Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы: Манас шаары, Шам-Бала жамааты

Бүгүнкү күндө дүйнө зор өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Ар бир өлкөнүн алдында жаңы доорго кандай кирүү керек деген маселе бар. Жаңы идеялар менен жаңыча ыкмалардын мезгили келди. Бул үчүн жоопкерчилик баарыбызга, анын ичинде Мамлекет башчыга, Парламентке жана Өкмөткө да тиешелүү.

Колдо болгон жакшы нерсебизге жараша жашоо

Биринчи кадамды Президент жасады. 30 жылдан бери элдин үмүтү акталбай, бийликке карата элдин ишеними кетип бараткан мезгилде ал “Манас жана Айтматов” академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул биздин турмушубузда “Манас” эпосундагыдай жана улуу Айтматовдун чыгармаларындагыдай чыныгы адамзаттык дөөлөттөрдү жаратуу дегенди билдирет. Президент муну менен өзүнүн өнүгүүнү аймактардан баштоо керек деген сунушун колдоого түрткү берди.

Ал эми алыскы Алайдын, Ат-Башынын, Таластын, Чаткалдын, Жумгалдын, Ысык-Көлдүн тоолорунда жашаган адамдарга колдоону ким көрсөтүшү керек? Биз курулай үмүт менен куру кыялдарга ишенбей, конкреттүү иш кылышыбыз зарыл, башка бирөөнүн үйүнүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт. Биздин улуттук идеябыздын урааны «Колдо болгон жакшы нерсебизге жараша жашоо»! А бизде эмнелер бар?

Биринчиден, дүйнөдөгү эң кооз тоолорубуз, тоо арасындагы өрөөндөрүбүз, жаркын күнүбүз, мөңгү сууларыбыз, дарыяларыбыз, дары чөптөрүбүз, түркүн жаныбарларга бай жаратылышыбыз бар, аларды эч ким алып кете албайт, ал жаныбарларды вертолёт менен барып, автоматтан аткылашса да эч жакка качып кетпей кала беришет.

Экинчиден, 18 жашка чыга элек, али бузула элек наристе бойдон 2,3 млн. жаштарыбыз бар, алардын 70%ы элеттеги айылдарда жашашат.

Үчүнчүдөн, дүйнөдөгү эң кымбат нерсесин небере-чөбөрөлөрүнө тартуулоого даяр болгон ата-энелер, чоң ата – чоң энелер бар.

Төртүнчүдөн, 2019-жылдын 8-июлунда өзгөртүүлөр киргизилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” дүйнөдөгү эң мыкты № 83 Мыйзамыбыз бар.

Эмнеден баштоо керек?

СУРОО: – Эмнеден баштоо керек? “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын негизинде, анын 1-беренесинин 8-пунктуна ылайык биз республикада ар бири 30 кишиден турган 30 жамаат түзүшүбүз керек, бардыгы 9000 киши болот. Алар белгиленген тартипке ылайык каттоого айылдык кеңештерде турушат.

Ал жамааттардын негизги күчү кимдер болот? Ал сиздердин балдар. Балалык деген жөн эле жаш курак эмес. Балдар деген – Эл. Аң сезимдин жана Жаратмандыктын башталышы. Балалыктын жаратылыш менен жана үй жаныбарлары менен байланышы, чыгармачыл-оюндар, күчтүү жана шамдагай болуунун, ачык-айрым достук маанайдын пайдасын билүү адамдык жакшы сапаттын тирегин жаратат. Андай балдар жакшы ата, жакшы эне болушат. Бирок алыскы айылдардагы жаштар өздөрүн жардыбыз деп эсептешип, кем санашат. Жумушсуздук жашоонун маңызын сумсайта турган нерсе. Балдарды чоңдордун Жаратмандык жумуштарына аралаштырып, алар дагы ошол Жаратман ишке катышуучу экенине ынандыруу зарыл.

Биз баарыбыз тең эле мыкты эмеспиз, ар бирибизде тартыш жашоо-турмуштан улам бала кезден, жаш кезден калган өксүктөрүбүз бар. Бирок ал кезде элдин баары эле биз сыяктуу өп-чап турмушта болгондуктан өзүбүздү башкалардан өзгөчө кем саначу эмеспиз. Ал кездеги мугалимдер айылдагы алдыңкы адамдар эле. Бүгүнкү күндө баланы жетишпеген турмушта жашап, көр оокат жашоонун камы менен алпурушуп жүдөгөн жарды мугалим окутпашы керек.

