Ош – экинчи Мекке

Бир топ жыл мурда белгилүү окумуштуу Чокон Валихановдун (1835-1865) Чыгыш Түркстан тууралуу жазылган тарыхый очерктеринен Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) Ош шаары жөнүндө жакшы кабардар болгонун окуган элек. Сапар наамалык илимий очеркте мындайча жазылган: «Оштун жанында «Тахты-Сулейман» деп аталган таш, чыгыш уламыштары боюнча ушул пайгамбардын (Сулеймандын, -Н.Б.) вазири болгон Асафтын күмбөзү жана Жунус пайгамбардын күмбөзү бар. Оштун тегерегиндеги касиеттүү жерлер тууралуу китепти биз өзүбүз да окудук.
Андан билингендей, Магомет (Мухаммед пайгамбар, -Н.Б.) бул шаардын бар экендигин билген жана ар бир мусулманга өмүрүндө эң болбогондо бир жолу Оштогу ыйык жерлерге зыярат кылууну насаат кылган».
Албетте, бул саптарды окуган адамда «Мухаммед пайгамбар эмне үчүн Ош шаарын ыйык туткан?» – деген суроо жаралбай койбойт. Чокон Валиханов арабча сабаттуу болгону маалым, ал китептин аталышын очеркинде көрсөткөн эмес. Жакында Л.Зиминдин «Ош шаары жөнүндө мусулман уламышы» деген макаласын окуп, жогорудагы суроого жооп тапкандай болдук.

Лев Александрович Зимин (1886-1920) – араб, иран жана түрк
тилдери боюнча адис, тарыхчы. Санкт-Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин1904-жыл бүтүргөн. Орто Азиядагы алдыңкы окуу жайларынын бири Ташкент реалдык училищесинде өзбек тилинен сабак берген. Граждандык согуш жылдарында Мерв шаарындагы реалдык училищенин директору болгон.
Л.Зимин 1911-жылдын жай мезгилинде Ош шаарында бир ай илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Ошко келер алдында Ташкент шаарында болуп, Ош шаары жөнүндө жазылган даректерди жыйнайт. Ушул шаарда жашаган окумуштуу
Н.П.Остроумов ага «Туркестанская Туземная газета» (Гезит 1885-1909 – жылдары Ташкентте орус жана өзбек тилдеринде чыгып турган) басылмасынын1885-жылдагы сандарында жарык көргөн
Ош шаары жөнүндө макаланы сунуштайт. Өзбек тилинде жарыяланган «Ош шаарынын рисаласы» деген ушул макаланы Л.Зиминдин өзү которуп, Ош шаарына барып келгенден кийин, 1913-жылы “Мусульманское сказание о городе Ош” деген аталышта Ташкентте чыгып турган “Түркстандык археология-
ны сүйүүчүлөр ийриминин мүчөлөрүнүн жыйналыштары менен кабарларынын протоколу” деген жыйнакта жарыялайт. Белгилей кетчү нерсе, Л.Зимин гезиттеги өзбек тилиндеги макаланын орусча котормосун толук берип, шилтеме жасоо аркылуу макаланын көлөмүндөй илимий түшүндүрмөлөрдү
жазган. Түшүндүрмөлөр анын Ошту өз көзү менен көргөндүгү, шаардын тургундарынын аңгемелери берилгени жана Ош
шаарынын тарыхына талдоо жасалгандыгы менен маанилүү. Макаладан айрым үзүндүлөрдү жарыялаганды эп көрдүк.
Оболтодон Ош – Хайр-уль-Бульдан (араб тилинде, котормосу – шаарлардын эң жакшысы, – Л.З.) же Ош деп аталды, кийинкисинин таржымалы төмөнкүдөй:
Алла-таала Азирети Жабраилга (периштеге, – Н.Б.) Азирети Адамды дыйканчылыкка үйрөтүүгө буйрук берди. Азирети Жабраил ошол мөөнөттө бейиштен эки буканы чыгарып, Азирети Адамды дыйканчылыкка үйрөтө баштады жана ага айтты:
«О, Адам, Алла-таала сага (чийки) нанды жебесин деп буюрду». Азирети Адам макул болду. Азирети Жабраил жер иштете турган шаймандарды даярдап, аны Адамга берди. Адам моюнтурукка эки буканы чегип, Индустандан Басра жергесине чейин, ал жактан Персияга чейин барды, бирок букаларды артка карай бура албады. Ошондо Жабраил «Хош» деп айтып, аларды артка бурду. «Ош» деген аталыш ошентип пайда болду.
