Бакыт Жусупов Венгрияга элчи болду

Кыргызстандын Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия, Польшадагы элчиси жана ЕККУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматына Бакыт Жусупов дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду, — деп билдирди Президенттик аппараттан. 

Аталган мамлекеттердеги элчи Эрмек Ибраимовду президент 2016-жылдын декабрь айында кызматынан бошоткон.

Жаңы дайындалган элчи Бакыт Жусупов 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эр аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.

2014-жылы Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Анын Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу дипломатиялык рангы бар.