Азыркы күндө интернеттен чоң шаарлардын жаркыраган кооз көчөлөрүн, космостук аалам дүйнөнү, жокчулук менен байлыктын ортосундагы улам чоңоюп бараткан ажырымды көрүп жаткан тоо арасындагы айылдарда жашаган өспүрүм балдардын оюнунун түпкүрүндө келечекке карата үмүтсүздүк, ишенимсиздик бар. 14-15 жаштагы өспүрүмдөр коомдогу болуп жаткан кемчиликтер жөнүндө чоңдор сыяктуу эле түшүнүп, ой жүгүртүшөт.

Бүгүнкү күндө биз окутуунун эскиче ыкмасы менен Жаңы доордун таптакыр айкалыша албаган карама-каршылыгына туш болуп, ал карама-каршылыктын катуу кесепеттеринин алдында турабыз.

“Шам-Бала” логистикалык борбору

Жаштар! Бул дүйнөгө жаралып калгандан кийин, бир жагынан силерде ата-энелердин жана чоң ата – чоң энелердин жашоосу сыяктуу жашап өтүү бар, бирок, ошондой эле силердин алдыңарда турган башка дагы Жаратмандык жашоо бар!

Азияда “Шам-Бала» деген ыйык түшүнүк бар. Ал Руханий дүйнө менен материалдык байлык айкалыша турган жер, Манас тоосундагы эңсеткен шаар. Ата-бабаларыбыздын терең маанилүү, сырдуу төмөнкүдөй накыл сөзүн эч качан унутпагыла:

Улуу тоого чыккан барбы?

Улар үнүн уккан барбы?

Бактың да, байлыгың да

Куралың да – тоолор.

Кыргыз – этностук түшүнүк эмес, кыргыз деген сөз – эч качан жок болгус”, – дегенди билдирет.

Балдарды эмгек жана окуу менен тарбиялоонун жакшы варианты катары биз “Аалам-Ордо” этнографиялык аймагыбызда бардык курулуштары менен жалпы аянты 121 га. болгон “Шам-Бала” деген логистикалык борбор түзөбүз, ал жерде пландарыбызды ишке ашыруу үчүн керектүүлөрдүн баары болот. Бул долбоор үчүн жоопкерчиликтүү жол көрсөткүч катары мен бул объектти “Шам-Бала” жамаатынын карамагына берем.

Жамааттын ар бир мүчөсү өзүнүн “туристтерге арналган боз үйү үчүн алгачкы салымы катары бир койдун баасынчалык кошумча кошот. Үй алып “Манас” шаарынын акционери болуш үчүн келишимде көрсөтүлгөн банкка 7000 сом (100 доллар) которуш керек, андай келишим сиздердин ар бириңиздер менен түзүлөт. 2021-жылдан тартып үч жыл бою ар жылдын март айында үйдүн кирип, жашоого даяр болгон 1 кв метри үчүн мебелден бөлөк баасынын 33%ынын 500 доллар эсебиндеги суммасын которуп туруш керек. Интернет булактарында 100 кв метр үйдүн мисал катары вариантынын көрүнүшү жакынкы убакта чыгарылат.

“Манас” шаарына кел!

“Манас” шаары – бул XXI кылымдын эволюциялык белгиси, жашаган жери жана жашоо шарты бирдей болгон, адамдардагы агадилдик, адеп-маданият жана бакубатбарчылык өкүм сүргөн жер. Шаардын философиясы дагы жалпы улуттук идеянын – жакшы жашоо издеп Кыргызстандан кеткен балдарды жана неберелерди Ата-Журтуна чогултуунун дагы бир жолу. Балдарынын келечеги үчүн кам көрүп кабатырлануу алардын ар биринин жүрөгүндө болсо керек. Алардын чет жердеги базарлар менен курулуштардагы иштеринин натыйжаларын биз “Манас” шаарындагы алардын балдары менен неберелеринин жашоосуна кириштейбиз. Тилекке каршы, чет жердеги жан сактоо режими бул бир айдагы кыска стресстин кийинки айлардагы болуучу стресстерге кошулуп отуруп, туруктуу стресске айланган опасыздыгы. Ошентип ал жылдан-жылга улана берет жана аны өзгөртүүгө арга жок.

