Сереп: Мамлекеттин жетишкендиги анын ар бир жаранынын ийгилигинен жаралат

Боордош Казакстанда 2019-жылдын 9-июнунда президенттик шайлоо өтүп, көпчүлүктүн добушу менен Казакстан Республикасынын Президенти болуп шайланган Касым-Жомарт Токаевдин мамлекет башчысы кызматында иштегенине
бир жыл болду. 19-мартта Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн отставкага чыкканын жарыялап, 20-мартта шайлоого чейинки бийлик тизгинин Касым-Жомарт Токаевга берген болчу.
Бул Казакстан үчүн гана эмес, Борбордук Азия мамлекеттери, а түгүл, КМШ өлкөлөрү үчүн да чоң саясий окуя эле. Элде, асыресе, саясатчыларда бийлик алмашуусунун натыйжасы кандай болот деген суроо жаралган. Бийликтин эволюциялык жол менен трансформациялануусу, анын мындай ыкма аркылуу өткөрүлүүсүнүн классикалык эрежесине ылайык, жакшы жыйынтыгын бергенин арадагы бир жыл тастыктап отурат.
Президенттик кызматка киришүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө К.Токаев Эл башчы Нурсултан Назарбаевдин саясатын андан ары уланта тургандыгын ачык айткан. “Акыйкатын айтуубуз керек, бул шайлоодо биздин жарандарыбыз Эл башчынын стратегиялык программаларын колдоп добуш берди. Бардыгынан мурда, мен Казакстандын Үчүнчү жаңылануусун ишке ашыруу, мамлекетибиздин Беш институционалдык реформаларын жана башка маанилүү стратегиялык документтерин, мындайча айтканда, Эл башчынын стратегияларын жүзөгө ашыруу боюнча иштейм. Өлкөбүз жаңы туруктуу өнүгүү деңгээлине чыгуусу үчүн жаңы ыкмалар, жаңы чечимдер керек. Булар жакынкы убакытта элге жарыяланат” , — деди ал.
Көп узабай, Касым-Жомарт Токаев Казакстан калкына Кайрылуу жасап, өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын сунуштады. Беш бөлүмдөн турган бул программалык документте саясий, экономикалык жана социалдык реформалар камтылып, аларды кандай аткаруунун жолдору көрсөтүлгөн. Кайрылуунун саясий багыттагы өзөгүн мамлекеттик башкарууну заман талабына ылайыкташтыруу маселеси түздү. К.Токаев «Эл үнүн уга турган мамлекет» концепциясын сунуштап, аны ишке ашыруу максатында Улуттук коомдук ишеним кеңешин ишке киргизди, андан берки тогуз айдын ичинде айтарлыктай жумуштар аткарылды. Өлкөдө көп партиялуулуктун, саясий атаандаштыктын өрүш алышына жана ой-пикирлердин ар түрдүүлүгүнө жол ачылды.
К.Токаев кайрылууда митингдер жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө көңүл буруп, “Конституцияга ылайык жарандарыбыз өз ойлорун эркин билдирүү укугуна ээ”, — деген болчу. Бул айткандары ишке ашты. Өткөн аптада мамлекет башчы «Казакстан Республикасында тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби тууралуу» жаңы мыйзамга кол койду. Документте тынч чогулуш өткөрүү үчүн уруксат алуунун керек эместиги белгиленген. Алдын ала эскертилсе болду. Ошондой эле, өткөн аптада шайлоо жана саясий партиялар тууралуу мыйзамдарга да кол коюлду. Аларга шайкеш, Казакстанда парламенттик оппозиция институту түзүлөт. Саясий партияларды каттоо жеңилдетилди. Шайлоого түшө турган саясий партиялар аялдар менен жаштарга отуз пайыз квота бере турган болду.
Бул жаңы үч мыйзамдын кабыл алынуусуна, албетте, Президент К.Токаевдин коомдук-саясий мамилелерди демократиялык жол менен жөнгө салуудагы чечкиндүү аракети, көздөгөн багытына карай жасаган батыл кадамы деп караган жөн.
