Боосу бекем боордоштук Казакстандан 800 тонна ун келди

Өткөн аптада Казакстандан темир жол аркылуу Бишкекке гуманитардык жардам катары 12 вагонго жүктөлгөн 800 тонна ун келди. Бул өлкөбүзгө боордош элден келчү ундун биринчи партиясы. Дагы да 4200 тонна ун этап-этабы менен жеткирилет.

Бул акция Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин түздөн-түз тапшырмасын аткаруу алкагында ишке ашууда. 10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференциясында Казакстандын мамлекет башчысы К.Токаев: «COVID-19 пандемиясы абалында элибиз үчүн боордош мамлекеттердин жарандарына кол кабыш берүүнүн маанилүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстанга колдоо (ар бирине 5 миң тоннадан ун бериледи) көрсөтүлөт», — деп айткан болчу.

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан жүктөрдү тапшыруу аземинде Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри. Эркинбек Чодуев кыргыз тарап Казакстан Өкмөтүнүн жардамын жогору баалай тургандыгын айтып, колдоо көргөзгөнү үчүн боордош казак элине терең ыраазычылыгын билдирди.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
«Кыргыз Туусу»