Мамлекеттик маалымат саясатында коронавирус шылтоо болбошу керек

Учурда 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата “Кыргыз Туусу” гезитине жазылуу кызуу жүрүп жатат. “Кыргыз Туусунун” мамлекетибиздин тарых маданиятындагы, саясий турмушундагы ордун жакшы түшүнгөн карапайым калкыбыз, гезитибизди сүйүп окуган окурмандарыбыз өздөрү эле жазылып окуп жатышкандыгы бизди кубандырат. Ошол эле учурда айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин “жазылууга каражат бөлүнбөй жатат”, “коронавирустун капшабы тийди” деген шылтоолорду бетке карманышып, таза эле кароосуз калган жетимдин кейпин кийе калышкандыктары, бир чети күлкүңдү келтирсе, бир чети өкүндүрбөй койбойт.

Белгилүү болгондой мамлекеттик майлуу кызматтарды ээлеген кээ бир чиновниктердин өтүшүп кеткен бир оорусу бар. Бул – Президенттин, Өкмөттүн, дегеле мамлекеттин күндөлүк жана узак мөөнөткө белгиленген саясий-экономикалык, социалдык саясатын колдон-буттан алып, үзөңгүлөш жүргөндүн ордуна, ага ат үстүнөн мамиле жасаганга көнүп алышкандыктары,
кайдыгерлиги. Ал эми мамлекеттин бул багыттагы маалымат саясатын Өкмөттүк басылма “Кыргыз Туусу” гезити моюндап келе жаткандыгын булар түшүнбөсө деле керек. Түшүнүшсө мындай түшкө кирбеген шылтоолорду айтышпайт эле. Фактыга кайрылсак, “Кыргыз Туусу” гезитине жазылууну уюштуруу тууралуу вице-премьер-министр А.Исмаилованын кат жүзүндөгү расмий көрсөтмөсүнө жана редакциянын үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгына карата гезитке жазылуу өтүнүчүнө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (төрагасы Г.Анарбаев), Мамлекеттик салык кызматы (статс-катчысы Карагул уулу Жакып), Отунэнергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги (статс-катчысы А.Абдыжапаров) каражат жоктугун жана коронавирустун капшабы тийип кайышып тургандыктарын айтышып, кыскасы “жазылбайбыз” деп жооп беришиптир.

Бул мамлекеттик органдардын “маанилүү” жетекчилеринин “Кыргыз Туусу” гезитине жазылганга каражатыбыз жок, коронавирус кашайтты деп жатышы бери болгондо “Президенттин, Өкмөттүн саясатын колдобойбуз” дегендикке жатат! Катуурак айтсак, муну мурдунан алысты көрбөгөн саясий сокурлук дейт! Анан калса ушул килейген үч мамлекеттик мекемеде “Кыргыз Туусуна” жазылганга каражат жок десе ким ишенет?! Анда Ысык-Көлдө деле балык жок болуш керек. Көңүл келбесе, ишти уюштурууга моюн жар бербесе шылтоо табыла берет эмеспи. Экинчи жагынан коронавирустун капшабы жалгыз эле ушул мекемелерге (мындай шылтоону Мамлекеттик салык кызматы, Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги келтиришкен) тийген жок. Жалпы эле Кыргызстандын экономикасын эңшерип кетти. Ошондо колду жайып отуруп беришибиз керекпи? Тескерисинче, Президент, Өкмөт, бүтүндөй кыргыз журтчулугу бул илдет алып келген кыйынчылыктардан чыгуу аракетин көрүп жатпайбы! Урматтуу чиновник мырзалар Гуламжан Анарбаев, Карагул уулу Жакып, Аскарбек Абдыжапаров!!! Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү «Аймактарды өнүктүрүү,
өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылындагы белгиленген максаттарды коронавирус тумоосу келтирген кыйынчылыктарга карабастан жүзөгө ашыруу талабын коюуда. Бул узак мөөнөттүү, бардык мамлекеттик структуралардын сааттай иштешин талап кылган стратегиялык саясат. Сиздер жетектеген мамлекеттик органдар, андагы иштеген кызматкерлер бул саясатты жакшы түшүнүп алышпаса, иштеринен майнап чыгара алабы? Жогоруда айтканыбыздай Президент Сооронбай Жээнбековдун бул саясатын “Кыргыз Туусу” гезити ар бир санында элге жеткирип келет. Гезитибизге жазылбасаңар силер аны кайдан билет элеңер? Билгиңер келбесе ачык айткыла, Президентке, Өкмөт башчыга жеткирип коёлу!

 

 

 

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ
“Кыргыз Туусу”