Президент К.Токаев өзүнүн кайрылуусунда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, үстүбүздөгү жылы жана жакынкы жылдарда аткарылуучу милдеттерди белгилеген болчу. Бирок, дүйнө
жүзүнө жайылган COVID-19 пандемиясы кайсы мамлекеттин болбосун экономикалык жактан колун байлап отурат. Негизги күч илдетке каршы күрөшүүгө жумшалууда. Пандемия учурундагы капсалаңга байланыштуу өлкөнүн 4,5 миллиондон ашуун жаранынын ар бирине 42500 теңге бөлүнүп, мындан тышкары 1 миллиондон ашуун жаранга азык-түлүктөн жана турмушта зарыл колдонулуучу каражаттардан жардам көрсөтүлгөн. Коммуналдык төлөмдөрдүн тарифтери төмөндөтүлүп, 2 миллионго жакын жарандын насыя төлөө мөөнөтү узартылды. 700 миңден ашуун
компаниялар менен ишкерлерге салык жүктөмдөрү азайтылган, натыйжада бул корпус 1 триллион теңгеге жакын каржыны үнөмдөшкөн.
Мындан мурдараакта басма сөздө жарыяланган «Коронавирус – мүмкүнчүлүктөрдүн маалы» деген макаламда мен
бул апааттын чоң жана кичине мамлекеттерге тийгизген таасири жөнүндө жазган элем. Бул дүйнөлүк COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө Кытайдын башкаруу системасы эффективдүүлүгүнкөрсөттү. Азыр практика көрсөтүп отургандай, Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын илдетке каршы күрөштө экономикалык мүмкүнчүлүгү жетиштүү деп айтсак болот. Мунун бир далили – Президент К.Токаевдин 5-май күнү жалпыга маалымдоо каражаттарында пандемияга каршы күрөштө Казакстан алты триллион теңгеге жакын (доллар менен эсептегенде – он үч миллиард) каржы жумшады деп билдиргени маалым. Мени акча чачылып жатат деп сындагандар да болду. Бирок, биз жарандарыбыздын өмүрү жана бакубаттуулугу үчүн күрөшүшүбүз зарыл. Эл саламаттыкта болбосо, кайдагы экономика деген пикирин билдирген. Белгилей кетсек, мамлекет башчы курамы окумуштуулар менен эксперттерден турган Биологиялык коопсуздук жөнүндө кеңеш түзүүгө Өкмөткө тапшырма берди.
Бул – «Эл үнүн уга турган мамлекет» концепциясын жүзөгө ашыруудагы дагы бир орчундуу аракет.
Учурдагы кырдаалды талдап, Казакстан экономикалык жактан өнүгүүнүн жаңы программасын даярдоо үстүндө.
Өткөн айдын аягында өткөрүлгөн Улуттук коомдук ишеним кеңешинин үчүнчү отурумунда сөз сүйлөгөн Президент К.Токаевдин белгилеген максаттары казакстандыктарга оптимисттик маанайды тартуулаганы сөзсүз. Отурумда, негизинен, адамдык капиталды өнүктүрүүнүн үч багыты – билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо тармактары талкууланды. “Экономиканын өзү ушул тармактарга көз каранды. 2025-жылга чейин билимге бөлүнүүчү каржы 6 эсе, илимге 7 эсе өсө тургандыгын эскерген жөн. Мамлекеттик билим берүү программасы боюнча 2025-жылга карата 650 жана андан көп окуучуга арналган 800 жаңы мектеп, 114 интернат, 700дөн ашуун спорт залдарын салуу мерчемделип жатат, быйыл 80 билим берүү мекемеси курулат», – деди Президент.
Жумуш менен камсыз кылуу жол картасынын алкагында быйыл 24 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилет, 2025-жылга карата мамлекеттик программа боюнча 20 ири клиника салынат.
Мамлекет башчынын тапшырмасы менен төрт жылдын ичинде мугалимдердин айлыгы азыркыдан эки эсеге көбөймөкчү, ал эми дарыгерлердин эмгек акысы жогорулатылып, 2023-жылга чейин башка адистердин орточо эмгек акысынан эки жарым эсеге көп болот.
Илимий иштерди өнүктүрүү максатында Казакстан жыл сайын 100 окумуштууну дүйнөдөгү алдыңкы илимий-изилдөө борборлоруна илимий тажрыйбадан өткөрүү үчүн тиешелүү каржы бөлүү жөнүндө чечим кабыл алганы жатканын баса белгилегим келет. Докторанттардын стипендиясы 150 миң теңгеге чейин көбөйтүлмөкчү. Жаш окумуштууларга үч жылга жалпы баасы 3 миллиард теңге грант каралат. Жалпысынан 2025-жылга карата илимге бөлүнгөн акча ИДПнын 1%ын түзөт.
Мугалимдер, дарыгерлер жана окумуштуулар коомдун дайыма аялуу катмары болуп келген. Алардын көйгөйүн
чечүү, кадыр-баркын арттыруу Президент К.Токаевдин ишмердүүлүгүндөгү жакшы саамалыктардын бири болуп калды.