Кыргыз! Тур да, төрт жылдын ичинде өзүңдүн журтуңа – “Манас” шаарыңа бар! Күн сайын тапкан 5 тыйыныңдан 3 тыйынды ошол шаарда жашоочу үйүңө чогулт. Бишкектен үй издегенден көрө, “Манас” шаарынан бир чарчы метри 500 доллар болгон үй сатып алууну сунуш кылам, ошону менен автоматтык түрдө “Манас” шаарынын акционери да болуп каласыңар, ал жерде шаардын курулушу бүткөндөн кийин балдарыңар менен жашап каласыңар. 300 жамааттагы өспүрүмдөр эмне иш кылышат? “Манас” шаарын курууга даярдык эки жыл болот. Бул мезгил ичинде балдар өз үйлөрүндө окуп, иштешет. 14 жаштагы бала – жаңы баштаган практик болот, ал эми 18 жашында өз ишинин билерманы – бизнесмен болот.

Эл аралык рынокто жок продуктыларды чыгарабыз

Быйыл Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бир жамааттын жумушун ишке ашырабыз жана кызматташуу үчүн керектүү шарттарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Айкындык үчүн бир нече мисал. Талды-Суу айылында балдар өз огороддорунда ар бири 5 сотых жерге өздөрү каалаган 3 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүшөт. Айылдын үстү жагындагы капчыгайда туристтик максатта атайын даярдалып тигилген боз үйлөр болот. Ысык-Көл облусунун Бар-Булак айылында, топурагы дыйканчылыкка ылайыксыз жерде мектепке караштуу үлгүлүү тигүү цехи ачылат. Бул жамааттын профили – “Шам-Бала” деген символ менен экспортко кийим тигүү.

Нарын облусунун Дөбөлү айылында бир жамаат сары май жасайт, ал эми Сузак районунда бал тартышат, бул эки продукты тең Индияга экспорттолот. Тамак-аш продуктулары “Кыргыз даамы” деген марка менен экспортко чыгарылат. Бул эт, сүт жана өсүмдүк продуктылары биздин ата-бабалардын ыкмасы менен, күнгө койбостон, көлөкө жерде кургатылат. Бизге эл аралык рыноккко катышуу үчүн 9000 киши жетиштүү. Бирок маркалоо, упаковкалоо жана ташуу жагынан биз азырынча арттабыз. Сапат жагы да анчейин, ошого карабастан ишти жылдырабыз. Биз сунуш кылуучу продуктылар эл аралык рынокто дээрлик жок. 2018-2019-жылдарда биз рынокторду кайталап изилдеп чыгып, кызыкдар адамдар менен сапатка анализ жасап, 7 продукты жана 3 дары чөп боюнча кызматташууга токтолуп, макулдашканбыз. Биздин продуктылардын өзгөчөлүгү – алар базарларда же адаттагы дүкөндөрдө сатылбайт. Белгилүү ресторандарга жана соода жайларына дары тамак катары гана жиберилет. Анын себеби – биздин тоо арасындагы өрөөндөрүбүздө эч качан химикаттар колдонулган эмес жана мөңгүнүн суусу менен сугарылат. Чет өлкөлүктөр муну эң жакшы билишет.

Коронавирустан кийинки экономика

Дүйнөлүк практикада биринчи жолу “Манас” шаарынын тургундары ал курула баштагандан тартып анын акционерлери болушат. Ошондуктан коронавирустан кийин экономикадагы келечекте болуучу иштердин башатын түптөй баштоо өтө маанилүү. Эгерде ишке ашырууга керектүү чөйрө жана шарты болбосо, эң мыкты талант, өнөр дагы ишке ашпай кала берет. Ал эми 14-15 жаштагы балдардын чөйрөсү – адам, “жалындап жарык берүүнү” эңсеп кыялданып турган сонун учур. Алардын жаштык күчү мага да улгайып калган кезде кайрадан жанданууга өбөлгө болот го деп үмүттөнөм. Мугалим, устат – бул эң негизгиси – топтолгон тажрыйбанын ээси. Мына ушул тажрыйбаны бүгүнкү күндүн шартына жараша колдонуп, балдарга өткөрүп берүү керек.

