Дарманбек дармандуу деректир эле

Көп жылдар совхоз деректири болуп үзүрлүү иштеп өткөн чыгаан жетекчи Дарманбек Үсөновду 1970-жылдан, коомдук ишке аралашкандан баштап жакшы билип калдык. Ошол жылы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Сагындык атындагы колхоздун башкармасы Апытай Бөтөноев аксакал жаш курагына байланыштуу ишин Дарманбек акеге өткөрүп берген болчу.

Ошондо анын отуз беш жаш курагы экен. Үч-төрт жылда ал башкарган колхоз ийгилик жаратып, оозго алынды. 1974-жылы жанындагы коңшулаш эки колхздун карызы көбөйгөндөн улам Сидоров атындагы, “Ой-Тал” колхоздору жоюлуп, үч чарба биригип бир чоң совхоз болуп уюштурулган. Анын деректирлигине Дарманбек дайындалды, себеби, анын жаштыгы, билими, иш тажрыйбасы, уюштургуч жөндөмү эске алынды.

Ошол кездеги Ош обкомунун биринчи катчысы Султан Ибраимов аны өзү тандаган жана жактырган, анткени ал киши алыскы Алайкуудагы чарбаларга байкоо салып, ошол жакта төрөлүп өскөн, элди жакшы билген, ысык-суугуна күйгөн жергиликтүү кадрды билчү. Ар кандай маселени маалкатпай так, адилет чечкендигин, шар мүнөзүн жактырган.

Ошентип, Д.Үсөнов 315 миң га тоолуу аймакты камтыган, узуну жүз чакырымга созулган, табияты татаал чоң чарбаны он жылдан ашуун ийгиликтүү жетектеди, элдин эсинде калды. Бир совхоз деп айтканга жеңил болгону менен ишти уюштуруу оңойго турган эмес, толгон-токой кыйынчылыктар болуп турган. Аймагындагы азыркы үч айыл өкмөтү, алардагы аралыгы алыс жайгашкан бир нече айыл, кокту колоттордогу короо-сарайлар, аларга барып кабар алуу, ишти уюштуруу, ортодогу татаал тар кыя жолдор, ашуулар, агын суулар, кылтылдаган асма көпүрөлөр зор түйшүктү жараткан.

Татаал табигый шартта Дакебиз мыкты уюштуруу¬чулук сапаттарын, кажыбас кайратын көргөздү. Эң оболу Алайкуунун жолу кеңейтилип, оңдолду, аска-зоолорду аралап өткөн жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылды.

Натыйжада, ал аймакта айыл чарбасы механизациялашып, электрлештирүүгө өттү. Айыл ичи жаркырап, Алайкуу жергесине чындап социализм жеңиши толук келгенсиди, элдин жашоо шарты жакшырды. Албетте, мында ошол кезде Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон Дарманбек Үсөновдун эмгеги өтө зор. Ал орчундуу оор маселелерди тийиштүү жерлерге орундуу айтып коё билген сөзмөр адам эле.

Чарбада зор өзгөрүүлөр жүрдү, канал, арыктар казылды, кыялап бир топ жерге суу чыгарылды. Дан эгиндери — арпа, буудай, эспарцет кенен себилди, оруп-жыйноого комбайн, дагы башка керектүү техникалар жеткирилди. Совхоздун бир бөлүмү МЖС (машина мал чарба станциясы) болуп уюштурулду. Айрыкча кой чарбасы, топозчулук, жылкычылык өстү. Төл алуу, эт, жүн өндүрүү көбөйдү. Алдынкы чабан Тополоң Каниетов, топозчу Чопол Ажыбаев баш болгон ондогон устаттар өсүп чыкты, алар орден, медалдар менен сыйланышты, жогорку бийлик түзүмдөрүнө делегат, депутат болуп шайланышты.

Элдин социалдык-маданий абалы жакшырды, турак жайлар курулду, келип иштеген адис¬тер үчүн үйлөр бүткөрүлдү. Пилорама, мастерскойлор, мончо, медпункттардын, мектептердин, клубдардын курулушу бүткөрүлдү, базалары жакшырды. Кесиптик-техникалык окуу жай ачылды, малчылардын балдары үчүн интернат уюшулду.

Мурдагы жылдары эл башкарып жакшы иштеп кеткен кадырман карыялардан кол үзбөстөн байланышып, кеп-кеңештерин угуп, иш тажрыйбасын үйрөнүп турду. Жаштардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурчу, кам көрчү, Москва жана башка шаарлардагы жогорку окуу жайларга жөнөтүп, моралдык, материалдык кол-доосун көргөзчү. Ош, Фрунзеге барып калган учурда алайкуулук жаштардын баарынын башын бириктирип, курсактарын тойгузуп, тыйын-тыпыр берип, кабар алып турчу.

Байбичеси экөө 5 уул-кызды тарбиялашты, билим алуусуна жетишти. Анын эмгеги жогору бааланып Эмгек Кызыл туу ордени, бир нече медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине, Ош областтык, райондук, айылдык кеңештерге депутат болуп шайланып турду.

Анын басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу элдин эсинде, тарых бетинде жазылып, кийинки муундарга үлгү болот деп ишенебиз.

Замандаштары: Сейтахун ажы ИБРАИМОВ, эмгек сиңирген дарыгер,
Кара-Кулжа райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы.
Исматулла ПАРПИЕВ,
эмгек ардагери