Учурда социалдык маселелерди чечүү кайсы мамлекетте болсун, күн тартибинде турат. Аны чечүү өлкөнүн экономикалык абалына көз каранды. 11-майда Президент К.Токаев Өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу жөнүндөгү мамлекеттик комиссиянын отурумунда республиканын экономикасын кризиске алдырбоо боюнча жети максатты алга койду. Айрымдарын атап өтсөк, Казакстан өзүн өзү экономикалык жактан камсыз кылуу-
су зарыл. Мындайча айтканда, өзүнө керектүү товарларды, продукцияларды өзүндө
өндүрүүсү кажет. Бул өңүттө жергиликтүү чийкизаттарды пайдаланууга, иштетүүгө тийиш. Айыл чарба тармагында дагы бир маанилүү максат – «Жумуш менен камсыз кылуунун жол картасы» программасын
ишке ашыруу. Ага бюджеттен 1 триллион теңгеге жакын каржы бөлүнгөн. Мунун алкагында чакан бизнеске насыя алууга да болот.
Ошондой эле, муктаж жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу күн тартибине коюлду. Эл башчы Н.Назарбаевдин сунушу менен 2018-жылдын мартында «7-20-25» ипотекалык насыялоо программасы ишин баштаган. Шарттары: 7%дык жылдык коюм, алгачкы төгүм 20%, 25 жылдык мөөнөт менен (эртерээк төлөп кутулса да болот). Президент К. Токаев жаңы «5-10-20» программасын ишке киргизүүнү тапшырды. Шарттары: 5%дык жылдык коюм, алгачкы төгүм 10%, 20 жылдык мөөнөт менен (эртерээк төлөп кутулса да болот). Бул программа аркылуу 500
миң үй-бүлө үйлүү боло алышат. Казакстандын Президенти ишке киришкен алгачкы күндөрүндө эле «тур-
муштук кыйын жагдайга кабылган жарандарына колдоо көрсөтүү – мамлекеттин милдети» деп айткан. Бир нече
күндөн кийин мамлекет башчы «Казакстан жарандарынын карыз жүктөмдөрүн төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлык чыгарды. Ага ылайык, банктардан 3 миллион теңгеден көп эмес карыз алган ар бир жарандын 300 миң теңгеси төлөнбөй турган болду. Айталы, жаран 300 миң теңге же андан аз карыз алган болсо, ал толук жоюлду. 555 миң адам бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган. Мындан тышкары, 1,2 миллион жарандын айыппулдары менен туумдары жоюлган. Бул акцияларга мамлекет тарабынан 149 миллиард теңге жумшалган. Ошентип, жаңы шайланган Президент ишмердүүлүгүн элге камкордук көрүүдөн баштаган. Казакстандын Президенти К.Токаевдин ишмердүүлүгү тууралуу сөз козголгон соң, анын көп жылдык дипломатиялык кызматы өлкөнүн тышкы саясатын байсалдуу жүргүзүүгө өбөлгө болгонун, Казакстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен карым-катнашы жакшы жолдо бара жатканын айтуу ылазым. Мамлекет башчы өлкөнүн эл аралык мейкиндиктеги тынчтык жана коопсуздук саясатын ырааттуу түрдө жалгаштырууда. Бул анын ин-
теллектуалдык деңгээлинин жогору экендигинен жана мамлекетти башкаруу тажрыйбасын жакшы өздөштүргөнүнөн кабар берет.
Баса, Президенттин демилгеси менен Казакстан азыркыдай кыйын мезгилде Кыргызстанга 5 миң тонна унду гуманитардык жардам иретинде берип жатканы казак-кыргыз ынтымакташтыгынынайкын жөрөлгөсү.
«Мамлекеттин жетишкендиги анын ар бир жаранынын ийгилигинен жаралат», «Аң-сезимдүү коом – жоопкерчиликтүү мамлекет – күчтүү улут» формуласы чыныгы көз карандысыз гүлдөгөн мамлекетти куруунун ачкычы», «Убада бербе, иште!», «Чечимди тез кабыл алып, эң башкысы, аны аткаруу керек», — деп Президент
К.Токаев байма-бай айтып келет. Мамлекет башчы ушул принциптерди бекем карманса, элинин ишеними менен алкышына ээ болору анык. Бизге эң жакын, боордош жана бир тууган казак элинин жаңы Президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекетти бир жылдык башкаруу мезгилинде жасаган эмгектерин жана анын акыбетин айтып жатып, биз казак элине жана анын Президентине чоң ийгиликтерди каалайбыз.

Жолборс ЖОРОБЕКОВ, КР Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун
бөлүм башчысы, саясий илимдердин доктору, профессор