Президент Сооронбай Жээнбеков: «Санариптештирүүнү өз убагында, туура баштаганыбызды мезгил өзү көрсөттү»

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдети Кыргызстандагы санариптештирүү, жапырт электрондоштуруу саясаты туура жолдо экендигин ачыктап койду. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 4-июнь күнү өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрдү. Жыйында өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле
аймактардагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу, мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим министри Каныбек Исаковдун аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентациялары тартууланды.

Өзгөчө кырдаал шарттарында санарип технологияларына таяндык

Учурдагы кырдаал Кыргызстандагы санариптештирүү саясаты убагында, туура башталгандыгын
мезгил далилдеп жатканын айткан Президент Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду:
Өлкөбүздү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктаганыбыз өз убагында башталган, туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү. Биз дагы өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында иштөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издедик. Ал үчүн, негизинен, санарип технологияларына таяндык. Санарип боюнча алдын ала жасалган даярдык иштер — мамлекеттик кызмат көрсөтүү, социалдык жактан тейлөө, өзгөчө билим берүү ишмердигин токтотпой, карантин учурунда да улантууга негиз болду. IT-штабдын аракети менен бир катар санарип системалары ишке киргизилип, колдонула баштады. Жарандар үйдө отуруп, интернет-технологияларды жана мобилдүү тиркемелерди колдонуу аркылуу түрдүү иш-аракеттерди жүргүзүү мүмкүндүгүнө ээ болушту. Онлайн эсепке алуу маалыматтык системасы, интерактивдик карта жана гуманитардык жардамдын картасы иштелип чыкты. Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында социалдык жактан маанилүү азык-түлүктүн аймактардагы запастары боюнча онлайн система тестирлөөдөн өтүп жатат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда „электрондук уруксат“ системасы иштеди. Ошондой эле дарыгерлерибиздин ишин колдоо боюнча атайын медициналык багыттагы электрондук система иштелип чыкты. Бул коомдук мааниси чоң иш.

Эки жылдан бери кылган ишибиздин жемиштүү жыйынтыгын көрсөттү

Өлкөнүн санарип өнүгүүсүнүн эң зарыл багыттарынын бири катары билим берүүнү электрондук форматта улантуу болду. Карантиндин шартында окуучуларды аралыктан окутуу жана жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо – биздин эки жылдан бери кылган ишибиздин жемиштүү жыйынтыгынын бири болгонун көрсөттү. Бардык региондун ар бир калктуу конушунда аралыктан окутуу дүйнөгө дүрбөлөң салган илдеттин жайылуу тобокелдигин алдын алууга мүмкүндүк берүү менен катар, билим берүүнүн жаңы технологияларын практикалык сыноодон өткөрдү.
Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдарда электрондук документ жүгүртүү тутуму киргизилип, же толук, же тесттик режимде иштей баштады. Бул кадам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карантин убагында аралыктан иштөөгө шарт түзүп бергендигин баса белгилегим келет.
Ошондой эле „Санарип Аймак“ платформасы пилоттук режимде иштөөсүн баштады, айрым айыл
өкмөттөрүндө үй чарбалары жөнүндө маалыматтар системага киргизилди. Идентификациялык жеке номерлерди ыйгаруу системасы жөнөкөйлөтүлдү. Ошону менен бирге баланын туулгандыгы, никени каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү, паспортторду берүү боюнча функцияларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатат.

Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар дагы да күчөтүлөт

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолуп калган бир топ кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Ошондуктан региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала бермекчи. Негизги максатыбыз — жаңы санарип мамилелерди колдонуу менен региондорду комплекстүү жана ырааттуу өнүктүрүү. Бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык кызматтагы жол-жоболорду автоматташтыруу менен жарандарыбыздын жашоо-турмушун жеңилдетүү — негизги милдеттерибиздин бири. Региондорго санарип технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийлеринин бири болуп калат. Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар дагы да күчөтүлөт.

Коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүү зарыл

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүү
зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчы «өзгөчө абал алынды» деп, бошоңдоп калбай, талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин баса белгиледи:
«Кыймыл-аракетке, ишкердикке болгон катуу чектөөлөр алынганы менен, санитардык талаптарга
байланыштуу чектөөлөр алынган жок. Ар кандай маалымат тараткандар бар. Эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Силерден жергиликтүү эл менен тыгыз иштөө талап кылынат.
Жеке коргонуу каражаттарын сөзсүз колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, ишканаларды дезинфекциялоо талаптарынын катуу сакталышын көзөмөлдөө мэрлерге жана облус жетекчилерине жүктөлөт».
Ошону менен бирге, Мамлекет башчы сырттан кайтып келген жана колдоого муктаж мекендештердин маселесине көңүл бурду:
Обсервацияларга жайгаштыруу, карантиндин шарттарын сактоону уюштуруу, аларды иш менен камсыздоо жана колдоо багытында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Аларга туруктуу жумуш орундарын түзүү — жергиликтүү бийликтин милдети. Ошондуктан ар бир жетекчи облустун аймагындагы ири өндүрүш ишканаларынын туруктуу иштөөсүн жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүсүн көзөмөлгө алышы абзел.

Тиленбек Азык