Эл назарындагы эки жыл

Жакында «Кыргыз Республикасынын 2018–2019-жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалыматтары камтылган “Жаратмандык жылдар” аттуу китеп жарык көрдү. Китепте келтирилген көрсөткүчтөр жана фактылар экономиканы реформалоо боюнча кайра куруулардын кеңири жайылганын даана тастыктап, миңдеген кыргызстандыктардын, жаратмандардын, эмгекчилердин талыкпаган эмгеги менен Кыргызстандын өндүрүштүк жана экспорттук дараметин өстүрүүдө, социалдык чөйрөдө азыноолак ийгиликтер жаралганын ачык күбөлөндүрүп турат. “Кыргыз Туусу” гезити ар бир жарык көргөн санында китепте келтирилген маалыматтардын урунттуу жерлерин жарыялап турууну эп көрдү.

Курулуш

Курулуш тармагына келсек, өлкө ИДӨсүндө курулуш чөйрөсүнүн үлүшү 29 пайыз. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган. Бул стратегия курулуш тармагындагы уюмдардын жана ишканалардын салыктык базасын көбөйтүп, энергетикалык натыйжалуу жана ресурс сактоочу технологияларды киргизүүгө, имараттарга жана курулуштарга коопсуздук талаптарын жогорулатууга, тармакты квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого, курулуш жаатын санариптештирүүгө шарт түзөт. Курулуш тармагында 2019-жылдын жыйынтыгы менен бардык булактардан келген капиталдык салымдын көлөмү 161,8 млрд. сомду түзүп, 5,8 пайызга өстү (2018-жылы 3,4 пайызга). Жалпысынан капиталдык салымдар 2018-жылга салыштырмалуу 2,4 пайызга жогору болду. Капиталдык салымдардын басымдуу көлөмү (68 пайыз) пайдалуу кендерди казууга, транспорт тармагына, дүң жана чекене соодага, ошондой эле турак жай курууга багытталды. 2018-жылга салыштырмалуу инвестициялардын көлөмү ички булактардан 2,5 пайызга, тышкы булактардан 14,0 пайызга өстү. Ушул көрсөткүчтөрдүн негизинде курулуш тармагынын жалпы көлөмү 171,9 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 10,6 пайызга өстү бул болжолдонгон көрсөткүчтөн 1,6 пайызга көп. Турак жай курулушу жакшы темпте баратат. Сектордун өсүшү 9,8 пайыздын ордуна 10,6 пайызды түздү. 77 миң чарчы метр турак үй эксплуатацияга берилди. Ошондой эле курулуш тармагында уруксат берилүүчү документтерди берүү процедурасы да жөнөкөйлөштүрүлүп жатат. Бул багытта «Бирдиктүү терезе» форматы жаңыланды, азыр экспертиза жасоо жана документтерди алуу 170 күндөн 30 күнгө чейин кыскарды.

Санариптештирүү

Буга чейин Кыргызстанда санариптик технологияларды киргизүүгө жеткиликтүү көңүл бурулбай келген. Санарип инфраструктурасынын начардыгы сапаттуу продукция өндүрүүгө жана бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга бөгөт болуп турган. Кеңири тилкелүү интернет жок болгондуктан элеттиктерге санарип технологиялары толук кандуу жеткиликтүү болбой келген. Бул фактор өлкөнүн, айрыкча региондордун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген. Ушул көйгөйлөрдү тез арада чечүү максатында Президент С.Жээнбековдун жарлыгы менен 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланган. Ага чейин, 2018-жылы мамлекеттик жана муниципалдык органдарга автоматташтырылган системаны киргизүү боюнча чоң иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен «Санарип Кыргызстан» Кыргыз Республикасынын 2019–2023-жылдар мезгилинде санариптик трансформациялоо концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасы жактырылган. Президентке караштуу санариптик трансформация маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү. 2019–2023-жылдар мезгилине КРнын Кибер коопсуздук стратегиясы аны ишке ашыруу планы менен бирге иштелип чыгып, кабыл алынды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана республиканын бардык облустарындагы ЖОЖ ректорлорун санариптештирүү көндүмдөрү боюнча масштабдуу окутуу жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын 72 мамлекеттик органдарында Электрондук документ жүгүртүү бирдиктүү системасы ишке киргизилди. Региондордо 20 Калкты тейлөө борбору түзүлдү, ал эми 387 айылда маалымат күркөлөрү иштей баштады. Мамлекеттик органдарда жаран менен чиновниктин байланышы кыскарып, техникалык каражаттарды пайдалануунун саны өсүп жатат. 2019-жылдын 1-январынан тартып «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү Реестри (ЖБР) жана «ББР» маалыматтык системалары иштелип чыккан жана ишке киргизилди. Буга улай эле соттук реформанын алкагында сот системасын автоматташыруу башталган.

Бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык биргелешип аракеттенүү системасына кошулду. Былтыр 191 мамлекеттик кызмат жана сервистер электрондук форматка өттү. Укук коргоо органдарын жана прокуратура органдарын санариптештирүү процесси активдүү жүргүзүлүп жатат. Борбордук санариптик командалык борбор ишке киргизилген, анда коомго байкоо жүргүзүү камералары, анын ичинде адамдардын жүзүн таануу функциясы бар камералар аркылуу шаардагы кырдаалга онлайн мониторинг жүргүзүлүүдө. 2019-жылы «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруунун алгачкы этабында Бишкек шаарында 42 аппараттык-программалык комплекс орнотулду. Алар реалдуу убакыт режиминде жолдо жүрүү эрежесин бузууларды сүрөткө тартат жана каттап, көрсөтөт. Кыргызстан боюнча жолдо жүрүү эрежелерин бузууларды каттоочу 110 комплекс орнотулду. 2020-жылдан тартып бул долбоор бүт өлкө боюнча иштей баштайт. Мамлекет башчы өзгөчө белгилеп кеткендей, бул өкмөт өзүнө пайда табуу аракетин көздөгөн экономикалык долбоор эмес, бул жол кырсыктарын азайтууга жана адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор. Аталган долбоор ишке ашырыла баштаган учурдан тартып, жол эрежелерин бузууларды жаздырып алган камералар иштеген жерлерде ЖКЭ бузуулар жана адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар бир кыйла азайган. Ал эми Жалпы билим берүү мекемелерин интернет тармагына туташтыруу иштери толук аяктады десек болот.

Жоодар МАМАТАЛИЕВ