«Коопсуз шаар» долбоорун «Кыргызтелекомдун» базасында ишке ашыруу демилгеси көтөрүлүүдө

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча мурда өткөрүлгөн тендер мыйзамсыз болгон, азыр соттук териштирүү жүрүүдө, ошондон улам, кыргыз тарап сот ишине аралаша албайт деп билдирди вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетиндеги «Коопсуз шаар» долбоорунун бет ачарында вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков:

«Менимче, «Коопсуз шаар» долбоору «Кыргызтелеком» ишканасынын базасында ишке ашырылса, мамлекет үчүн кыйла арзанга түшөт. Сот иштери аягына чыккан соӊ, Өкмөт тарабынан долбоорду ишке ашыруу жаатында жигердүү аракеттер көрүлө баштайт. Ошого карабастан, азыркы учурда Бишкек жана Ош шаарларында видеобайкоо жүргүзүүнүн программалык жабдууларын орнотуу керектелүүсүн баалоо иштери башталды», — деп билдирген.

Маалыматка караганда, зарынча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун каржы булактары аныктала элек. “Кыргызтелеком” ишканасынын башчысы Нурлан Мадеминовдун айтымында, Орусия, Кытай, Канада компаниялары бул багытта өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүнү сунуштаганын билдирди.