Мен 15 жыл бою кыялкеч эмес, окуп билим алган экономист катары кыргыз кантип байыса болот деп ойлонуп, изилдеп келдим. Эгер биз баарын эскиче кылсак, башкача айтканда этти эт түрүндө, сүттү кымыз катары, дары өсүмдүктөрдү чөп катары эле сата берсек, туристтерди жаратылышыбыз кооз, келгиле, көргүлө деп эле чакырсак, биздин балдарыбыз эч качан байыбайт.

2021-жылдын жайына чейин «Аалам-Ордо» этнография борборубузда боз үй жасаган фабрика куруп, экспортко чыгаруу үчүн продуктыларды чогултуп, сорттоочу, упаковкалоочу жана фасовка жасоочу пункт ачуу зарыл. Ал жерде 300 жамаатка туристтик жайлар үчүн 9000 боз үй жасалат. Боз үй жасаган фабрика бир суткада 30 боз үйдү даяр кылат, бул жаңы уюшулган жамааттарды бир жылдын ичинде камсыз кыла алат деген сөз. Даяр болгон боз үйлөр, ошондой эле үлгү катары жасалган элдик кол өнөрчүлүктүн буюмдары интернет булактары аркылуу жайылтылат. Ошентип эки жылдан кийин баягы бала, иштеп тапкан өз каражаты менен жетилген чоң киши катары эми курулуп жаткан “Манас” шаарында өз үйүн тургузганы барат.

Бөлүнүп берилген жерде даярдык мезгилинде курулуш техникаларынын бардык түрлөрүн башкарууга жана газ менен ширетүүгө үйрөтүү боюнча 100 орундуу окутуучу комбинат курулат. Мисалы, Америкада автомобиль айдоого тийиштүү чектөөлөрү бар укук алуу үчүн ар кайсы штаттарда 14төн 17 жашка чейинки жаш курак белгиленген. Акционерлер менен такай байланышып туруу жана боло турган ар кандай кырдаалдарды жайгарып чечүү боюнча маалыматты иштеп чыгуучу борбор даярдалат жана ачылат.

Жаңы доордогу туризм

“Манас” шаарынын тургундары эмне иш кылышат? Өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп чыккандан кийин бизге кайсы бир иштерде өнүккөн өлкөлөрдү кууп жетүүгө аракеттенип кереги жок деген жыйынтык пайда болду. Кыргызстандын жаштары жакшы пайда алып келе турган иштерди таап, ошону жасашы керек.

Эмесе, “Манас” шаарында чет өлкөлүктөр үчүн жаңы доордогу туризм деген кандай болоорун карап көрөлүчү. Аларга – ичке жана жоон ичегини сейрек кездеше турган профилактикалык бээ сүтү жана “Саамал” менен дарылоо үчүн отелдердин люкс номерлерине барабар жакшы ыңгайлуу шарттар керек. Мыкты шарттагы жашай турган бөлмөдөн тышкары туристтерге убакытты кызыктуу өткөрүүнү жана эс алууну да камсыздаш керек. Казино жарабайт. Диснейленддин да кызыгы кетип баратат. Жакшы театр болгону – жакшы, бирок бул деле жетишсиз.

Биз ачык асман астындагы “Адамзат тарыхынын хроникасын” курабыз, ал 3000 жылды камтыйт. Жердин ландшафтына жараша атчан жана жөө жүрүп караш үчүн негизги экспонаттар скульптуралар жана картиналар болот. Эки мисал: бир кезде Виктор Гюго айтып жана көпчүлүк моюнга алып тан берген “убакты-сааты келген идеялардан күчтүү эч нерсе жок” дегендей, биз анын скульптурасынын пьедесталында ал француз революциясынын убагында баррикадада туруп айткан: “Армиялардын киришине тоскоолдук кылса болот, идеялардын келишине тоскоол кылуу мүмкүн эмес” (“Можно сопротивляться вторжению армий, нельзя сопротивляться вторжению идей”) деген сөздөрүн жазып коёбуз (В.Гюго, 15-томдук чыгармалар жыйнагы, 1954-ж. 5-том, 641-бет).

