5-июнь-Айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү: Токойду сактоо – башкы милдетибиз

Бүгүнкү күндө токой чарбасынын жаратылышты сактоо багытындагы иш аракеттери өзүнүн жемишин берип жатат десем жаңылышпаймын. Себеби, акыркы жылдарда мамлекеттин колдоосу менен токой массивдерин көбөйтүү, табийгый өсүмдүктөрдү сактоо жаатында бир топ олуттуу иштер жасалып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй токой чарбасы Кемин районунун аймагында жайгашып, түндүгүнөн Казакстан, түштүгүнөн Кочкор району, батышынан Ысык-Ата району менен чектешет. Токой чарбанын жалпы аймагы түндүктөн түштүккө карай 45 чакырым, чыгыштан батышка карай 40 чакырымды түзүп турат. Анын 80 пайызын тоолуу зона түзөт. Биздин башкармалыктын карамагында Токмок, Ак-Бешим, Шамши, Кегети токойчулугу бар. Мунун ичинен Шамшы менен Кегети тоолуу аймакта жайгашкан. Токой чарбанын жалпы аянты 25089,7 гектарды камтыйт. Мунун ичинен сугат, чөп орум жерлер, жайыт жана башка багытта колдонулуучу аянттын көлөмү 13256,8 гектар.

КРнын Токой кодексинин 29-30-статьяларынын негизинде токойдун төрт түрлүү категориясы бар. Алар – сууну сактоочу, коргоочу, санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу токойлор. Учурда экологияны сактоо боюнча өкмөтүбүз тарабынан жакшы жардамдар берилүүдө. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында атайын техникалар, жабдуулар менен камсыз кылууда. Биздин токойчуларыбыз өзүлөрүнө жүктөлгөн милдетти так аткаруу менен токойду сактоо, анын аянтын кеңейтүү, мөмө-жемиштүү дарактарды көбөйтүүгө болгон күчүн жумшап жатышат. 5-июнь – Айлана-чөйрөнү коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жалпы токойчуларды кесиптик майрамы менен куттуктаймын. Иштеринде ийгиликтер коштоп, бактылуу өмүр сүрүшүн каалаймын.

Мелис МУРАТОВ, Чүй токой чарбасынын Директору