Коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов шаардын эпидемиологиялык абалы боюнча Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү.

Кубатбек Боронов шаарда түзүлгөн кырдаал тынчсыздандырып жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылып жатканын белгиледи.
-Шаарда күнүгө вирусту жуктургандар аныкталууда, ошол эле учурда илдет менен ооругандардын көпчүлүгүнүн кайдан жугузганы белгисиз. Калаада экономиканын дээрлик бардык тармактарында иш жанданып, коомдук транспорттор, ири базарлар жана соода аянттары иштеп жаткан кырдаалда вирустун жайылышын алдын алуу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошондуктан абалды турукташтырып, иштөө ыкмаларын белгилүү бир деңгээлде алмаштыра турган иш-чараларды кабыл алуу зарыл, — деди Кубатбек Боронов.

Шаардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү дезинфекциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомдук жайларда, короолордо санитардык талаптардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейддер жана тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор тууралуу маалымат беришти. Алар жума сайын ири базарларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого жабууну, коронавирус инфекциясына карата тесттерди өткөрүү маселесин кароону, ишкерлик субъекттер менен коомдук жайларга (мончо, бассейн, спорт зал) барган жактардын эсебин жүргүзүү маселесин иштеп чыгууну, коомдук транспорттун, базарлардын жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызматкерлери арасында оорунун алдын алуу иретинде скринингдик лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүүнү сунушташты.

Биринчи вице-премьер-министр муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин, турак-жай менчик ээлеринин башчыларынын COVID-19 дартынын белгилерин алып жүргөн тургундар тууралуу маалымат берүү ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. -Жарандарды сасык тумоого каршы вакцинациялоо боюнча маселени иштеп чыгуу, калк арасында коронавирустун жаңы толкуну ыктымал экендиги жана иммунитетти чыңдоо, маска кийүү, обочолонууну сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү зарыл. Инфекциянын жугушун максималдуу түрдө азайтуу керек. COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилдик кетирген жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Күз-кыш мезгилине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал, — деди К.Боронов. -Бир жумада эле 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз COVID-19 аныкталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Бул адамдар Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Саламаттык сактоо министрлигинин жана Республикалык ыкчам штабдын беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларына кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө, — деди Кубатбек Боронов.
«Кыргыз Туусу» С. Орозбнков