Экинчи мисал. Кытайда эң көп окулган “Жэньминь Жибао” гезитине арналган стеллада: “Дүйнөлүк же жергиликтүү деңгээлде дайыма гегемонизмди колдонгондор акыр аягында өзү каалагандын тескерисинче натыйжага туш болушарын тарых көрсөттү” деп жазылат. (“Жэньминь Жибао” гезити, Пекин. 18.05.1998.) Мына ушундай болгон шартта да бизге туристтер келээрине кепилдик барбы? Ага мындай демекчимин. Байтал бээлер жечү дары чөптөрдүн гүлүнүн даба болуучу мезгили бир жылда 18 гана күн. Деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктеги шартта – 12-майдан 30-майга чейин, 1000-1700 м бийикте – июнь, 1700дөн 2500 метрге чейин бийиктик жерлерде – июль, 2500 метрден бийик жактарда – август-сентябрь.

Түзүлгөн 300 жамааттын 80%ы ушуну менен иштешсе болот. Бирок “Манас” шаарында биз бул ишти жыл бою жасайбыз. Бээ тогуз ай өзү оттойт, калган үч ай кышта аны башка органдардын ооруларын профилактикалоо үчүн атайын кургатылган чөптөр жана гүлдөр менен багабыз. Аэропорттор жагы албетте анча өнүккөн эмес. Көпчүлүгү Европадан (Германия, Нидерландия) Алматыга учуп келүүнү каалашат, анан тоо аркылуу ат менен Ысык-Көлгө өтөт. Бизге 4-5 жыл бою эмне үчүн келээрин билишкен туристтер эле жетиштүү болот. Кийинчерээк биздин шаардын бюджетинен Каракол шаарындагы аэропортту ишке киргизүүгө керектүү акча бөлүнөт.

Шаар менен кошо Жасалма интеллект борбору да курулат, бирок ал шаар ачылгандан соң бир жылдан кийин, 5 млн. доллар бюджети менен ишке киришет. Экинчи жылы бюджети – 10 млн. доллар болот. Ишин баштагандан кийин үчүнчү жылдан тартып жыл сайын 50 млн. доллар болот. Негизги багыттары: биороботтор, нанотехнологияга негизделген ар түрдүү өндүрүштөр. Мисалы, шаарда Индияга экспорттоо үчүн беш жыл бою эң жогору сапаттагы сары май жасалат. Анын гендик инженериясынын (уй жана жөргөмүш) натыйжасында сүт алабыз. Ал сүттөн сапаты боюнча жибекке окшош жип жасалат.

Ошол материалдан бардык түрлөрдөгү кийимдер жасалат, ал кийимдер тигүү же токуу жолу менен эмес, программа боюнча бүтүн даяр продукция берүүчү жабдууларда даяр болуп чыгат. Экологиялык таза уктоочу бөлмөлөр үчүн боёлбогон жүндөн улуттук шырдактар жана жууркан-төшөктөр жасалып, аларга нанотехнологиянын жардамы менен көзгө көрүнбөөчү күмүш чөгөрүлөт. Ичүүчү суу үйлөргө берилгенге чейин дезинфекциялоо жана жумшартуу үчүн негизги топтогуч жайда күмүш менен иштетилет.

