5 жылда өлкөбүз таза суу менен толук камсыз болот

Канча жылдан бери таза сууга жетпей чаңкап келген Ош шаарынын
Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конушту таза суу менен камсыз
кылуу долбоору ишке киргизилүүдө.

Ош шаарына болгон иш сапары учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган долбоорду
ишке ашыруу менен он калктуу конуш же Жапалак айыл аймагынын 20 миңден ашуун тургуну таза суу менен толук камсыз болорун маалымдады.

11­июнь күнү Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Араван районундагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жасалып жактан иштерге көңүл бурду. Көкүмбек
Таштаналиевдин маалыматы боюнча Араван районундагы Керкидан айылындагы ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү боюнча долбоор толугу менен бүткөндөн кийин 2654 га. жерде суунун жеткиликтүүлүгү жакшырат, ошондой эле жыл сайын суу жоготуулары да азаят. Курулуш иштери 2018­жылдын январь айында башталып, бүгүнкү күндө дээрлик аяктап калды. Мамлекет башчы ошондой эле Ош облусунун Араван районунун Керкидан жана Эсенбай айылдарындагы жана Ноокат районунун Кур­Таш, Каримберди айылдарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштери жакынкы убактар да аяктаары күтүлүүдө.

Өлкөнүн ирригациялык тутумун өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыздоо ири улуттук долбоорлор жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 2026­жылга чейин үч этап менен ишке ашырылууда. Биринчи жана экинчи этаптын алкагында 2024­жылга чейин 31 суу чарба объектиси пайдаланууга берилет, жыйынтыгында 27 миң га. жаңы сугат жери өздөштүрүлөт жана 46 миң га. жердин суу менен камсыздалышы жакшырат. 2018­  2019­жылдары Республика боюнча 1364 га. жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 3296 га. Жердин мелиоративдик абалы жана 3569 га жерде суу менен камсыз кылуу жакшырган. Акыркы үч жылда өлкөнүн 107 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бүгүнкү күндө 588 айылдын тизмеси түзүлүп, жалпысы 33 млрд. сомдук каражат булактары аныкталды. Таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик каржылоодон сырткары өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары жигердүү тартылууда. Жалпысы жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот.

«Кыргыз Туусу» Тиленбек Азык