ВДНХны мамлекеттик резиденциянын карамагына алуу мезгил зарылдыгы…

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште республиканын аймагындагы эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүнө байланышкан эки жыйын болуп өтүп, биринде Бишкек эркин экономикалык аймагынын ишмердиги сынга алынса, биринде ЭЭАга дагы да жеңилдиктер керек деген таклип күн тартибине коюлду.

Ушундан улам, биз да ушул темага кайрылсакпы деп турабыз. Жаңылбасак, алгачкы эркин экономикалык аймактар өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында, Бишкекте жана Нарында түзүлдү. Бишкекте чет элдик инвестицияларды тартуу максатында чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп берүү үчүн шаардын эң мартабалуу, бардык инфратүзүмдөрү өнүккөн ВДНХ жана ага тиешелүү аймак берилди. Бул убакта ВДНХ жана анын айлана-тегереги кароосуз калса керек эле. Ошентип, эркин экономикалык аймактар түзүлүп, чет элдик инвесторлор келе башташты. Аларды кызыктыра тургандай мыйзамдар жазылып, бардык ыңгайлуулуктар, жеңилдиктер каралды. Албетте, өлүп көрүптүрбүзбү дегендей, биз бир нерсени эске албаптырбыз. Биринчиден, алар үчүн стратегиялык мааниси бар мамлекеттик резиденцияга жакын аймактан жер бөлүнүп берилди. Бул мамлекеттик коопсуздук жагынан алганда опурталдуу болгонун ошол ВДНХ жана анын айлана-тегерегин бөлүү жөнүндө чечим кабыл алуунун демилгечилери мойнуна алат деп ойлойбуз. Экинчиден, шаар аймагындагы жер аянтынын баа-наркын билбегендигибизден улам, шаардын эң мартабалуу аймагын чет элдик инвестиция үчүн садага чаап ийгенибиз болду. Мындай чечимди кимдер кабыл алышса да, алар орду толгус каталык кетиришкенин бүгүн мезгил тастыктап жатат.

Башкасын айтпаганда, кореялык ишкерге 1997-жылдары Бишкек эркин экономикалык аймагы үчүн бөлүнгөн аймактан 17 гектар жер алгач 49 жылга берилип, кийин соңунда 99 жылга берилип кеткени мына ушуну айтып турбайбы. Корей ишкеринин 17 гектар жерди алышына Акаевдин жан-жөкөрлөрүнүн, асыресе жубайы Майрам Акаеванын түздөн-түз тиешеси болгон деп жүрүшөт. Бул 17 гектар бош эле жер болгон эмес, анда Кыргыз ССР ВДНХсынын башкы имараты жана мейманкана, буфет, макет жасоочу цех ж.б.лар жайгашкан жер болгон. 17 гектар жер аянтын алган корей ишкери мына ошолордун баарына ээлик кылып калган.

Бир кездеги жетекчилердин алысты көрө билбегендигинин кесепетинен бүгүн корей ишкери менен кыргыз тарап соттошуп келатат. Айтымда, корей ишкери Кыргызстандын бюджетине имараттардын ижара салыгын, жеңилдетилген салыктарды төлөгөн эмес, тескерисинче, бир кездеги курулуштардын бир катары бузулуп, талкаланып кеткен. Талкаланбагандарынын деле абалы дурус эмес, дээрлик авариялык абалда десек эч жаңылышпайбыз. Арийне, уялбаган кыз уялган кыздын бетин тытат болуп, корей ишкери кыргыз тарапты миллиондогон доого жыгып, сот

Чубактын кунундай созулуп, Кыргызстан арасат абалда, өзүнүн жумшактыгынын, энөөлүгүнүн азабын тартып келатат. Өткөн жылдары Бишкек ЭЭАнын мурдагы жетекчиси О.Нусувалиев корей ишкеринен Бишкек ЭЭАсына тиешелүү жерлерди кайтарып алууга аракет кылып, майнап чыгара албады көрүнөт. Ал арада бир кезде союздан калган мүлк талкаланып жатат. Бишкек ЭЭАнын азыркы жетекчилери бул маселени көтөргөнүн уга элекпиз.

Эгер, бир кездеги мыкты жетекчилер алысты көрө билип, ВДНХ жана анын аймагындагы жерлерди мамлекеттик резиденциясынын балансына алып койгондо, мамлекеттик коопсуздук менен байланышкан көп маселелер өзүнөн өзү чечилип калмак. Ырасында, буга азыр деле кеч болбосо керек.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»