Саясий саресеп

Акты ак, караны кара дейли

Жуманын шейшембисинде Биринчи май райондук сотунда Бишкектеги тарых музейин реконструкциялоо ижана Чолпон-Атадагы ипподром боюнча  сот иши  уланды.Эске салсак бул сот иши боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков менен президенттин мурдагы кеңешчиси Мира Карыбаева кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Экспремьер-министр соттук отурумга катышуудан баш тарткандыктан анын адвокаты Нурбек Токтакунов жарыш сөзгө чыгып, анын жакталуучусунун айыбы жок экенин билдирди. Буга улай эле адвокат анын жакталуучусун тескөөлөр аяктагыча соттук процесстерге катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышканын, ошол себептен ал күбөлөрдү угуп, аларга суроо берип өзүн коргой албай калгандыгын билдирди. Анын билдиришинче бул жакталуучунун укугун бузуу болуп эсептелет. Албетте, Башмыйзам боюнча ар бир жарандын өзүн өзү коргоого, адвокат жалдоого укугу бар. Бирок, 2015-жылы чырылдап чындык издеп, “Жаңы Агым” гезити аркылуу ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковду дебатка чакырып жүргөндө Мергенбаевдин мыйзамдык укугун эч ким талашпай, анын пикирин ал кездеги өкмөт башчы С.Исаков чиркейче да көргөн эмес. Тескерисинче, чындык издегени үчүн ага эки кылмыш иши козголгон. Качан ал прокуратурага, парламентке кайрылганда ИИМдин Тергөө башкармалыгы аны дагы кошумча алты эпизод боюнча айыптап чыккан. Эгер Эркинбек Мергенбаев миллиондорду жеген болсо эмнеге мамлекеттик айыптоочулар судьядан Сапар Исаковду ипподром боюнча 319-статья менен (коррупция) айыптуу деп таап, 145,9 млн. сом чыгымды төлөтүү менен 20 жылга эркинен ажыратууну сурап жатышат? Эгер ипподром боюнча Сапар Исаков
айыптуу болсо Мергенбаев эмнеге абакта жатат?

Баягы, баягы, басылбайт дале аягы

Парламенттик шайлоо жакындаганы саясатчылар да өзгөрүп, жаңы көйнөк, жаңы жүз менен шайлоого аттануу камын көрө башташты. Беш жылы мурун “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан парламентке келип, Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине жеткен Мирлан Бакиров жума башында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы болуп шайланды. Вице-спикердин айтымында, партиянын жаш мүчөлөрү бир нече жыл мурун эле ага партияны жетектеп берүү сунушу менен кайрылышкан. Бул партиянын теңтөрагаларынын бири учурда коомдогу кызуу талкууну жаратып жаткан, Аскар Акаевдин мезгилинде премьер-министрликти ар Кубанычбек Жумалиев болсо, жакында “Ата-Мекен” партиясынан Каныбек Иманалиев, “Республика-Ата-Журттан” Марлен Маматалиев, Бактыбек Раимкуловдор бул партияга оогон. Юстиция министрлиги бул партиянын төрагасы катары коомчулукка анча белгилүү эмес Ильичбек Эргешовду каттаган. Көп убакыттан бери ойлонуп жүрүп партияны жетектегенге макул болгондугуна караганда Мирлан Бакировдун да көздөгөнү бардай. Буга чейин бийликчил КСДП партиясында жүрүшкөн Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеевдер да негедир шайлоо жакындаганда бул партиядан чыгышты. Мээрбек Мискенбаев менен Мирбек Айтикеевдер партиядан эмне себептен чыгышканын ачык айтыша элек. Адил Турдукулов болсо партия ичинде карама-каршылыктар көп болгондуктан партиядан чыгууга аргасыз болгонун билдирген. Ал “жаңы партия түзүүдөн көрө тарыхы бар КСДП партиясын күчтөндүрүү керек эле” деген оюн ортого салган. Акыркы кездердеги бул партиянын акыбалын, партия лидери Алмазбек Атамбаевдин абакта жатканын эске алсак, партия мүчөлөрүнүн да катардан чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, учурда КСДПнын электораты абдан эле алсыз. 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын катарында парламенттик шайлоого ат салышкан Кылычбек Исамамбетов деген жигит 2017-жылы “Бирик” деген партия түзүп, учурда парламенттик шайлоого катышуу камылгасын көрүп жүрөт. “Турук” көмүр кенинин жигит, кезинде акчасын суудай чачып, нарындыктардан жакшы эле добуш топтогон. Тилекке каршы, “Ата Мекен” партиясына парламенттен аз орун тийип калгандыктан ал депутаттыкка илинбей калып, теңир-тоолуктардын тепкисинде калган. “Сүткө оозу күйгөн” бул ишкер мурдагыдай шашылбай учурда бардыгына саресеп салып турат.

