Кыргыздын алгачкы электробусу чыгаарына аз калды

Оштогу “Кыргыз Унаа Курулуш” компаниясынын ишке берилиши – жалпы элдин маанайын шат кылган, эртеңкибизге зор ишеничти жараткан ири окуя болду.

Өзүбүздүн кыргыз жигиттеринин, атамекендик инвесторлордун аракети менен курулган бул ири өндүрүш толук кандуу иштеп баштаганда 5000 адамды жумуш менен камсыздаганы турат. Биринчи этабы менен 500 жумушчу орду түзүлүп, азырынча жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып,
текшерүүдөн өтүүдө.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 млн. доллары сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган. Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү зор экени, чакан жана орто ГЭСтерди курууга суубуз жетишээрлик экени баарыбызга маалым. Экологиялык таза электрди өндүрүүнүн негизги булагы болгон ошол ГЭСтер үчүн бул завод зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлорду чыгарууда. Эң негизгиси “Кыргыз Унаа Курулуш” заводу келечекте электр тогу менен жүрүүчү унааларды чыгарууну көздөп, алгачкы кыргыз электробусунун прототибин даярдап коюшту.

Завод ээлеринин жасаган азыркы иштери, көздөгөнүнө жете билген өжөрлүгү, мамлекет жетекчилигинин өндүрүштү өстүрүүгө болгон колдоосу  жакынкы жылдары мекендештерибиз эң алгачкы кыргыз унааларын минип, болгондо дагы экологиялык таза, экономикалык чыгымы аз электромобилдүү болоорубузга терең ишенимди пайда кылып койду.

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков 10­июнь күнү Ош шаарына болгон иш­сапары учурунда аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, андагы жасалып жаткан иштер, ишкананын ишмердүүлүк масштабы купулуна толгонун билдирди. Президент 2001­жылы Японияга окуу программасынын алкагында «Тошиба» компаниясынын заводунда болгонун эскерип, япон корпорациясынын ишмердүүлүгү менен корпоративдик этиканын принциптери жөнүндө айтып берди:
-“Тошибанын” ар бир кызматкери иштеген ишканасына өзүнүн жеке менчигиндей мамиле кылып, анын өнүгүшүнө кызыкдар экен. Өздөрүнүн билими менен күчүн арнап, алардын жетиштүү жашоосуна таасир
этерин аңдап, компаниянын гүлдөп-өсүшү үчүн ак ниеттүүлүк менен иштешет экен. Мен дагы «Кыргыз Унаа Курулуштун» кызматкерлерине ушундай жаратмандык эмгек каалайм. Келечекте завод өлкөдө эле эмес,
региондо дагы алдыңкы позицияны ээлерине ишенем.

 

 

 

 

 

«Кыргыз Туусу» Тиленбек Азык