– О, Аббас! – деди Мухаммед, – Алла-таала бул жерге батасын берди, аны бардык жерлердеги шаарлардан жакшы кылды (Аббас – Мухаммед пайгамбардын агасы). О, Аббас! Ал жерде тоо бар, менин агам Азирети Сулейман (с.а.в.) ал тоодо мечит салды жана өзү ал мечитте Алла-таалага бир нече жолу мактоолорду айтты жана таазим кылды, ошондой эле Оштун элине күн сайын тамак-аш берип турду. Ал жакта дагы бир кадыр-барктуу адам, Азирети Сулеймандын таякеси Асаф ибн-Бурхия деген киши бар, ал касиеттүү жана Кудайга жакын киши болду, Балькисьтин себи келгенде белгилүү болгон эле (Балькись – Азирети Сулеймандын жубайы, – Л.З.), ошондой эле ал Азирети Сулеймандын бардык мамлекеттердеги вазири болду жана экөөсү акылдашкан соң, ал бардык иштерди жүргүздү. …Азирети Асаф ибн-Бурхия ошол мечитте дүйнө салды. Ал тоонун күн жагындагы этегине коюлду. Алла-таала төмөнкүдөй убада берди: «Эгерде кимде-ким Асафка зыярат кылса, андан кийин бир нерсе сураса, анда, мен, он сегиз миң ааламдын Кудайы, ал кулумдун өтүнүчүн аткарам».
Зейд аль-Ансари (ага Кудай ыраазы болсун) айткан, ал ааламдын мырзасы, адамдардын асылы Азирети Мухаммед Мустафадан (с.а.в.) төмөнкүнү угуптур: Ош – ошондой берекелүү жер, башка эч кандай жер аны менен теңеше албайт. Кыяматта тирилгенде Оштун тургундары баштарына таажы кийишип, Баракухтун үстүндө отурушат (Баракух – Бара-Кух, Сулайман-Тоону орто кылымда ушундай атаган. Бул аталыш “Бабур-намеде” да бар).
Ал эми аңгемечилер мындай кепти калтырган: Баракух тоосундагы мечитке 366 пайгамбардын жана Кудайдын элчилеринин таманы тийген. Эгерде кимде-ким ал мечитте эки ирет намаз окуса, ал башка жерлерде окулган төрт жүз намазга тең болот. Бул зыярат оруну жогоруда аталган (366, – Н.Б.) пайгамбарлардын зыярат орундары менен бирдей даражада. Эгерде кимде-ким бул жерге зыярат кылса, ал мага – Мухаммедге зыярат кылгандай болот, мен алар үчүн кыямат күнүндө кечирим сурайм.
Ошентип, билип койгула, Алла-таала Ош жергесин нурдан жасады, Оштун абасы бейиштин абасына барабар, Оштун суусу бейиштин суусуна (каусар суу, –Л.З.) барабар. Натыйжада, Алла-таала мындай чечим чыгарды: эгерде кимде-ким Ошко келип бир тамчы суу ичсе, же бир саат бул жерде отурса, бул адам тозоктун отуна чалдыкпайт. Эгер кимде-ким үч күн же кырк күн Ошто болсо, ал кай жерде кайтыш болсо да, кыяматта Оштун тургундары менен бирге болот. Бул жердин артыкчылыгы төмөнкүдөй: эгерде кимде-ким жыл сайын келчү Курбан майрамында, бул майрамды Ошто өткөрсө жана зыярат кылса, бул адамга сыйлык ошондой – ал Меккеге ажылыкка барып келгендей болот. Эгерде кимде-ким Асаф ибн-Бурхияга зыярат кылса жана агып жаткан суу менен эрежеге ылайык жуунса, энесинен жаңы төрөлгөн наристедей күнөөлөрүнөн арылат, аны Алла-таала кийин бейишке киргизет жана анын жети муунга чейинки урпактарына мээримдүү болот.
… Аңгемечилер мындай кепти калтырган: Азирети Ибрагим (с.а.в.) Меккени курду. Ал Меккеде жүргөндө Ош жөнүндө жана анын берекелүү жер экендигин угуп, Ошко аттанды. Мында келген соң Ошто мечит куруу үчүн суунун жоктугун көрдү. Ал жоош төөлөрдү саап, сүт менен балчык ийлеп, Меккедегиге окшогон мечит тургузду. Аны «Ызааттуу Мекке» деп атап, айтты: «Бул фарсы эли үчүн зыярат кылуу оруну болсун» (арабдардын фарсы эли түшүнүгүнө Орто Азиядагы элдер да кирген, — Н.Б.). Кимде-ким Курбан майрамы учурунда бул мечитте эки ирет намаз окуса ажыга барган менен бирдей болот. Дагы мындай кеп калган. Ким болбосун фарсы Меккесине зыярат кылбай туруп, арабдык Меккеге барбоосу керек.