“Манас” шаарынын шарттары

Өзгөчө кырдаалдар үчүн ар түрдүү модификациядагы, атаандаштыкка жарактуу боз үйлөрдү жасайбыз жана Японияда болуучу “Экспо – 2024” эл аралык көргөзмөгө коёбуз. Чет өлкөлөрдө жашаган жана “Манас” шаарынан үй алгысы келген кыргызстандыктар үчүн кандай шарттар керек? “Манас” шаарынын акционерлери 18 000 гана киши болот – Кыргызстанда жашаган 9000 жана чет өлкөлөрдө жашаган 9000 киши. Андан кийинки каалоочулар – кыргызстандыктар да, чет өлкөлүктөр да үйдү рыноктук баада сатып алышат же ижарага гана алышат жана акционер боло алышпайт. Алгачкы 18 000 акционер шаардын ишмердигинен дайыма киреше алып турушат. Эгер шаарда жашаган ар бир акционер бир күндө 10 доллар тапса, бул 180 доллар миң болот. Ал эми эгерде 100 доллар тапса, анда 1,8 млн., доллар бир жылда 657 млн. доллар болот. Мен дагы 18 000 акционердин бири катары алардан ашык же кем эмес киреше алам. Шаарда демократиялык деген сөздү жамынып, шаардыктардын жашоо-турмушуна таасир этип үстөмдүк кылуучу кожоюндар болбойт. Менчиктин демократияланышы деген ушул болмокчу. Ал жаш муундар жылдык кирешесинин жарымын үй-бүлөсүнө керектешет, калган жарымын ушундай эле менчик ээлери жаралышы үчүн өзүнүн өлкөсүнө инвестициялашат жана мындайлардын саны ар бир жети жылда эселеп көбөйүп турат.

Чыныгы Демократия деген эмне?

Эми араң, отуз жылдан кийин гана биз каныгып, жетилип, Чыныгы Демократия деген эмне экени жөнүндө ойлоп жана талдай баштадык. Чыныгы Демократия деген биринчиден — бийликтин вертикалы эмес, ким башкаруучу деген талаш-талкуу эмес, ал жарандардын укуктары менен милдеттеринин айкашуусунда, экинчиден – Мамлекеттин укуктары менен милдеттеринин айкашуусунда Менчикти демократиялаштыруу. Жарандын укугу жагын биз жакшы эле билебиз, ал эми милдеттери жагынан алганда – проблемалар бар. Биздин Мамлекет өзүнүн милдеттерин толук көлөмдө аткарбай жатат, анын ар түрдүү себептери бар. Өнүгүп келе жаткан чакан мамлекет өзүнүн жарандарынын алдындагы Конституция менен белгиленген милдеттерин Мамлекеттик Менчик болмоюнча аткара албайт. Биздин балдарыбызга алардын Мамлекетинин менчиги катары эмне калат? Чоң суроо. Келечекте биздин балдарыбыздын көзгө көрүнбөгөн көмүскө кожоюндары болбосо экен деген тилек… Бүгүнкү күндө Президентке жана Өкмөткө “Коронавирусту” эле эмес, көп жылдардан берки “башаламандыктан” чогулган, өлкөнүн береселеринин оорчулугу менен бирге эле элибиздин деги бизде адилеттүү заман болобу деген ой-санааларын да көтөрүүгө туура келип жатат. Ал эми Коронавирус – бул апааттын акыркысы эмес, мындай учур дагы кайталанышы мүмкүн. Вирустук ооруларга “SOS” жарыяланган алгачкы сааттарда жана бүгүнкү күнү врач катары эмес, бул коогалаңга философиялык көз менен карап, өзүбүздө дайыма бар болгон АҢ-СЕЗИМДИ колдонуу зарыл. Мамлекеттин башчысы күчү Мыйзамга тете чечимдерди чыгарат, Өкмөт аларды аткарат, ал эми ар бир Үй-бүлөнүн башчысы – өз үй-бүлөсү үчүн жооптуу. Врачтар биздин байлыгыбыз, алар өз милдеттерин аткарууга тийиш, ал эми Мамлекет өзүнүн күчүнө – Илимге таянат.

Өткөн кылымда, гениалдуу сүрөтчү, чыгаан публицист жана ойчул, саякатчы Н.К Рерих өзүнүн “Азия уламыштары” китебинде мындай деп жазган: “… Өпкөнү, тамакты жана жүрөктү кургаткан түшүнүксүз эпидемия каяктан? Бардык билинген себептер менен бирге эле, врачтар түшүндүрүп бере алгыс сыр бар. Турмуштун шарты эмес, бирок калың журтту чалгыдай чаап кыйрата турган тыштан бир нерсе бардай… Азыркы учурда ушундай кырдаалды түзгөн жаңы душмандар тууралуу ойлонууга туура келип жатат. Аларга эски ыкмаларды колдонууга болбойт, бирок жаңы ыкма Аң-сезимди кеңейтип ойлонтууга түрткү берет”, – деп жазган экен.

