Онлайн-конференция: Абайдын руханий мурасынын баалуулугу

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Кыргызстандын «Пикир» регионалдык серепчилер клубу жана А.Осмонов атындагы КРнын Улуттук китепканасы менен биргеликте Абайдын 175 жылдыгына арналган «Улуу Абай Кунанбай уулунун адабий жана руханий мурасынын баалуулугу» аттуу онлайн-конференция өткөрдү. Иш-чарага катышуучулар Абай мурасынын дүйнөлүк руханияттагы ордун жана чыгармаларынын тарбиялык ролун талкуулашты.
Казактын улуу ойчулу, акын Абайдын быйыл өтүп жаткан 175 жылдык юбилейи Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Абай жана ХХI кылымдагы Казакстан» макаласынын басма сөздө жарыяланган күнүнөн башталганын баса белгилеген Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисов конференциянын ачылыш аземинде Абай Кунанбай уулунун чыгармачылыгынын маанилүү учурларына кыскача токтолуп өттү.
«Абай Кунанбаев – казак адабиятындагы гана эмес, дүйнөлүк адабияттагы феноменалдуу кубулуш. Ар бир муун анын эмгектерин окуган сайын турмуштун жаңы сырларын түшүнөт – Абайдын улуулугу да ушунда», –деп, Абайдын «Кара сөздөрүндөгү» («Насыят сөздөрү») 7-сөздөн: «Дүнүйөнүн көрүнгөн же көрүнбөгөн сырларын түгөлдөп, эч болбосо дааналап билбесе, адамдыктын касиети болбойт. Аны билбеген пендеде адам жаны болбой, айбан жаны болот», 37-сөздөн: «Дүнүйө – ири көл, убакыт – соккон жел. Алдыңкы толкун – агалар, арткы толкун – инилер. Кезеги менен бөлүнөр, мурдагыдай көрүнөр», – деп мисал келтирген элчи: «Бүгүнкү күндөрү Абайдын бардык касиеттерин – акын, философ, композитор, агартуучу, ойчул, коомдук ишмер, казактын жазма адабиятынын негизин салуучу экендигин эске алсак, анын ар тараптуулугуна таң калабыз. Абай адамдык гуманизмдин бийигине көтөрүлдү деп айтсак болот. Ал өз ара руханий байланыш бардык элди бириктире тургандыгын бекемдеди», – деди Казакстандын элчиси.
Ошондой эле, элчи былтыр Абайдын юбилейине карата, анын ыр жыйнагы Бишкекте кыргыз тилинде жарык көргөнүн, жакында кыргыздын белгилүү жазуучусу Айдарбек Сарманбетовдун котормосу боюнча Абай Кунанбаевдин «Кара сөздөрү жана поэмалары» жарыкка чыкканын белгиледи.
Абай таануучу, Казакстан улуттук илимдер академиясынын академиги, философия илимдеринин доктору Гарифолла Есим: «Абайдын дүйнөдөн кайтканына бир кылымдан ашуун убакыт өтүптүр. Акылгөй инсандын өз заманында айткан ибараттуу ойлору, шоолалуу сөздөрү адамзат үчүн бүгүн да маңыздуу. Биздин жашоодо Абайдын орду кандай? Аны окуу бир башка, бирок аны түшүнүп, ар бир адам өзүнүн кызматында, турмушунда, коомдук ишмердүүлүгүндө пайдаланса, ошондо гана акын мурасы үлгү жана руханий азык болот. ХХI кылым өзү менен бирге адамзат алдына көптөгөн милдеттерди жүктөдү. Алар – тарбия, билим, техника, технология деген маселелерге тиешелүү. Бул – бир жагы. Экинчиси – адамда жөндөмдүүлүккө жараша жакшы ка-сиеттери болууга
тийиш. Алар – ыймандуулук, мээримдүүлүк, адамгерчилик ж.б. Ушулардын бардыгы Абайдын чыгармаларынын өзөгүн түзөт», – деди конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.
«Адатта, адамдын өмүрү белгилүү бир жылдар менен өлчөнөт. Ал эми даанышмандарда экинчи өмүр башталат, анткени алар жаңы урпакка кайталангыс мурастарды калтырат. Абайдын чыгармачылык өмүрү жылдан жылга бекемделип, өркөнүн жайып жашай берет», – деп сөз кезегин улаган Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскулов кыргыз-казак адабий жана руханий байланыштарына кеңири токтолду.
Сөзүн Абайдын: «Жүрөгүмдүн түбүнө терең бойло», – деген ыр саптары менен баштаган А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашева Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» романында Абайдын өмүрү жана чыгармачылыгы чоң чеберчилик менен чагылдырылганын баяндап берди. Ошону менен бирге, Ж.Бакашева Улуттук китепканада Абайдын 175 жылдыгына арналган атайын көргөзмө уюштурулганын, ага Абайдын китепканадагы 64 китеби, алардын ичинде чыгармаларынын толук жыйнагы жана 70тен ашуун макалалар, сүрөттөр коюлганын айтты. « Абайдын ырлары кыргыздын эл акындары Токтогулдун, Тоголок Молдонун жана Жеңижоктун чыгармачылыктарына таасирин тийгизди. Абайдын ырларын 1950-жылдары Аалы Токомбаев кыргызчага которуп, өзүнүн жыйнагына киргизген, андан кийин Абайдын ырлары 1954-жылы, 1970-жылдары жана 1990-жылдары жарык көргөн. Адепки нускасы колубузга тийген Абай ырларынын академиялык томдугу жакында басмаканадан чыгат», – деп билдирип, Абайдын чыгармалары республиканын бардык китепканаларында бар экенин кошумчалады.
Москвалык акын, Евразия элдери Ассамблеясынын адабий кеңешинин төрайымы Маргарита Аль акын Абай Кунанбаевдин балдарга арналып, орус тилине которулган китепчелери менен башталгыч класстарда окуп жүргөнүндө эле тааныш болгонун эске алып, ал Абайдын орус классик акындарын казакчага алгач которгон акындардын бири экендигин белгиледи. «Михаил Лермонтов менен Абай Кунанбаевдин ырлары ички мазмуну боюнча бири менен бири жуурулушуп турат. Ошондой эле, Пушкинди казак окурмандарына Абайдай жогору даражада жеткизген акын жок чыгар деп ойлойм, ал эле эмес, Абай Пушкиндин ырларына обондорду да чыгарган эмеспи!» – деди москвалык акын.
Онлайн конференцияда «К.Ташбаев атындагы шаарлар менен аймактар жазуучулары» коомдук бирикмесинин төрайымы, жазуучу Салима Шарипова, КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын кафедра башчысы Айнур Жоробекова жана башка катышуучулар сөз сүйлөп, Абай Кунанбай уулунун чыгармаларынын коомго тийгизүүчү таасирлери жөнүндө пикирлерин ортого салышты.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу