлашуусу” деген кылымга кетчү сөз калтырган, көрөңгөсү көөнөргүс айтыштын чебери, көптөгөн жаш төкмөлөрдү даярдаган нускоочу акын эле. Ушундан улам боордош казак калкы, төкмө акындары, туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев өзү баш болуп, анын талантын терең урматташаар эле. Элмирбектин 24 жашында казак калкына барып, Аманжол Элтай, Мелис Косынбаев, Даулеткерей Кап уулу, Айнур Турсунбаева өңдүү казактын мыкты акындары менен болгон айтыштары эки элдин маданий казынасына айланды. Айрыкча, Айнур Турсунбаева менен болгон айтышы кыз-жигит айтышынын классикалык үлгүсү болуп калды.

Элмирбек Иманалиев аз, бирок саз жашаган өмүрүндө кыргыздын обончулук өнөрүнө өзгөчө чыйыр салып, өргө сүрөп кетти. Элмирбектин өнөргө эрте аралашып, алгачкы обонун 12 жашында чыгаргандыгы, анын кылымдарда бир келчү сейрек талант экендигин көрсөтүп турат.

Элмирбек Иманалиев тоодой таланттын ээси болуу менен бирге, турмушта өтө жөнөкөй, кичи пейил, кимди болбосун өзүнө тартып турган маңдайы жарык, улуу-кичүү урматтап кыя өтпөгөн, анык элдин уулу болчу.

Коргол акындын, кыргыздын дагы бир чыгаан төкмөсү Жамангул жашында көз тийип каза болгондо айткан: “Жайлоодон соолгон булактай,..Жалп этип өчкөн чырактай” деген армандуу саптары бар. Нар көтөргүс өнөрү менен кыргызга эрте келип, эрте өчкөн Элмирбек Иманалиев дагы элибизди муңга салды…Айла жок…Ажал улук!

“Кыргыз Туусу” гезитинин жамааты булбулунун үнү өчүп муңканып турган кыргыз элине, Элмирбек Иманалиевдин артында калган аймончоктой уул-кыздарына, өмүрлүк жарына, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Элибиз эсен турганда сенин үнүң эч качан өчпөйт Элмирбек! Артың кайырлуу, топурагың торко болсун.