Ун качан арзандайт?

Жакында Монополияны жөнгө са- луу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Таластагы “Алтын-Казык” соода борборунан кымбат сатылып жаткан унду тапканын жар салып чыгышты. Ведомствонун маалымат кызматынын билдиришинче, буга юридикалык баа берүү боюнча Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын Талас, Бакай-Ата жана Талас шаары боюнча башкармалыгына официалдуу кайрылуу жолдонгон. Аталган башкармалык унду сатууда эч кандай жорук болбогондуктан ишти кароону токтотуу токтомун токуп агенттиктин облустук бөлүмүнө жолдогон. Бул токтомдун негизинде административдик айып салынып, ал Мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Дегеле карантинге чейин, карантин убагында деле бул агенттиктин бары, жогу билинген жок. Эгер адам эң көп жей турган азык-түлүктүн баасын туруктуу кармаганга алы жетпесе, мындай агенттиктерди мамлекеттик бюджеттен каржылап, кармоонун кажети канча? Кызылкулактар азыркы кырдаалдан пайдаланып бааны улам жогорулатып жатышканын бул агенттик эмес өспүрүм бала деле көрүп, билип турат. Башкасын айтпаганда да дары-дармек сатуу тармагы саналуу адамдардын гана монополиясына айланды. Анын пайдасын монополисттер көрүп, карапайым эл эле жабыркап жатат.

Амансызбы, Шумкарбек мырза?

Кыргызстанда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо деген бакыйган мамлекеттик агенттик бар. Анын өздүк интернет порталында аталган агенттик атамекендик товарларды чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу алкагында кыргызстандык өндүрүшчүлөргө, экспортчуларга сервистик колдоо көрсөтөт деп жазылып турат. Порталда агенттиктин кызмат көрсөтүүлөр спектрине: соода-сатыктык маалымдоо, экспортту өнүктүрүү, экспортту илгерилетүү кирет деп бадырайып жазылып турат. Бирок, негедир бул агенттиктин кайсы бир инвестицияны илгерилетип, коргоп же атамекендик өндүрүшчүнү колдоп ийгенин көрбөдүк. “Кыргыз Туусу” гезити март айында бул агенттикке кызматташуу катын жолдоп, ал катта агенттиктин кандай иштерди аткарып жатканын гезит бетине жарыялап туруу сунушун билдирген элек. Бул сунушту биз ара жолдо калбасын деп агенттиктин жетекчиси Адылбек уулу Шумкарбек мырзанын өз колуна карматканбыз. Агенттиктин жетекчиси ишенип биздин сунушту карап чыгууну тапшырган адис, редакциянын кыргызча катына түшүнбөгөндүктөн катты орусчалап Адылбек мырзанын колуна кайра тапшырганбыз. Андан бери агенттиктен эч кандай жооп жок. Кылган, жасап жаткан ишин ЖМКларга көрсөтүп бере албаган ведомство анан кыргыз мамлекетине инвестиция тартып, кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн товарларын сыртка чыгара алабы? Анда агенттиктин порталындагы “бул агенттик инвестиция, экспорт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган болуп эсептелет” дегенди каякка алып барабыз? Порталда аталган агенттиктин негизги максаты да, миссиясы да инвестиция тартуу, ата мекендик экспортчулардын товарларын сыртка чыгаруу деп турат. Бул агенттик жакшы иштесе казаккыргыз чек арасында мезгил-мезгили менен үч жүздөй оор жүк ташуучу автоунаалар каз катар тизилип турбайт эле. Азык-түлүккө болгон баалар өсүп, кыргыз эли азыркыдай кыйналбайт эле. Кыскасы, бул агенттик азырынча эмне менен алек экени белгисиз. Бул факты го Таласта катталыптыр. А борборубуз Бишкекте учурда бир мүшөк ун 1800 сомго чейин сатылып жатат. Карантинден эми араң бошоп, жаңы гана иштей баштаган үй-бүлөлөр үчүн мындай баада ун сатып алуу кыйын. Бир үйдө алты-жети адам жашаган үй-бүлө бир мүшөк унду жыйырма күндө түгөтөт. Азыркы экономикалык акыбалды эске алып Монополияны жөнгө салуу агенттиги ундун баасын бир калыпта кармоону колго алышы керек

«Кыргыз Тууусу» Мелис Совет уулу