Андай эмес, мындай: “Кант” авиабазасы эч кимге берилбейт

Шаршембиде Кыргызстандагы Россия элчилиги «Кант» авиабазасы боюнча билдирүү таратты. Элчиликтин билдиришинче, авиабазанын учуучу тилкесин оңдоп берген кызматы үчүн Кыргызстан Россияга авиабазанын территориясын берет деген маалымат жалган.
“Кыргызстан менен Россия 2019-жылдын мартында 2012-жылдын 20-сентябрында келишилген “Кыргызстан аймагында иштеп жаткан россиялык аскердик базанын статусу жана болуу шарты жөнүндө” макулдашуусуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү протоколуна кол койгон. Ал документте “Эгерде Россия тарап Кант аэродромундагы учуу тилкесин өз эсебинен оңдосо ал тилкелерди жакшыртууга болгон менчик укугу Россия тарапта болот. Бирок, бул макулдашуу мөөнөтүнүн аякташы менен тилкелерди жакшыртуу укугу Кыргызстанга өтөт” деп жазылган. Андыктан эки өлкө ортосундагы салттуу достук жана теңукуктук мамилени бузууну көздөгөн маалыматтарды жайылтууга жол берилбеши керек” делет элчиликтин маалыматында.
Россия федерациясынын Коргоо министрлигинин билдиришинче, учуп-конуу тилкеси бирдиктүү колдонуучу объектилер тизмесине кирген. Министрликтин маалыматына таянсак, тилкелерди жакшыртууга жеке менчик укугун бербей туруп оңдоо иштерине акча которуу мүмкүн болбогондуктан ушундай норма киргизилген.
Баса белгилей кетсек, бул протокол Жогорку Кеңештин кароосуна 2020-жылдын 18-февралында гана түшкөн. Ошол себептен ал 4-июнда каралат.

“Кыргыз Туусу”