Тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-майда БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриштин чакыруусу боюнча видеоконференция форматында өткөн 50дөн ашык өлкө лидерлеринин катышуусундагы
«Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу
эл аралык форумга катышты.
Бир заматта дүйнөгө жайылган бул илдет бардык мамлекеттердин экономи- касына өтө чоң сокку урду. Анын ичинде өнүгүп келе жаткан Кыргызстанга окшогон өлкөлөргө да оор залакасын тийгизүүдө. Аталган эл аралык форумда өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков конкреттүү сунуштары менен чыгып, азыркы кырдаал чечкиндүү чараларды, стандарттан тыш мамилелерди талап кылып жатканын айтты.
Өткөндөн калган ири тышкы карыздарыбыз өлкөбүздүн өнүгүшүнө оор кесепеттерин тийгизип жатканы баарыбызга маалым. Дал ошол маселе боюнча Сооронбай Жээнбеков биринчи кезекте, тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл экенин
айтты. Экинчи этап менен — саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу, үчүнчү этапта — экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгууну сунуштады.
“Булар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Антониу Гутерриш тарабынан айтылган 6 чарага шайкеш келет. Биздин сунуштарыбыз колдоо тапса, БУУнун алкагында тиешелүү Жол картасын иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштайм. Бул пандемия саламаттыкты сактоонун гана көйгөйү эмес, ал бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын да экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Коронавируска каршы көрүлүп жаткан коргонуу чаралары экономикалык активдүүлүктүн кескин түрдө төмөндөшүнө алып келди.
Кыргызстан тоолуу өлкө катары деңизге чыга албагандыктан, тышкы соода операцияларынын азайышына да туш болду. Үстүбүздөгү жылдын соңунда экономикалык өсүштүн жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн
олуттуу төмөндөшү күтүлүүдө. Бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги калктын социалдык абалынын начарлашына алып келиши ыктымал” – деген Президент Сооронбай Жээнбеков мындай кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн БУУ системасына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле «Чоң жыйырмалык» өлкөлөрүнө жана Париж клубуна Кыргызстандын мамлекеттик карыздары боюнча төлөмдөрүн токтото туруу демилгеси үчүн ыраазычылыгын айтты.

Сооронбай Жээнбековдун эл аралык форумдагы сунуштары боюнча Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков буларга токтолду.
— Пандемиялык жана постпандемиялык мезгилдерде туруктуу өнүктүрүү процесстерин каржылоо маселелери БУУнун эл аралык форумундагы талкуунун башкы темалары болду. Жалпысынан бул форумда глобалдык деңгээлде жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн карыз жүгүн жеңилдетүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары, дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасын постпандемияда калыбына келтирүү процесстерине жеке секторду тартуу, тышкы каржылоону көбөйтүү, түз инвестициялоо жана долбоорлоо менен каржылоо түрүндөгү ресурстарды тартуу маселелери көтөрүлдү. Мындай талкуулар Кыргызстанга тышкы карыздарды реструктуризациялоо жана узартуу маселелери боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк берет. Карызды реструктуризациялоо бул — Өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берүүсү дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өз көз караштарын билдирип, тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өлкө өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деген ишенимдебиз.

Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасаганын айткан Кыргыз
Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жеенбаева:
— Каржы министрлигинин алдында чоң милдеттер турат. Алар – программаларды иштеп чыгып, карызды алмашуу жана тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча ишти баштоо. Кыргызстан «Чоң жыйырмалыктын» жана Париж клубунун жардамы менен тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Быйыл эки тараптуу карыздарды төлөө токтотулду. Бирок бул чаралар, албетте, жетишсиз.
Биз кошумча жолдорду издеп, ар кандай эл аралык аянтчаларда диалог жүргүзүп жатабыз – деди.