Депутаттар келет-кетет, Жогорку Кеңеш кала берет

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын ишмердиги соңуна чыгып баратат, өз ишин июнда аяктайт. Андан ары парламенттик шайлоого даярдык

Эмнегедир акыркы бир айда парламент депутаттары тапырап эле, биринин артынан бири мандаттарын тапшырып, улам кийинкилерине орун бошотууда. Кийинкилери деле эч нерсе болбогондой, депутаттык мөөнөт аяктап баратпагандай болуп, Жогорку Кеңешке келип, ант берип, депутаттык креслолорго отуруп жатышат. Бир карасаң баары мыйзам ченемдүү, кеткен депутаттын ордуна башкасы келиш керек, бир карасаң абдан таңгалычтуу, депутаттар VI чакырылыштын мөөнөтү бүтүп баратканда гана мандаттарын тапшырууда. Өткөн жылдын декабрында “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып эле тим болбой, “Ата Мекен” партиясынын катарынан чыгарын жарыялаганда, анын билдирүсү  саясий сенсация жаратпаса да, ошого жакындап барган. Дээрлик 15 жылга жакын саясий өмүрүн “Ата Мекенге” арнаган Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан кетиши партия үчүн  талашсыз. Тилекке каршы, Ө.Текебаев А.Шыкмаматовдун эмгегин эки ооз сөз менен сызып салып, жигиттик келишимге ылайык, А.Шыкмаматов мандатын тапшырып, анын ордуна нарындык тууганы келиши керек эле, баары сүйлөшүлгөн деп түшүндүрмө берип тим болгон. “Ата Мекен” фракциясындагы мандат алмашуу өңүтүнөн алганда, акыркы мандат алмашуулар эч кандай деле билдирүлөр менен коштолгон жок. Жети-сегиз депутаттын кетиши таңгалуу жаратпады. Айрымдарынын өңү-түсү да эсибизде жок экен. Алгачкылардан болуп, “ӨнүгүПрогресс”фракциясынан депутат Исхак Масалиев мандатын тапшырды. Ал аны мандатын тапшырууга эч ким мажбурлабаганын, өзү эле тапшырганын айтты. Анын ордуна Нургазы Айдаров депутат болуп келди. Н.Айдаровдун бир тууганы Салайдин Айдаров “Кыргызстан” фракциясынан депутат экени белгилү. Н.Айдаров
5-чакырылышта “Ата-Журт”, 4-чакырылышта “Ак-Жолдон” шайланган “көчмөн” депутаттардан. Баарынан кызыгы, акыркы бир айда “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаттары биринин артынан бири шашылыш депутаттык мандаттарын тапшырышууда. Алардын эң кийинкиси болуп, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков тапшырды эле, күйөрмандары анын жасаган иштери катары узун тизмени жарыялашты. Балким, А.Баатырбеков Ат-Башы үчүн ат башындай эмгек жасаса жасагандыр, Кыргызстандын Ат-Башысынан башка айылдар, анын ичинде “биздин айыл” үчүн кылайып, иш жасаган эмес. Демек, биз аны мактай албайбыз. Кыскасы, анын мандаты бизнесмен Бейшеналы Нурдиновго буйруса, андан мурдараак кеткен Руслан Чойбековдун мандаты мурдагы министр Замирбек Эсенамановго тийди. А.Баатырбековдун кетиши менен  “Кыргызстан” парламенттик фракциясын депутат Канат Исаев жетектеп калды. Жогоруда аты аталгандардан мурда, “Кыргызстан” фракциясынан Жаныбек Исаев жана Алмазбек Эргешев деген депутаттар мандаттарын тапшырып берип, алардын ордун айтылуу бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов жана АКСтин башчысынын мурдагы орун басары Жаныбек Жоробеков ээлеген.

«Кыргыз Туусу» Болотбек аштаналиев