Балким, эртең биз кечээкидей жашай албайбыз, баарыбыз өзгөрүүгө тийишпиз, биринчи кезекте, Кыргызстан эли өзгөрүүбүз зарыл. Бизде 80ден ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт, кайра куруунун “бөрү заманынын мыйзамына “ карабастан, биз керемет жергебизде Теңчилик Таразасын жана Акыйкаттыкты кармап кала алдык. Көптөгөн өлкөлөрдө согуштар эле эмес, адамкерчиликсиздиктин кандай болуп жаткандыгын көрүп жатпайбызбы.

Убакытты жоготсок, өмүрдүн бир бөлүгү жоголот

Соңку жылдарда дүйнө жүзүндө Туруктуулук деген түшүнүк көбүрөөк айтылып келет. Бул сөздү жөн гана аңдап түшүнөбүз, бирок ага жетишүүбүз кыйыныраак. Келгиле, биз адамдар, өзүбүздүн өлкөдө ушул туруктуулукка жетишүүгө аракеттенип көрөлү. Чындыгында, Туруктуулук үчүн зарыл ресурстар Өкмөттө жок экендигин моюнга алышыбыз керек. Эгер бүгүнкү Өкмөттү алмаштырсак, эртең жакшы жашап кетебиз деп ойлоонун өзү натуура! Оор кырдаалда Өкмөттү күчтүү кылууну – күчтүү эл гана жарата алат. Күчтүү кылуу мезгили келип жетти… Калган жылдар үчүн мамлекет башчысына, эң башкысы башкы милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берүү – жаш муундарга татыктуу бийликти өткөрүүгө даярдоо жана өткөрүп берүү – бул бийликтин жолун улантуучулук эмес, ал, бир доордон башка доорго бийликти Үмүт жана Ишеним менен өткөрүп берүү болуп саналат. Бириге турган жаш муундун тагдыры учурдун кокустуктан болгон иши эмес, ал тандоо иши. “Шам-Бала” жамаатынын мүчөлөрү, байыртадан улуу бабаларыбыздын салт-санаа, үрп-адатын, жерин сакташат жана Жаратмандык күч-аракети менен аларды сый-урматы катары болуп көрбөгөндөй “Манас” аттуу жарык шаарчаны курушат. Айрым адамдар, эгер муну жаратып баштасак, аларга мыйыгынан жылмайышаар, бирок биз аны жаратабыз. Жөн гана билгенибиз жетишсиз жана “Кантип билүү керек?” деген ой толгоого мезгил келип жетти. 18 миң жаштын аңдап-түшүнүлгөн ниети, эгер алардын акыл-эси жана соккон жүрөгү биргелешип аракеттенсе, алардын байыртадан издеген кыялы колдорунан келет. Келечекте иш жүзүндө Манас шаарчасынын образынын идеясы үстөмдүк кылат.

Эгер биз акчаны жоготсок, анда акчаны гана жоготобуз, ал эми убакытты жоготуп алсак, анда өмүрдүн бир бөлүгүн жоготуп алабыз. Өкмөт тарабынан долбоор бааланат, ”Манас” шаарчасынын курулушу үчүн касиеттүү Ысык-Көлдүн тоо этегинен жер бөлүп берүү боюнча кечиктирилгис чара кабыл алынат – деген терең ишенимдебиз, ал 18000 жаштарыбыздын өз иш-аракеттери жана каражаттары менен курулмакчы. Бүгүнкү күндө биз, өзгөчө жоопкерчиликтүү так мамилеге муктажбыз, себеби эң мыкты деген план да кыйынчылыктарга дуушар болот.

Ушуга байланыштуу, урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизден өзүңүздүн Жарлык менен биздин Долбоорду колдоону өтүнөбүз. Бул өтүнүч юридикалык маселе эмес, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү башатынан чыккан тарыхый окуя катары Сиздин демилге боюнча “Манас жана Айтматов академиясы” түзүлгөндөн кийинки руханий мааниге ээ маселе деп түшүнөбүз.

Ташкул КЕРЕКСИЗОВ, Манас жана Айтматов академиясынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү