«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пункту 8-июндан тартып иштеп баштайт

Кыргызстан жана Кытай кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү өтмөгү ишин жандандыруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки тарап бул көзөмөл-өткөрүү өтмөгү 2020-жылдын 8-июнунан тартып ишке киргизүүнү макулдашты жана макулдашууга ылайык, Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстан ортосундагы өз ара оор жүктөрдү ташуу иштери жанданат.
Кыргыз Республикасындагы КЭР элчилигинин маалыматында айтылгандай, «Кытай жана Кыргызстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги достук мамилелердин натыйжасында тараптардын сүйлөшүүсү ишке ашып, оор жүктөрдү ташуу үчүн көзөмөл-өткөрүү өтмөгүнүн ишин кайрадан жандандыруу жөнүндө макулдашуу жетишилди».
Ошону менен катар эле эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүүсү үчүн болгон чектөөлөр сакталат. «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү өтмөгү ачылып, иштөөсүнө байланыштуу айрым маселелер эки өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан кошумча түрдө макулдашыла тургандыгы дагы белгилүү болду.