Коронавирус Таласка да жетти

Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот
Үсөнбаев 11-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан 36 жаңы учур катталганын билдирди.

 Бишкекте – 17; Чүй облусунда — 3; Нарын облусунда — 1; Ысык-Көл облусунда — 3; Ош шаарында – 2; Ош облусунда — 4; Жалал-Абад облусунда — 3; Баткен облусунда — 1; Талас облусунда – 2 адамдан коронавирус белгилери байкалган. Ошентип, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 2 миң 129
адамга жетти.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин айтымында, жаңы катталган 36 учурдун төртөө сырттан келген. 19 учур коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун арасынан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда. Буга чейин Талас облусу коронавирустан таза аймак болуп келсе, 10-июнга карата Таластан бир медкызматкер оору жуктуруп алганы
белгилүү болду. бир суткада 58 бейтап: Бишкек шаарынан 33, Жалал-Абад облусунан 1, Нарын облусунан 6, Ош облусунан 1, Ош шаарынан 17
бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Маалымат үчүн айта кетсек, коронавирус жуктурган 2129 кишинин ичинен 1630 коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. 26 адам каза болду. Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 11 бейтаптын абалы оор, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жалпысынан ооруканаларда 473 адам дарыланууда. 90 адамдын абалы орточо оор, 372 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

«Кыргыз Туусу» Тиленбнк Азык