– Билиңиз жана кабардар болуңуз, ошол убакыттарда Ошто суу болбогондуктан дыйканчылык менен алпурушкан эл өтө кедей болду. Суу менен ундун жоктугунан эл дайыма жыйналып абалды талкуулашчу. Бир күнү чоңдору да жаштары да акылдашып: “Азирети Сулейман – Алла-тааланын пайгамбары, эгерде ал суу сураса, ага берилет”, – дешти. Оштун бардык эли тоонун этегине келип, Азирети Сулейманга кайрылды:“О, Сулейман, Сиз пайгамбар катары Кудайга жакынсыз. Андан суу сураңыз, бизге бериңиз”. Оштун эли муңканып турушту, ал эми Азирети Сулейман (с.а.в.) эмне деп жооп берерин билбей кыйналды. Ушул убакытта Азирети Жабраил келип айтты: “О, Сулейман, Алла-таала салам жолдоду, андан кийин айтты, сага элди үмүтсүз калтырбасын деди, элге билдир, Ол – он сегиз миң ааламдын Кудайы аларга суу берүүгө убада кылды”. Мындан кийин уламышта Ошто суунун кантип пайда болгону жөнүндө айтылат.
Лев Зимин өзүнүн түшүндүрмөлөрүндө Х кылымдагы Аль-Истахри, Ибн Хаукаль жана Аль-Мукаддаси (Макдиси) сыяктуу араб географтарынын маалыматтарына таянып, Ош шаары Х кылымда Хайр-уль-Бульдан деп аталбаганын белгилейт. Аль-Мукаддаси Х кылымдагы Ош тууралуу минтип жазыптыр: “Ошто жакшы сапаттагы суу каналдары арбын, кең жана берекелүү, ортосунда – базар, ал тоого жакын жайгашкан, жакшы нерселер мол, суусу көп, шаардын жанында айыл бар”.
Автордун дагы бир түшүндүрмөсүндө тарыхчы В.Наливкиндин
1888-жылы Казан шаарында жарык көргөн китебинде “Ош” деген аталыштын чыгышына байланыштуу уламыштагы башкы каарман Азирети Адамдын ордунда Азирети Сулейман болгонун жазат.
Л.Зимин Оштун 1911-жылы өзү барган кези тууралуу мындайча сүрөттөйт: “Уламыштарда Ошту анын абасы, суусу жана көркөм жерде жайгашканы үчүн өзгөчө мактайт. Бул мактоолордун бардыгы кандайдыр-бир деңгээлде күмөнсүз чыныгы негизге ээ, атап айтканда, Оштун абасы сөз жок керемет. Өзүнүн деңиз
деңгээлинен 3040 фунт бийиктикте жайгашкандыгынын жана өсүмдүктөрүнүн көптүгүнүн аркасында Ош ушул күндөрү
Түркстандагы жайкы күндүн куйкалаган ысыгына каршы эс алуунун ажайып орду болуп эсептелет. Муну билүү үчүн Ош шаарындагы Скобелев көчөсүнүн көрүнүшүнө карасаң эле жетиштүү…”.
Л.Зимин жарыялаган уламышта “Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) мигражга көтөрүлгөндө чыгыштан Бакы мазарындагы (Бакы мүрзөсү Мединеде, Мухаммед пайгамбар бул жерге дайыма келип, кайтыш болгондорго дуба кылып турган, – Л.З.) шамга окшош жарыкты көрдүм деп Азирети Жабраилга айткан. Ошондо Азирети Жабраил: “Бул – Хайр-уль-Бульдан же Ош деген жер. Анда тоо бар. Тоодогу мечитте Азирети Сулейман Кудайга көп мактоолорду айтып, таазим кылган”, деп жооп бериптир”, деген саптар бар. Ошондой эле, Л.Зимин уламыштагы эл оозунан айтылган миграж учурундагы дагы бир аңгемени баяндайт: “Ош жергеси суулары менен чогуу асманга көтөрүлдү. Кудайдын элчиси (с.а.в.) мечитке кирип, эки ирет намаз окуду… Кудайдын элчиси бул мечиттеги ташка колунун жана маңдайынын тамгасын калтырды”.
Ал эми түшүндүрмөлөрдө Л.Зимин: “Тахти-Сулейманга көп жолу барганымда эч ким мага Мухаммеддин келгендеги изин көрсөтө алган жок, ал эми Сулейман калтырган издерди кадам аттаган сайын көрсөтүп жатышты. Өткөн кылымдын аягында Ошко келген Щербина-Крамаренко туземдиктер көргөзгөн Сулеймандын тоого келгендеги изин майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп жазган, бирок Мухаммеддин калтырган изин көрсөттү деп айтпайт”, – деп белгилеген.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”.