Жумгал жана Нарын райондорундагы бир катар үйлөрдү суу каптады

2-3-июнь кундору катуу жааган жаандан улам пайда болгон кыяндан облустун Жумгал жана Нарын райондорунун бир катар жарандары жабыр тартты. Аталган райондордо айрым үйлөрдү суу каптап көпрөлөрдү кыян алып кеткен.

Алсак, Жумгал районунда Чаек айыл аймагынын «Май-Кокту», «Кашка-Терек» коктуларында тоо беттеринен түшкөн кыян суулар Чаек айылындагы ирригациялык каналга батпай, айылдагы турак-жайларды каптап кеткен.

ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Чолпонбек Боскунчиев кыяндын кесепетинен 25 турак үйдүн короосун суу каптап, анын ичинен 5 үйдүн ичине суу киргендигин билдирди. Ал жерде айыл өкмөттүн масштабында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми Нарын районунда Шоро айылындагы коктудан келген суу айылды каптаган. Айыл тургундарынын аракети менен суунун нугу кум салынган каптар менен тосулуп, сайга бурулган. Айылда турак жайларды суу каптаган эмес, бирок айылдын ичиндеги эки көпүрөнү жана жайытка кетүүчү көпүрөнү суу алып кеткен. Мындан сырткары 4 гектар арпа айдалган аянтты кыян каптаган.

Учурда бул аймактарда Жарандык коргонуу комиссиялары иштеп, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле келтирилген зыяндын чыгымдары такталууда.

Булак:naryn.kyrgyz.media